«Сапёрлор жай басат, бирок аларды ашып өтүүнүн кереги жок». Таамай айтылган бул сөздү ар бир адам бөркүндөй көрүп, тиешелүү жерде аткарууга милдеттүү. Шартты бузган адам минанын курмандыгы болушу мүмкүн. Жарылуучу заттарды зыянсыздандырып, өз өмүрүн башкалар үчүн тобокелге салган сапёрлор тууралуу төмөндөгү баянды тартуулайбыз.
Толук аты-жөнү – Калчаев Байыш Бильгельдиевич
Туулган жылы, айы – 1983-жыл, 28-февраль
Туулган жери – Чүй облусу
Билими – Жогорку билимдүү. Түркия, АКШда билим алган
«КЕСИБИМ МАГА АДРЕНАЛИН ТАРТУУЛАЙТ»
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабындагы инженердик башкармалыктын улук офицери БАЙЫШ КАЛЧАЕВ менен сапёр кесиби тууралуу маек курдук.
–«Сапёр эки жолу жаңылат. Биринчиси кесип тандоодо» деп коюшат экен. Кесип тандоодо жаңылдым деп ойлобойсузбу?
– Кесибим абдан кызыктуу. Бул сөзгө мен кошулбайм. Ата Мекенге кызмат кылам деп тандаган кесиби үчүн ар бир аскер кызматкери сыймыктана алат жана өкүнбөйт. Кесибим адреналин тартуулайт дегенимдин жөнү бар. Жарылуучу затты зыянсыздандырып жатканда 2-3 секунддун ичинде эле өмүр менен кош айтышып калышың мүмкүн. Ошондуктан зыянсыздандыруу учурунда каныңда чочулоо сезими менен бирге адреналин ойноп турат. Мындайда сабырдуулук жана токтоолук жардамга келет. Эгер сен өз кесибиңдин чыныгы адиси болсоң, мындай коркунучтун өмүрүңдө бир нечесин артка таштайсың.
– Азыр Кудайга шүгүр, тынч мезгил, согуш жок. Мындай убакта эмне менен алектенесиздер?
– Сапёр бир гана жарылуучу затты зыянсыздандырып коюу менен чектелбейт. Алар коомдук жайларды, майрамдык кечелерди жана адамдар массалык түрдө чогулган жерлерди да текшерүүдөн өткөрүшөт. Жылдын 10 айында күжүрмөн даярдык программасынын негизинде окуу, машыгууларды өткөрүп, квалификациябызды жогорулатып турабыз. Коомдун өзгөрүшүнө жараша биздин кесип да жаңыланып турат. Сапёр жогорку билимдүү болушу шарт. Айрыкча математика, физика өңдүү так илимдерди билбесе, жарылуучу заттарга жолобой эле койгону дурус. Коомдо ар түрдүү адамдар бар. Алар бизди зериктирбейт. Дегеним, айрым тентектер «жардыргыч коюлган» деген жалган маалыматтар менен укук коргоо органдарын дүрбөтүшөт. Мындан сырткары ӨКМнын кызматкерлери менен бирге дарыяларда тоңуп, суу каптоо коркунучун пайда кылган муздарды жардыруу менен сууну өз нугуна келтирүү иш-чараларын жүргүзөбүз.
– Өлкөбүздүн тынчтыгын жана элдин коопсуздугун сактоодо сапёрлордун саны жетиштүүбү?
– Учурда эл аралык абал тынч же ойдогудай деп айтууга негиз жок. Көп өлкөлөрдө террорчулук, экстремисттик топтор даярдаган иш-аракеттер, жанкечтилик, улуттар аралык козутуулар күч алып, адам өмүрүнө коркунучтар туулуп жатканына күбө болуудабыз. Бизде өлкөнүн коопсуздугун кооптуу жагдайлардан сактоо үчүн инженер-сапёрлордун саны жетиштүү. Тынчтык учурда да, согуш талаасында да иш алып кетүүгө даяр турабыз. Ошондой эле УКМК, ИИМ, ӨКМ менен тыгыз байланышта иштейбиз. Бардык эле кесиптин негизги кырдаалы бул кадр маселеси. Бизде да жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жана тартуу кыйынга турат. Айлыктын аздыгынан же башка кемчиликтен эмес, ошол эле өздөрүнүн билим сапатынан, жөндөмсүздүгүнөн аксап, ишке алынбай калгандар болот.
«ӨМҮРДҮН БАРКЫН БИЛҮҮГӨ ҮЙРӨТӨТ»
– Мина же бомбаны зыянсыздандыруу учурунда сапёр кандай сезимдерге кабылат?
– Жарылуучу затты зыянсыздандыруу учурундагы сезимдер сөз менен айтып жеткире алгыс. Ал сезимдердин жагымдуу же жагымсыз экенин да аныктай албайсың. Бир эле зымды кесүү менен сен өзүңө жана өмүрү сага байланып калган жаныңдагы бир нече адамга эки гана нерсе тартуулай аласың: же өлүм, же өмүр. Эгер ийгиликтүү болсо, анда бир гана нерсеге ынанасың. Өмүр бир берилген жана ал бардыгынан баалуу. Биздин кесипти аркалаган адам анын баалуу экенин өзгөчө сезет.
– Айрым өлкөлөрдө келемиштерди мина издеп таптырганга үйрөтүп жатыптыр. Бизде да жаныбарларды пайдаланган учурлар болобу?
– Бизде андай ыкмаларды колдонуу жокко эсе. Үйрөтүлгөн жаныбарлар жок, бирок иттерди иш процессинде колдонобуз.
– Маегиңизге рахмат.
КЕСИП ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg