Ар кандай эротикалык түштөрдү көрүп, эмне маанини билдирерин чечмелей албай жүрөсүзбү? Анда төмөнкү макалага көз чаптырыңыз. Анткени ротикалык түштөр сиздеги кемчиликтен да, сүйүктүүңүз экөөңүздүн мамилеңиздердин кандай экенинен кабар да берет.
Атактуу инсан менен болгон секс
Ар бир эле адамдын баалаган белгилүү адамы же ырчысы болот эмеспи. Эгерде түшүңүздө ошол адам менен кумарга батсаңыз, анда кыялыңыздагы ак боз атчан түгөйүңүздү али жолуктура элексиз. Тескерсинче, сиз жактырбаган белгилүү инсан менен бирге болсоңуз, анда эл арасынан суурулуп чыгууну, чоң максатка жетүүнү самап жүрөсүз.
Бейтааныш адам менен болгон секс
Жашооңузда өзгөрүүлөрдүн киришин каалап жүргөнүңүздү билдирет. Себеби коёндой окшош күндөрдөн тажагансыз.
Өзүн-өзү кумарга батыруу
Кээде мастурбация жасоо аркылуу кумарланып жатканыңызды түшүңүздө көрүшүңүз ыктымал. Бул өзүңүздү баалабагандыктын белгиси.
Топ адамдар менен болгон секс
Түшүңүздө бир нече адамдардын секс менен алектенгенин сыртынан көрдүңүз дейли. Муну алдыда сюрприздин же жаңылыктын болушу күтүлүүдө деп жоруңуз. Эгерде мындай түштү боюнда бар айым көрсө, анда ал айтылган мөөнөттөн эртерээк көз жарышы ыктымал.
Зордукталуу
Түшүңүздө сизди бирөө зордуктаган болсо, курчап турган чөйрөңүздүн начар экендигин түшүнсөңүз болот. Тактап айтканда, күндөлүк турмушта баарлашып, жолугуп жүргөн айрым адамдарды жактырбайсыз. Ал мүмкүн чогуу иштешкен адамыңыз, кошунаңыз же тууганыңыз. Ортодо кайсы бир маселелерге байланыштуу түшүнбөстүктөр бар.
Өзүнүн жынысындагы адам менен болгон секс
Айым болуп туруп түшүңүздө айым менен (эркек эркек менен) төшөктө бирге болсоңуз, демек, дос-тааныштарыңыздын бирөөсү менен мамилеңиз жакшы эмес. Балким ортоңордо чыр-чатак же көралбастык бар. Ошону менен катар сизге чыныгы сүйүү жетишпейт.
Ойго келбеген секс
Мисалы, сиз “башка улуттагы же жаш айырмачылыгы чоң адам менен төшөк кумарына батууга болбойт” деп эсептейсиз дейли. Бирок түшүңүздө дал ошондой адам менен төшөктө бирге болдуңуз. Мындайда эртең менен ойгонор замат көргөн түшүңүз эмоцияңызга кандай таасир бергенине көңүл буруңуз. Эгерде таңкалуу, жийиркенүү сезими болсо, анда турмушуңузда кандайдыр бир чечилбеген маселелердин бар экендиги. Тескерисинче, көңүлүңүз жайында болсо, бул – секс жаатында жашыруун каалоо бар экендигинин белгиси.
Жакпаган адам менен болгон секс
Эгерде сиз жактырбай жүргөн адам менен түшүңүздө кумарга батсаңыз, анда жүрөгүңүздө сагыныч, куса, санаа катылуу. Кыскасы, жашооңузда орду бүтөлбөй жүргөн кемтик бар.
Мурунку күйөө (аял) же эски тааныш менен
болгон секс
Бул сиздин ал адамды унута албай жатканыңыздын белгиси эмес, тескерисинче ортодо таарыныч, чечилбей калган маселенин болгонунан кабар берет.
Коркунучтуу секс түштөр
Түштө бомж, дөө, түрү суук жандыктар менен төшөк кумарына батууну адамдын ички дүйнөсүндө чечилбеген маселе бар деп кабыл алуу керек.
Секс тууралуу түш көрбөгөндөр
Эрки күчтүү, төшөктө ар дайым ойдогудай канааттанган адамдар гана эротикалык түштөрдү көрбөйт. Жыйынтыктап айтканда, мындай түштөр кандай чечмеленерин билдиңиз. Сиздерге берер кеңешибиз, жакшы сапаттарга умтулуп, сырткы келбетиңизге баа берип, кемчиликтериңизди оңдоого аракет жасаңыз. Тууган-туушкан, жоро-жолдош, сүйгөн адамыңыз менен болгон мамилени жакшыртуу бир гана өз колуңузда экенин унутпаңыз.
Астра Айдарова
erotika@super.kg