ВОТСАПП ДЕГЕН ЭМНЕ?
Вотсапп (WhatsApp) – билдирүүлөрдү алмашуу үчүн түзүлгөн программа. Android, BlackBerry OS, iOS, Series 40, Symbian (S60) жана Windows Phone платформасында иштеген акылдуу телефондорго жүктөп алууга болот. Ал эми жөнөкөй телефондор менен компьютерлерде бул программа иштебейт. Вотсапп аркылуу текст түрүндөгү билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү, видео жана аудио жөнөтүүгө жана алууга мүмкүн. Чатты колдонууда атайын топ ачып, анда 50 адам бир учурда баарлаша алат. Ошондой эле билдирүү жазып, көп убакыт коротуунун ордуна добушуңузду жаздырып жөнөтүү менен убакытты үнөмдөөгө да шарт түзөт. Программанын аталышы англисче What's Up? (Иштер кандай?) деген сөздөрдүн айкалышынан алынган.
ЖҮКТӨП АЛУУ ОҢОЙ Вотсапптын кызматын пайдалануу үчүн жөнөтүүчүнүн жана алуучунун телефонунда орнотуу зарыл. Аны телефондогу интернет дүкөндөрдөн бекер жүктөп алууга болот. Бирок «Apple» компаниясынын операциондук системинде иштеген телефон ээлери интернет дүкөндөн сатып алуулары зарыл.
КЫЗМАТТЫ ПАЙДАЛАНУУ БЕКЕР ДЕШЕТ, БИРОК...
Программаны көчүрүп алуу акысыз жана кызматты колдонуу 1 жылга чейин бекер. Ал эми андан кийинки жылдары гана жылына бир ирет 99 цент же болбосо 50 сомдун тегерегиндеги акча төлөп туруусу керек. Бирок бул программа интернет аркылуу иштегендиктен, уюлдук операторлор койгон интернет-тарифке ылайык тыйындарын алып турушат. Ит да бекер үрбөй калган азыркы заманда кызматты пайдаланган адам капчыгын жукартууга мажбур.
ПРОГРАММАНЫН ТҮЗҮҮЧҮЛӨРҮ ТУУРАЛУУ
Аталган программаны 2009-жылы америкалык Брайан Эктон жана АКШга көчүп кеткен украиналык Ян Кум түзгөн. Алар өз алдынча компания түзгөнгө чейин «Yahoo!» интернет корпорациясында 20 жыл эмгектенишкен.
УЮЛДУК ОПЕРАТОРЛОРДУН ПАЙДАСЫ АЗАЮУДА
Вотсапптын жардамы менен 2012-жылы апрелде күнүнө 2 миллиард билдирүү жөнөтүлгөн болсо, жаңырган жылы 32 миллиардга жеткен. Ал эми колдонуучулардын саны 2012-жылы айына 100 миллионду түзсө, үстүбүздөгү жылдын февралында 450 миллион кишиге чейин өскөн. Серепчилердин айтымында, программа кулачын кенен жайган сайын, дүйнөдөгү уюлдук операторлордун СМСтен түшкөн пайдасынын суммасы жылына 10 миллиарддаган долларга чейин кыскарууда.
ВОТСАППТЫ FACEBOOK САТЫП АЛДЫ
Кечээ жакында дүйнөгө белгилүү Facebook социалдык түйүнүнүн жетекчилиги вотсаппты жалпысынан 19 миллиард долларга сатып алганын билдирди. Бул эбегейсиз каражат Кыргызстандын учурдагы бир жылдык бюджетинен (2 миллиард доллардын тегереги) 10 эсеге көптүк кылат. Facebook`тун негиздөөчүсү Марк Цукерберг мессенджерди сатып алуунун негизги себебин «социалдык түйүндүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана пайдалуулугун арттырууга болгон максат» деп түшүндүргөн. Жогорудагы каражаттын 4 миллиард доллары накталай акча түрүндө берилсе, ал эми 15 миллиарды баалуу кагаздар түрүндө сатылары айтылган.
КЫЗЫКТУУ...
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg