ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (24-февралдан 2-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында айттырбай келген конокторду күтөсүз. Буга чейин сүйүктүүңүз менен чырдашууну токтотпой келсеңиз, апта ортосу мунун аягына чекит коюп, табышууга белсенесиз. Жума күнү жакыныңыз менен ак чаңыздан бөлүшөсүз. Жекшембиде эмоциянын таасири менен ката кетирип, кейүүңүз ыктымал.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жүрүм-турумуңузга карата айтылган сындарды кулак сыртынан кетиргениңиз оң. Анткени чөйрөңүздө сизди көрө албагандар көп. Шейшембиде залакасын тартып калбайын десеңиз, жетекчилик менен тартышпаңыз. Бейшембиде пайда табуу максатында акчаны чоң ишке салуу коркунучтуу. Эс алуу күнү жакын адамыңыз менен бирге болуу сунушталат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жеке жашоого байланыштуу сырларды эч кимге ишенип айтпаганыңыз оң. Уккан адам кайра эле өзүңүздү кеп-сөзгө калтырат. Шейшембиде чөйрөдөгүлөр иштин көбүн мойнуңузга арткылары келет, жол бербеңиз. Шаршембиде чатакка кабылбоо үчүн кыжы-кужу сөздөн алыс болуңуз. Жума күнү буюм сатып аласыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сиз бирөө менен жолугушуп, мамилени чечишүүдөн качып жүргөн болсоңуз, ал адам кокустан өзү жолугуп, кайрылып келүүңүздү суранат. Шаршембиде кырдаал сиз күткөндөн өзгөрүп, бир топ шаштыңызды алат. Жакын арада түшө турчу кирешеңиздин өлчөмү жума күнү кабыл алган чечимиңизден көз каранды. Андыктан кылдат болуңуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Салыктарды төлөө, кирешени бөлүштүрүү сыяктуу иштер аптанын башында күтөт. Шейшембиде коңшулар менен бир аз чырдашып калууңуз мүмкүн. Ушактардын алдын алып, бирөөгө ачык сын айткандан карманыңыз. Бейшембиде өзүңүздү жакшы сезбөөңүз мүмкүн, дары чөптөрдөн ванна кабыл алуу оң. Апта соңу күтүлбөгөн кабардан улам жолго чыгууңуз күтүлүүдө.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Чала тааныштар менен жолугуп, баарлашуудан качканыңыз оң. Алар сизди күмөндүү ишке аралаштырууга кызыкдар болушу мүмкүн. Дүйшөмбүдө бирөөлөргө убактылуу колдонууга буюм берсеңиз, кайра ала албай каласыз. Эс алуу күндөрү жалгыз калбоо үчүн сүйүктүүңүздүн сөздөрүнө тырчый бербеңиз. Жума күнү белектин ээси болуп калууңуз ыктымал.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кандай ишти колго алсаңыз да, ал жемиштүү болот. Андыктан тобокелге салып иш бүтүрүүдөн коркпоңуз. Жүрөгү боштор жаккан адамына жакындоого болгон күчүн жумшашат. Шейшембиде жаракатка кабылбайын дегендер жолдо абайлап жүрүүлөрү кажет. Жекшембиде балдарга байланыштуу иштер түйшүк алып келет.

 

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бирди экиге улаштырып, каржылык жактан кыйналып келген болсоңуз, эми кубана бериңиз. Апта каржылык жаатта ийгиликти убада кылат. Дүйшөмбү - майда иштерди бүткөрүүгө ылайыктуу. Шейшембиде бирөөлөр жеке кызыкчылыгы үчүн алдагысы келет, сак болуңуз. Апта акырында эски мамилелер жанданып, сүйүү романына айланышы мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада үй-жайды оңдоо, жашоо абалды жакшыртуу жаатындагы маселелер алдыга чыгат. Дүйшөмбүдө бирөөлөргө жардам берем деп жатып, кайра жаман көрүнүп калуудан качыңыз. Бейшембиде керексиз чыгым болуп калышыңыз мүмкүн. Ишембиде энергияңызды жакындарыңыз менен мамилени бекемдөөгө жумшаңыз.

 

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Күтүлбөгөн окуя жашооңузду жакшы жакка өзгөртөт. Апта ичинде баалуу буюмга ээ болуп калууңуз мүмкүн. Бейшембиде жетекчилик көп иштерди жүктөйт. Аны аткаруудан баш тартсаңыз, иштен кол жууп каларыңызды эске алыңыз. Жекшембиде досуңуздун үй-чарба иштерине жардамдашасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Айрым мекемелерде жакын арада кыскартуулар болушу мүмкүн. Ага илинип калбоо үчүн кызматкерлер абайлоосу зарыл. Аптада ошондой эле кокустан эле иш-чара уюштуруп жиберүүнүн кереги жок. Чыгым мойнуңузга илинип калат. Шейшембиде бир ишти бүткөрүүдө досуңуздун көмөгү керектелет. Апта аягында башы бошторго көңүл буруп, сөз айттыргандар чыгат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Тааныштардын сунушуна кабак түйгөндөн мурда анализдеп көрүңүз. Мүмкүн чындап пайда алып келет. Дүйшөмбүдө дары-дармек ичүүдөн абайлаңыз, ашыкча өлчөмдөн жабыркап калууңуз ыктымал. Өнөкөт оорулар бейшембиде күчөп, маанайыңызды түшүрөт. Апта акырында сүйүү жаатында жаңы таанышуулар күтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 590, 21-февраль-27-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан