Алты саны аман туруп тагдырга нааразы болгон адамдар бар. Алардан айырмаланып биз сөз кылчу тасманын каарманы Форрест кем акылдыгына карабай көптөгөн ийгиликтерди багындырат.
Жанры – Драма, мелодрама
Режиссёру – Роберт Земекис
Продюсерлери – Венди Финерман, Стив Тиш, Стив Старки
Сценарийдин авторлору – Эрик Рот, Уинстон Грум (роман)
Башкы ролдордо – Том Хэнкс, Робин Райт, Гэри Синиз, Майкелти Уильямсон, Салли Филд жана башкалар
Оператору – Дон Бёржесс
Композитору – Алан Сильвестри
Бюджети – 55 миллион доллар
Сатыктан түшкөн каражат – 677, 4 миллион доллар
Жарыкка чыккан жылы – 1994-жыл
ТЫНБАЙ ЧУРКАГАН ФОРРЕСТ
Форрест Гамп – тубаса кем акыл бала. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектебинде гана билим алышы керек эле. Бирок апасы уулун катардагы окуучулардын арасына кошуу үчүн мектеп директору менен мамилелеш болуп, Форрестти өзү каалаган мектепке киргизет. Классташтарынын мазактоосу менен чоңойгон Форресттин мектепте бир гана досу бар, ал – Женни Каррен аттуу кыз. Теңтуштары аны арасына кошпой жүргөндө Форрестке кол сунган бир гана Женни эле. Алардын достугу кийин сүйүүгө айланат. Кичинесинде тийишкен балдардан дайыма качып кутулган Форресттин жакшы чуркаганы кийин университетте окуп калуусуна шарт түзөт. Анткени ал окуй турган университеттин командасына жакшы чуркаган оюнчу керек болчу.
Окуусун аяктагандан кийин аскерге, андан соң Вьетнамдагы согушка катышып, көп эрдиктерди көрсөтөт. Өзү жаракат алса да, буктурмада калган жарадар аскерлерди куткарып, бул эрдиги үчүн өлкө башчы тарабынан мамлекеттик сыйлык менен сыйланат. Андан соң аскерде чогуу кызмат өтөп, Вьетнамдагы согушта каза болгон досу Бубба экөөнүн "деңиз креветкасын саткан өндүрүш ишин баштайбыз" деген максатын ишке ашырып, миллионер болууга жетишет. Миллионер болсо да газондогу чөптөрдү бекер тегиздеп, коомго үлгү көрсөтүүнү унутпайт. Дос кызы Женни Каррендин колун сурап, ал макул болбой койгондо ызасына чыдабай чуркаганы көп жылдарга созулуп кетет. Жыл өткөн сайын анын катарына кошулуп чуркаган элдин саны да артат. Соңунда сүйүктүүсү Женни Карренге үйлөнүп, уулдуу болушат. Тилекке каршы, Женни айыккыс дарттан каза болуп, Форрест уулу менен жалгыз калат.
СЫЙЛЫКТАРДЫН «АТАСЫ»
Фильмдин продюсери Венди Финермандан башкасы тасманын мыкты чыгарына башында анчейин ишене беришкен эмес. Мындан улам режиссёрлор, актёрлор көп жолу баш тартышкан. Бирок фильм жарыкка чыгар замат ийгиликтерди багындырган. Тасма сыйлыктардын «атасы» катары таанымал. Голливуддун шедеври баш-аягы 38 сыйлык алган. Анан да 1994-жылы сатыктан эң көп каражат тапкан тасмалардын сап башында.
Тасма тууралуу Венди Финермандын: «Бул дүйнөнү кем акыл баланын көзү менен көрсөтүп бергени – жазуучунун мыкты тапкычтыгы болду. Форрест Гамптын тагдырдын сыноосуна сынбаган өжөр мүнөзү америкалыктардын мүнөзүнөн кабар берет. Тасмада көрүүчү баш каарман менен кошо ыйлайт, жыргайт, кабатыр болот. Бул – эмоциялардын саякаты. Форрест Гамп жүрөгүндө бала бойдон калган киши, биз андай боло албайбыз»,- деп айтканы бар.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАРДАН
КИНОДОГУ ТААСИРДҮҮ ЦИТАТАЛАР
Лунара Бекиева
star@super.kg