“ЭрК” ПАРТИЯСЫНДА ЖАҢЫ ЛИДЕР

Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандын Малайзиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалганына байланыштуу “ЭрК” партиясына жаңы лидер шайланды.

Партиянын саясый кеңе­ши­нин 2-октябрда өткөн кезектеги жыйынында “ЭрК” партиясына жаңы лидер шайланды. Кыргызстанда алгачкылардан болуп түзүлгөн бул партияны эми Шайырбек Жусуев­ жетектейт. Ал 1998-жылы партияга мүчө болуп кирип, 2002-жылдан тарта Бишкек бөлүмүнө жетекчиликке дайындалып, иштеп келген. Учурда 37 жашта, үй-бүлөлүү. Партиянын мындай маалыматынан соң биз Шайырбек Жусуевди кепке тарттык.

– Шайырбек мырза, партиянын саясый кеңешинин мүчөлөрү бир ооздон сизге ишеним көрсөтүшүптүр. Жаңы жетекчи, жаңы муундун өкүлү катары биринчи кадамыңыз кандай болот?
– Мен партияга өз күчүмдү жумшап иштөө үчүн келдим. Алгачкы кадамдардан айтсам, партиялык курулушту күчөтөбүз, жаңы технологияларды колдонууга өтөбүз. Партиянын алган багытына өзгөртүү киргизбесек да, көп жаңылануулар болот. Анткени бийлик, элдин аң сезими да өзгөрдү. Мындан беш-он жыл мурдагыдай “баланчаны колдойбуз, жактайбыз!” деп кыйкырып чыга турган жылаңач баатырлар жок. Эл ар кандай ызы-чуу митингдерден тажады. Азыр карапайым калкка тынчтык, бейпилдик керек. Элдин мүнөзүнө жараша иш алпарышыбыз кажет. Ошондой эле мурун партияны Турсунбай Бакир уулу жалгыз өзүнүн аброюна, кадыр-баркына сала күчтөп, алга сүрөп келсе, эми жалгыз эле лидер менен чектелбей, катарыбызды колунан иш келген, прогрессивдүү жаштар менен толуктайлы деп турабыз. Кырк жашка чейинки жаштарды кабыл алмакчыбыз.
– Эми партиянын позициясы кандай болот?
– Саясый көз карашы өзгөрөт болушу керек. Биз мурунку Курултайда конструктивдүү оппозицияга өтүүнү чечкенбиз. Эгер бийлик элдин пайдасына иштей баштаса, аны жакалай берүүнүн кереги эмне? Бийлик менен иштеше билишибиз керек. Бирок бийликтин кетирген кемчиликтерин айбыкпай айтуу, өлкөдө болуп жаткан көйгөйлөргө объективдүү көз карашыбызды билдирүү – биздин эл алдындагы парзыбыз. Негизи, коомчулукту өтө эле саясатташып кетүүдөн калкалап, калктын көңүлүн маданиятка, спортко жана өндүрүшкө буруучу мезгил келди. Бирок “ЭрКти” түзүп түптөгөн, ушунча жыл бою алга сүрөп келе жаткан лидерлерибиздин буга чейинки эмгегин жокко чыгарбайбыз. Ошолор түзгөн багыттан буйтабайбыз.
– Партиянын катарына өтүүнү каалагандар кайсы дарекке кайрылышса болот?
– Бишкекте Абдрахманов көчөсү, 315 (мурдагы Совет көчөсү). Телефонубуз (0 312) 933-888.

Ушул жерге дагы бир жакшы маалыматты кошо кетким келип турат. Учурда “ЭрК” партиясынын расмий сайты жасалууда. Андан партияга байланыштуу бардык маалыматтарды табууга болот. Ошондой эле анын ичине ветерандар аллеясын коштук. Тарыхыбызда аты калган инсан Сатыбалды Жээнбеков, атактуу “комиссар” Өмүрбек Суваналиев, учурда белгилүү болгон Өмүрбек Текебаев, Топчубек Тургуналиев өңдүүлөр биздин партиянын катарында саясатчы катары калыптанышканын көпчүлүк биле беришпесе керек.


Газ үчүн Өзбекстанга 1 миллион 400 миң доллар төлөндү

“Кыргызгаз” 6-октябрда “Узтрансгазга” 1 миллион 400 миң доллар которду. “Ошону менен Өзбекстанга газ үчүн 19 миллион долларга жакын карызды жабуу башталды”,- деп билдирет аталган ишкананын басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, Өз­бекстан 1-октябрга чейин карызды төлөө талабын коюп, эгерде ал ишке ашпаса, газ өчүрүлөрүн билдирген. 24-сентябрдан тарта түштүк аймактарда газ берүү толук токтотулуп, түндүктө 30 пайызга кыскартылган. “Кыргызгаз” "аталган сумманы төлөө башталды" деген билдирүү менен чектелди. Калган карыз качан төлөнөрү белгисиз. Өкмөт учурда карызды төлөө үчүн акча издөө менен алек. Ал эми түштүктө газ өчүрүлгөнү аз келгенсип, маал-маалы менен светтин да өчкөнү элде ар кандай нааразычылыкты жаратууда.


Нураке “алдын-ала акча берем” дейт

Казакстандын мамлекет башчысы кышкы жылытуу убагы жана келерки жазга электр энергиясы үчүн Кыргызстанга алдын-ала 25 миллион доллар төлөөгө даяр экендигин маалымдады.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Азербайжанда президент Курманбек Бакиев­ менен болгон жолугушуусунда бул чечимин билдирген. Ошондой эле ажолор жолугушууда Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн кыргызстандык студенттерге орунду көбөйтүү маселесин да сүйлөшкөнү маалым болду.


Электр энергиясы кымбаттайбы?

Кыргыз өкмөтү электр энергиясына тарифти көтөрүп, 1киловатт/саатын 1 сом кылууну көздөөдө.

Бул туурасында Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орунбасары Акылбек Түмөнбаев ЖКнын СДПК фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, электр энергиясына тарифти жогорулатуу багытында бир канча варианттар каралып жатат. Алардын бири электр энергиясынын 1киловатт/саатын 1 сомго көтөрүү. “Кризистен чыгуу үчүн биз ушундай кадамдарга барышыбыз керек. Бул маселени талкуулоо үчүн өкмөт мүчөлөрү 25-октябрда жыйын курат”,- дейт Акылбек Түмөнбаев.
Эскерте кетсек, азыркы учурда калк жарыктын 1 киловатт/саатына 70 тыйындан, өнөр жай ишканалары 95 тыйындан төлөп келет.

Орусия “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу үчүн каражат бөлдү

Орусиянын Мамлекеттик Думасы келерки жылдын бюджетинде “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу үчүн каражат бөлдү.

Бул маалыматты ЖКнын жыйынында “Электр станциялары” ишканасынын жетекчисинин орун басары Пулат Именов билдирди.
Анын айтымында, ГЭСтин курулушу үчүн техникалык-экономикалык иштерин жүргүзүүгө Кыргызстан тарап даяр. Болгону, долбоорду ишке ашырууга орусиялык “Интер РАО ЕЭС” ишканасынын каражат бөлүшү гана калды. Эскерте кетсек, “Камбар-Ата-1” ГЭС­ин­ куруу тууралуу кыргыз-орус келишимине ылайык, курамына кыргызстандык эки, орусиялык үч өкүл кирген акционердик коомдун директорлор кеңеши август айында түзүлгөн.


Т.САРИЕВ: “Президент реформаларды тездетиши керек!”

“Реформа жоопкерчиликтүү жана чынчыл адамдар тарабынан жүргүзүлүшү керек”,- деп билдирди “Ак шумкар” саясый партиясынын жыйынында партия жетекчиси Темир Сариев.

Анын айтымында, реформа жөн гана кадрларды алмаштыруу эмес, калктын жашоосун жакшыртууга жумшалышы керек. “Коррупциянын гүлдөп-өнүгүүсү боюнча биз алдыңкы орундарда турабыз. Бул мамлекетте болуп жаткан саясат, жүргүзүлүп жаткан иш туура эмес экенин далилдейт. Мамлекеттин башкаруу саясатын өзгөртүш керек. Ошого жараша биз натыйжалуу башкаруу системасын тандап алышыбыз кажет. Экинчиден, чиновниктер жоопкерчиликтүү болушу керек. Бизде мамлекеттик уюмдардын укуктары бар, жоопкерчилиги жок. Бүгүн эч ким эч нерсеге жооп бербейт”,-деди Т.Сариев.


ЭлТР коомдук телеканалы жаңы студия менен толукталды

ЭлТР коомдук телеканалы жаңы, заманбап студияны ишке киргизди. Анын ачылышы 7-октябрь күнү болуп өттү.

Телеканалдын жаңы имаратынын курулуш иши толук бүтүп, ачылыш аземи салтанаттуу түрдө белгиленди. Эски имаратты студияга ылайыктап кайра курууга 3 миллион 291 миң сом корогон. Телеканалдагы өзгөрүүлөргө жараша чыгармачыл топ да ке­ңейип, жаңы имаратты ишке киргизүү зарылчылыгы келип чыккан.
Ачылыш аземге Адахан Мадумаров баш болгон мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, элдик таланттар катышып, элдик ырлар жаңырды. Студия жакынкы аралыкта заманбап техникалык аппараттар менен жабдылып, ишке киргизилет.


Мектепте окубаган балдар диний уюмдарга кирүүдө

“Расмий эмес маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 80 миңден ашуун бала мектепке барбайт. Бул балдардын көпчүлүгү тамак-аш берген диний уюмдарга кирип жатышат”,- деп билдирди Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров.

Мындай маалымат өлкөдө­гү баңгиликке байланышкан жыйында айтылды. Мадумаров­дун айтымында, ар кандай акча чогултуулардан тышкары, баланы мектепке киргизүү үчүн да олчойгон акча талап кылган окуялар катталууда. Буларды токтотуу жана ата-энелердин чыгашасын көзөмөлдөө үчүн Адахан мырза Камкорчулар кеңешин түзүү сунушун айтты.


Испания жана Францияга “жашыл жарык” күйдү

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттик кызматташтык комитети Испания жана Франциянын “Манас” аба майданында аскерий аба күчтөрүн жайгаштыруу арызын канааттандырды.

Эки өлкөнүн арызында аскерий аба күчтөрүнүн тобун “Манас” аба майданындагы Транзиттик борборго жайгаштыруу өтүнүчү билдирилген. ЖКнын тиешелүү комитети Франция менен Испаниянын арызын канааттандырды.
Маалыматтарга караганда, учурда Транзиттик борбордо АКШнын аскерлери менен кошо Франция жана Испаниянын 40 жоокери бар.

Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 362, 9-15-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан