Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты:«АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫНАН ЧЫГУУНУ ЧЕЧТИМ»

«БУЮРСА, ЖАКЫНДА ӨЗ ЭЛИБИЗГЕ КЕЛЕБИЗ»

Урматтуу замандаштар жана достор!
Былтыркы жылдын 3-октябрында бир тууган инимдин бөйрөгүн алмаштыруу максатында чет өлкөгө кеткенимди жакшы билесиздер. Түз эле Белоруссиянын борбору Минск шаарына бардык. «Эмне үчүн түз эле Минскиге бардыңар?» деген күмөндүү суроолор пайда болду. Ал жакка биринчи жолу барган жокпуз. Эки жылдан бери бир нече жолу барып келгенбиз. Профессор Сабырбек Жумабеков ошол жакка жолдомо берген. Кыргызстандын Белоруссиядагы ошол убактагы элчиси Эрик Асаналиев өзү тосуп алып, көмөгүн көрсөттү.
Дүйнө жүзүнүн төрт бурчунан келип ички органдарын алмаштырууга кезекте турган адамдар абдан көп экен. Мисалы, Европа өлкөлөрү, Орусия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан жана башка. Медицинанын өнүгүшү боюнча Белоруссия дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Эң негизгиси, ар кандай кырсык менен ооруканага түшүп, жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок адамдын ички органдарын кезекте турган оорулууларга дал келсе сала беришет. Адам 18ге чыга элек болсо, ата-энесинен уруксат алышат, ал эми 18ден жогору болсо, эч кимден сурашпайт. Аларда мыйзам ушундай (Кудай мекендештерибизге оору бербей эле койсун, ошентсе да муктаж болгон жарандарыбызга маалымат иретинде айттым).
Ошентип, иним экөөбүз 10 күн Минск шаарында болуп, донор туура келбегендиктен, ага бир бөйрөгүмдү берейин дегем, бирок иним таптакыр каршы чыгып болбой койду. Айла кетип, бир эле Минскиде донор күтүп отурбастан, башка жактарды кыдырып издеп кеттик. Андан кийин Белоруссияга кайрылып барбадык (кирген-чыккан чек ара каттоосу турат).
Кудай буюрса, жакын арада өз элибизге келип кошулуп калабыз.
Ушул төрт ай аралыгында көйгөйүбүздү тең бөлүшүп, чын жүрөктөн колдоп, интернет аркылуу каалоо-тилек айтып, Кудайдан тилеп турган досторго, тууган-туушкандарга, эл-журтка терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Кыргыз элибиздин ар бир үй-бүлөсүн Кудайым ушундай оорулардан сактаса экен деп тилейбиз.

«КЫРГЫЗСТАНДЫН БАЙЛЫГЫ АРЗАН БААГА САТЫЛУУДА»

Урматтуу мекендештер!
Өлкөдөн сыртта жүргөнүмө төрт айдын жүзү болсо да, мамлекетибизде болуп жаткан ар бир көйгөйлүү маселеге кайдигер карабадым. Интернет аркылуу журналисттер менен маек куруп, өз оюмду айтып, элге туура маалыматты жеткирип турууга аракет жасадым.
Бүгүнкү күндө мамлекетибизде жалгыз эле «Кумтөр» көйгөйү болуп жаткан жок. Андан башка да көйгөйлөр абдан көп. Күн сайын айтылбагандыктанбы же ал көйгөйлөрдү эч ким көтөргүсү келбегендиктенби, айтор, кен байлыктарыбыз, мамлекеттик маанилүү мекемелерибиз арзан бааларга сатылып кетип жатат.

Урматтуу замандаштар!
Кыргыз эли кылымдарды карыткан тарыхы бар түптүү элбиз. Илгертен эле жалпы журтчулуктун көйгөйү чыкканда ак сакал, көк сакал дебей элдин баары бир дөбөгө чогулуп, көйгөйлөрүн адилеттүүлүк менен элдин пайдасына чечип келишкен. Ошондон улам бүгүнкү эгемендүүлүгүбүзгө, мамлекеттүүлүгүбүзгө жетишип отурабыз. Бирок 20 жылдан бери башкаларга жана өзүбүздүн эле ичкич-жегич башчыларыбызга алданып, ит-кушка жем болуп келе жаткандыгыбыз айдан ачык көрүнүп, келечегибиз бүдөмүк болуп калды десем жаңылышпасам керек.
«Кумтөрдү» текшерүүдө удаа эле башка кен байлыктарыбыздын дагы тагдырына көңүл бурдук. Мисалы, «Иштамберди» кенинде 5 миллиард доллар, «Жер-Үйдө» 5 миллиард доллар, «Талды-Булакта»
5 миллиард доллар, «Куттуу-Сайда»
22 миллиард доллар жана «Кумтөрдө» 50 миллиард доллардын тегерегине бааланган алтын запасы бар. Ушул байлыктарыбызды арзан баага берип, талатып-тонотуп жаткандыгыбыз да аныкталды. 50 миллиард доллардан кем эмес темир запастуу «Жетим-Тоо» кенибиз жетим болуп, ал да чет элдиктерге кеткени жатат. Башка тонолуп жаткан майда кен байлыктарыбыздын саны миңдеп саналат. Алардын баарын кошкондо Кыргызстанды инвесторсуз эле багып кете турган байлыгыбыз чет өлкөлөргө ташылып кетүүдө. Мына, 2 жылдан бери «Кумтөрдү» мамлекетке кайтарып албай, ар кандай оюн кылып убакыт созуп отуруп, 2 жылда 2 миллиард доллардан (40 тонна алтындан) кур жалак калдык. Баары ташылып чыгып кетти. Өз укуктарын коргоп, байлыгыбызды уурдатпайбыз деп чыгышкан саруулуктарды эл душмандарындай кылып көрсөтүштү. Энелерди сабап, балдарын камап отурушат.

«БИЙЛИК НАПСИСИН ТЫЙСА, ИНВЕСТОР ДА ТАРТИПКЕ ТҮШӨТ»
Бизде кен байлыктар жөнүндө мыйзамдар ууруларга (чиновниктерге) ылайыкталып жазылган. Кенди ташып кетишип, башка өлкөдөн кайра иштетип, ар түрдүү баалуу металлдарды чыпчыргасын коротпой өз-өзүнчө бөлүп алышат экен. Ушунун баарына бөгөт коюп, мамлекетке пайдалуу мыйзам жазып өткөзөйүн десең, Ак үйдүн дежур депутаттары көптүк кылып өткөзүшпөйт. Муну акыркы убактарда өз көзүбүз менен көрүп келе жатабыз. Калыстык үчүн айтып коюшум керек. Бул көрүнүш бүгүнкү бийлик учурунда эле боло калган жок, 20 жылдан бери уланып келе жатат. Себеби бийлик ээлери көпчүлүк депутаттарды сатып алчусун сатып алып, коркутчусун коркутуп баш ийдирип алышат.
2010-жылдан кийин 90 бала курман болуп, кыйын күндө келгендер андай кылбаса керек деген үмүтүбүз чоң эле. Тилекке каршы, ал үмүтүбүздү дагы таш капты! Жөн эле коркутуп тим болбостон, четинен камап жатышат. Азыр арты таза эмес көпчүлүк депутаттар «мамлекетти саталы, бас кнопкаңды» десе басып бере турган абалга келип калышты. Муну кечээги эле «Кумтөр» маселесин кароодо дагы бир жолу далилдешти.
Мисалга 100 тонна алтыны бар «Жер-Үй» алтын кенин алалы. 2 тонна алтындын баасына (100 миллион долларга) беребиз дешет. «Башка кандай пайда алабыз?»десең, «салык, Соцфонд жана башка төлөмдөрдү да беришет» деп жооп узатышат. Алтын запасы түгөнгүчө болгону дагы 2 тоннанын акчасын салык түрүндө алат экенбиз. Дагы 20 тоннасы алтын казып алууга жумшалсын. Калган 76 тонна алтынды эмне үчүн жөн эле бирөөгө карматып коюшубуз керек? Бул сандарды бүгүнкү күндө «Кумтөрдө» болуп жаткан фактыларга салыштырмалуу айттым. Мындан эмне пайда табабыз, тескерисинче, жаратылышыбызды талкалап, алардан калган акыр-чикир таштандыларды моюнубузга жүк кылып, байлыгыбыздан ажыраганыбыз аз келгенсип, элди өмүр бою уулап жатпайбызбы. Келечек муунга эмне деп айтабыз? Мына, бүгүн Нарын суусу менен цианид агып жатат. Убагында салыгына кызыгып берип койдук эле, эми «уу ичип жата бергиле» дейбизби? Өзүбүз эбегейсиз зор байлыктын үстүндө жатып, башка өлкөлөрдөн кайыр сурап жүргөнүбүз кандай?

Урматтуу замандаштар!
Инвесторлорду кубалап жиберели деген ниетим жок. Биргелешип иштешели. Бирок мамлекет, эл, келечек муун үчүн пайдалуу болсо иштешели да. Мына ушул эле «Кумтөр» боюнча өкмөт так секирип «болбойт эле, болбойт, «Центерра» бербейт» деп чыгып, «Кумтөр» кыргыз элинин эмес, «Центерранын» менчигинен бешбетер кыйкырып жатты эле. Берет экен го. Себеби башынан эле алдамчылык жана коррупциялык жол менен келишкенин өздөрү беш колундай билишет. Эртеби, кечпи, жоопко тартыларын дагы билишет. Элди митингдерге чыгарбай, бийликтегилер напсилерин тыйса эле баары жакшы болгону турат. Инвесторлор да тартипке түшүшөт. Мыйзамдарыбызды, элди, жаратылышыбызды сыйлай башташат. Азыр чет элдиктер бийлиги барлардын колдоосуна таянып алып «өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» деп чалчаңдап жатышпайбы.

«БАЙЛЫГЫБЫЗДЫ САТТЫРБАЙ САКТАП КАЛАЛЫ»
Кен байлыктардан башка мамлекеттик маанилүү ишканаларды дагы иштете албайбыз деп сатып жатышат. Акаевди, Бакиевди эл «ошолордун баарын сатып жатасың» деп кубалашты эле го. 3 жылдан бери «Мегакомду» сатпагыла» деп күрөшүп келдим. Былтыр июнь айында аны да сатышты. Бул ишкана «Кумтөрдөн» кем эмес салык төгүп турган ишкана болчу. Жылына 5 миллиард сом салык төлөп, миллиарддаган сом таза кирешеси дагы мамлекетте калмак. Азыр анын баары башка мамлекетке кетип жатат. Албетте, бир бөлүгү Ак үйдөгү бир чиновниктин чөнтөгүнө түшүп турат. «Мегакомго» окшогон канчалаган мамлекетти бага турган мекемелер сатылып кетти жана сатылууда. Баары бүтүп, эми жер сатканга өтүштү. Жакында эле өкмөттүн токтому менен чет элдиктерге үй, жер сатып алууга уруксат берип коюшту. Бул «кыргыз эли, тентип кете бер, тентип кеткендер кайра кайрылбай эле койгула» деген сөз. Азыр башка мамлекеттерде иштеп, эптеп акча жыйнап мекениме келип жер алып, үй салайын деген жаштарыбыз миллиондоп саналат. Алар чет элдик байлар менен атаандашып жер сатып алууга чамалары жетпейт жана өмүр бою башка өлкөлөрдө кала беришет. Азыр жана мындан ары да жер сатчу мезгил эмес. Тескерисинче, сатып алуучу убак келди. Дүйнө жүзүндө адам көбөйүп жер-суу тартыш болуп бара жатканын көрүп турбайбызбы.

Урматтуу замандаштар!
Эгерде баарыбыз ушинтип кайдигер карап отура берчү болсок келечек жок. 20 жылда сырткы карызыбыз 2,5 миллиард доллар болгон, акыркы 3 жылда карызыбыз 3,5 миллиард долларга жетти. Бул сумманы ар бир жан санына бөлсөк, 700 доллардан туш келет. Үч балалуу үй-бүлө болсо ар бир үй-бүлө 3500 доллардан карыз болуп турабыз. Карызыбыз башчыларыбыздын коррупциялык саясатынан улам жылдан жылга тездик менен өсүүдө. Жөөттөрдүн программасы менен элибиздин баарын насыяга отургузуп өмүр бою карыз кылып көз каранды кыла турган болушту. Канчалаган үй-бүлөлөр насыясын төлөй албай үй-жайынан ажырашты. Мугалимдер, дарыгерлер, армия, күч структураларда жана башка мамлекеттик мекемелерде иштеген жарандарыбыздын жашоо шарты эң төмөнкү деңгээлге жетти (жетекчилеринен башкасы). Алган айлыгы үй-бүлө тургай, өзүнүн керт башын бакканга да жетпейт, инфляция болсо күндөн-күнгө өсүүдө.

Ошондуктан келгиле, туугандар, кары-жаш дебей баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бүткүл республикалык жалпы элдик курултайга чогулалык. Бул сунуш интернет сайттары аркылуу көпчүлүк мекендештердин сунушу менен киргизилип жатат. Республикалык курултайдын максаты – бийликти кетирип, парламентти таркатуу эмес, конституциялык укугубуздан пайдаланып, сатылып кетип жаткан байлыктарыбызды, жерлерибизди сатылбасын деген чечим кабыл алып, бийликке сунуш киргизип, саттырбай сактап калалы. Өз ырыскыбызды өзүбүз коргой албай, жөөттөр менен өз элин, мамлекетин сыйлабаган бийликтегилерге тонотуп отура берсек, анда бизди ата-бабаларыбыздын арбактары жана келечек муун дагы кечирбейт. Албетте, бийлик адатынча бул жалпы элдик курултайды дагы Бакиевдерге чаптоого аракет жасашат. Мына 4 жылдын жүзү болду. Бакиевди өздөрү өлкөдөн чыгарып жиберишип, (былтыр Отунбаева «мен чыгаргам» деп өзү айткан) кайра Белоруссияга «кайтарып бергиле» деп кайрылышты. Эмне деген уятсыздык?! Элди аттырбай тынч качып кеткен Акаев 10 жылдан бери келе албай отурат. 90 баланын канын төгүп кеткен Бакиев кантип келет? Ошол каза болгон балдардын туугандары жашатабы? Албетте, жок! Бийликтик жана бай адамдардын телеканалдарынан оппозицияга карата берген кара пиарларын терең талдап көрүп, анан ишенесиздерби же жокпу, өзүңүздөр билиңиздер.

«МАРТ АЙЫНДА КУРУЛТАЙ ӨТӨТ»
Кечээ жакында Жаныш Бакиев Үрүмчүдө отуруп алып «Талант Мамытов менен Садыр Жапаровго акча берип жатат» деп карандай калп айтып Кытай мамлекетин да ыңгайсыз абалга калтырды. Себеби эки өлкөнүн ортосунда кылмышкерди кармап өткөрүп берүү боюнча расмий келишим бар. Эл аралык этиканы сактаганды да унутуп баратабыз. Бийликтин бул кылганы эл аралык издөөдө жүргөн адамды киргизгендиги үчүн Кытай мамлекетине түздөн-түз күнөө коюу болуп саналат. Вице-премьер Токтокүчүк Мамытов кайра чыгып, «жок, бул туура эмес маалымат экен, биз Кытай тараптан тактадык» деди. Бийликтегилер жана бийликтик ММКлар үчүн уят эле иш болду. Элибиз болсо «теледен айтпадыбы» деп ишенип отурат. Бийлик элди ишендирип, «Бакиевдер келе жатат» деп коркутуп коюп, элдин ырыскысын арзан баага сатып, саткандан калганын уурдоо менен алек болууда. Адаттагыдай «мурда кайда жүрдүң эле?» деген суроолор болушу мүмкүн. Акыркы 23 жылда «Кумтөр» эмес, чоңураак ишканаларды текшерүүгө салыкчылар да кире алчу эмес. «Кумтөрдү» терең иликтөөгө жол беришкен эмес. Демек, колуңда фактылар болбогондон кийин бир нерсе айтыш кыйын. Качан, кимдин убагында болбосун мамлекеттик көйгөйлүү маселелерди ким көтөрүп чыкса, «мурда эмне айтып чыккан жоксуң?» дештин ордуна, колдошубуз керек деп ойлойм.
Ошондуктан, келиңиздер, бири-бирибизге каяша, сын айтпастан, түндүк-түштүк деп бөлүнбөстөн, чек араларыбызды талкалатпастан, 17-мартта өлкө боюнча курултай өткөрүп, кеч болуп кала электе мамлекеттик жалпы көйгөйлөрүбүздү чечип, бийликти өз чөнтөктөрүнө эмес, эл үчүн иштөөгө мажбур кылалы. Эмне үчүн ата-бабаларыбыздан калган мурасыбызды талатып-тонотуп коюп карап отура беришибиз керек? Эки жылдан бери эл чыдап, «мыйзам чегинде чечилсин» деп күтүп келишти. Тилекке каршы, бийликтегилер сатылышып, «Кумтөр» маселеси чечилген жок. Кайрадан эле аферисттердин колунда калды. Кыргыз эли өз байлыгына өзү ээ боло алган жок. Ошондуктан мекенчил замандаштарыбыз келип үн кошуңуздар!
Курултай Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында өтөт. Эртең кеч болуп калбасын.
Курултайда үч маселе каралыш керек:
1. «Кумтөр» жана өлкөдөгү бардык кен байлыктар толугу менен мамлекеттин менчигине өтүүсү.
2. Люстрация мыйзамы кабыл алынуусу.
3. Азыркы систем өзүбүздүн менталитетке жараша түп тамырынан бери өзгөрүүсү (мындан 2 ай мурда сунуштар берилген).

Урматтуу мекендештер!
Сөздөн ишке өтөлү. Акаевчи, бакиевчи, атамбаевчи деп бөлүнбөстөн, жеке кызыкчылык үчүн бири-бирибизди куугунтуктабастан, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып мамлекетти бекемдөө үчүн ак барактан иш баштайлы. Ансыз деле кыргыз эли топ-топ болуп бөлүнгөнү аз келгенсип, парламенттик башкаруу деген атка жамынып алышып эми партиялар бөлүнө башташты. Ошол себептен Курултай институтун киргизип, президенттик, парламенттик башкарууну орнотолу. Курултайга өлкөнүн бардык булуң-бурчунан 2000ден кем эмес делегаттар шайланып келишип, бийлик бутактарын көзөмөлдөп жана тизгиндеп, жылына бир жолу отчёт алып турушу керек. Эгерде курултай кайсы бир бийликтин бутагынын ишин канааттандырарлык эмес деп тапса, анда ал бийлик бутагы сөзсүз кызматтан кетиши зарыл деп эсептейм. Ошондо гана биз толук кандуу эл көзөмөлдөгөн бийликти орното алабыз.

«МАМЛЕКЕТИБИЗДЕ БИР ГАНА ПАРТИЯ БОЛУШУ КАЖЕТ»
Буга чейин элибиз уруу-уруу, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп келишсе, азыр партия-партия болуп бөлүнүп калышты. Ушуга байланыштуу мен «Ата Журт» партиясынан чыгуу чечимин кабыл алдым. Мамлекетибизде бир эле партия болушу керек, ал Кыргызстан. Албетте, айрым партиялаштарым мени түшүнбөй калышы мүмкүн. Мен 2006-жылы түзүлгөн «Ата Журт» партиясынын түптөөчүлөрүнүн биримин, «Ата Журт» деген аттын автору болгом. Ошондуктан «Ата Журт» деген ат дайыма менин жүрөгүмдө сакталат. Ошентсе дагы мындан ары бүгүнкүдөй болуп ар кимибиз өз партиябызды кучактап алып партиябыздын кызыкчылыгына гана иштеп жүрө берсек, мамлекетибиздин эртеңки тагдыры бүдөмүк болуп турат.
Коомдук уюмдар сунуштап жаткан Баш мыйзамдын долбоорун дыкат карап чыгып, кошумча болсо киргизип, парламенттеби же референдумдабы кабыл алып, кандайдыр бир топтун эмес, мамлекеттин пайдасына иштей турган системди түзүп, жаш кадрларды өстүрүшүбүз керек. Ар бир системде бүгүнкүдөй баш аламандык болбостон, адистиги дал келген кадрлар иштөөсү зарыл деп эсептейм. Партиядан чыгуумдун бир гана себеби ушул. Келиңиздер, топ-топ болуп бөлүнүп жатканыбыз аз келгенсип, дагы 300 партияга бөлүнбөй, баарыбыз бир үй-бүлөдөй болуп иш алып баралы!

Урматтуу замандаштар!
Жогоруда айтылган көйгөйлөр боюнча өткөрүлүүчү жалпы курултай жөнүндө сиздердин сунуш-пикириңиздерди күтөбүз. Сунушуңуздарды «Фейсбук», «Одноклассник» социалдык тармактары же
sadyr.nurgojo@mail.ru электрондук дарегине жана ММКлар аркылуу жиберсеңиздер болот. Айрыкча келечектин ээлери болгон жаштар жана чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибиз, кайдигер болуп четте калбай, колдоо көрсөтүшүңүздөрдү өтүнөбүз.

Терең урматтоо менен С.Жапаров.
Жалпы республикалык курултайдын өткөрүү мөөнөтү көпчүлүк саясий күчтөр менен макулдашылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Taalaibek.
2014-02-25 21:30:58
Ата журту Бакиевчилер деп билем?
-3
Dodon
2014-02-27 21:59:57
Taalaibek., сен кимсин атамбайчысынбы атамбай эмне кылып жатат жакшы иштерин айтып берчи.бакиевдин учурунда жок дегенде заводдор жанданып жумуш орду кобойгон эле .андан кийин атамбай келди эмнени кыйратты кайра кыргызстанды артка тартып жатат
0
Manap_kg
2014-02-26 00:36:20
бийлике бараткандар проблеманарды чечем деп алтын шилекейин чачыратат тескерисинче проблема жаратат элдин койгойун чечип койушса элге бийликтин кереги жок болуп калат да
-3
guli-nuku
2014-02-26 01:01:46
Туура айтат бул кишинин идеяларын дайым колдойм.аааа тиги Атамбаевди ой коргондо кадимкидей нерв болуп кетем,ал алкаш даже костюмун эптеп кийе албайт шолбуроп ииииийййй.Мен москвада иштейм да жумушта орустар совсем ваш глава деп тим эле прикол кылып алышкан....просто уялам.
+3
arzuu1
2014-02-26 01:29:23
Жапаров кучтуу адам идеясы жакты туура айтат партияларды таркатыш керек!
+2
hakker
2014-02-26 12:12:32
Сизди кыргыз эли азырынча тушунбосо да келечекте тушунот.Тарыхты патриот катары,акчанын айынан эл-журтун сатып кетпеген атуул катары тарыхта калаарыныз шексиз.Бул создорду айтууга албетте жан дуйнонуздогу эл-жерим деген сезим туртку болду окшойт.Кобобуз тушунбой атабыз*кооз создор* деп олкобуз тунгуюкка тушуп кетип атканын коруп туруп чыдабай айтып атат да.Кумторду козгобой эле бийлик менен суйлошуп алып,коррупцияга белчесинен батып,байый берсе болот эле да.Ыйманына камчы чаппаган мыкты адамсыз.
+1
hakker
2014-02-26 12:12:33
Сизди кыргыз эли азырынча тушунбосо да келечекте тушунот.Тарыхты патриот катары,акчанын айынан эл-журтун сатып кетпеген атуул катары тарыхта калаарыныз шексиз.Бул создорду айтууга албетте жан дуйнонуздогу эл-жерим деген сезим туртку болду окшойт.Кобобуз тушунбой атабыз*кооз создор* деп олкобуз тунгуюкка тушуп кетип атканын коруп туруп чыдабай айтып атат да.Кумторду козгобой эле бийлик менен суйлошуп алып,коррупцияга белчесинен батып,байый берсе болот эле да.Ыйманына камчы чаппаган мыкты адамсыз.
0
batya.kg
2014-02-26 14:06:18
Калпы чыгып атсада озунукун бербеген бул саятчыга ишенип болбойт чыныгы жеп-жутаар. Ата журттан кетсе анда жакында бийликтен коруп калат окшойбузда,кечекинин айткандарынын бири жок,балбайып гана отуруп калаар бийликте.
-1
talant_kg24
2014-02-27 03:19:06
Чынында бийлик сатып жатат коп жерлерде алтын казылып жатат, дуйнодогу ен чон казылган жер кумтор деп мактанып келебиз, кайсыл акмак оз жерин ошончолук коломдо каздырсын?! Ал еле емес биздин чаткал ороонундо кичи заводдор иштеп жатат ел канча аракет кылды бирок майнап чыкпай жатат,еми айылды койуп шаарыбызга коз чаптырсак ото начар абалда деерлик жаныртуу ,туптоо жок десек болот башка олколорго салыштырмалуу.. айта берсек толгон токой ... Ушул мартта бир азда болсо чечкенге аракет кылалы ......
0
joni_91
2014-02-27 18:05:30
Эн туура айтат. Кырыгызстан деген гана партия болуш керек.
0
Dodon
2014-02-27 21:57:15
кызгызстанда болгонумда созсуз курултайга барат элем
0
ular74
2014-02-28 21:42:26
кыргыз эли с,жапаровдун айтканын созсуз турдо колдош керек,эртен кеч болуп калат
0
ular74
2014-02-28 21:45:50
атамбаев 6 айдын ичинде кыргызстанды ондойм деп соз берди эле,6 ай эмес 4 жыл отуп жатат эч нерсе жасаган жок,кайра кыргызстанды сызга отургузуп атат
0
jass
2014-03-01 07:30:20
эн туура айтат....курултайга баралы достоор
0
nurel50
2014-03-01 19:21:41
Bir tuuganynyz sakaiyp ketsin, Allah shypaa bersin
0
som
2014-03-02 23:49:51
саясаттан кет жапаров мырза
0
№ 590, 21-февраль-27-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан