– Жүрөктү өйүгөн ый-муңумду кимге айтарымды билбей, сиздерге кайрылып отурам. Эми менин элге аралашып жашап кетишим кыйын. Артымдан «бул зек, түрмөгө отуруп чыккан» деген сөздөрдүн ээрчиши да турган кеп. Бирок ушундай абалга кабылганыма мен эмес, апам менен улуу агам күнөөлүү. Алар менин тагдырымды бир заматта талкалап коюшкан. Ошондуктан түрмөдөн чыксам да өз үйүмө баруудан качып жүрөм. Кокус ичимдеги кектен улам алардын бирин өлтүрүп коёмбу деген ойлор да келет.
Үйдө 5 бир тууганбыз. Атам эрте көз жумгандыктан, жетишпеген жашоонун шорун тартып, азап менен чоңойдук. Мектепти аяктаган соң өзүм иштеп, өзүм окуйм деп институтка тапшырып алдым. Бирок жарым жыл окугандан кийин баары азан-казан түшүп калды. Ал кезде бир эжем турмушка чыгып, улуу агам 3 балалуу болуп, иштеп, үйдөгүлөрдү багып жаткан. Жаңы жылга карата үйгө барган элем. Таңга маал апамдын кокуйлап ыйлаганынан ойгондум. Сыртка чыксам, короодо бир киши жансыз суналып жатат, үстү-башы кан. Үйдөгүлөр ызы-чуу. Көрсө, окуя мындай болуптур. Агам тамдын артынан дабыш чыкканынан ойгонуп, барса, мал короодо ууру жүргөн болот. Ал агамды көргөндө бычагы менен коркутуп, ары-бери шилтегилеп, качып кетмекке далбастайт. Агам бурчта турган темирди алып, аны менен коюп жиберет. Тигил кулап түшкөндө барып дагы бир ирет согот. Ууру ошо менен турбай калат...
Ары-бери чуркап далбастаган апам бир убакта мага «айланайын Самат, эми агаң камалып кетсе бизди, анын 3 баласын ким багат? Банктан алган кредитти ким төгөт? Балам, «ууру менен алышып жатып байкабай өлтүрүп алдым» деп сен мойнуңа ала көр. А биз агаң болуп акча таап, сени эптеп чыгарып аларбыз» деп жалынып-жалбарып ыйлап кирди. Агам, жеңем мага карап жалдырашат. Менин башыма эч нерсе кирбей, дендароо болуп калдым. Аңгыча милиция кызматкерлери келди эле, апам мени көрсөтө берди.
Ошентип мен агамдын ордуна соттолуп кеттим. Үйдөгүлөрдүн акча чогултуп чыгарып алабыз дегендери сөз бойдон кала берди. Түрмөдө кыйналгандан өз жанымды кыйгым келген учурлар болду. Чыккандан кийинки абалым бул. Кокус үйгө барсам ичимдеги кек менен өзүмдү кармай албай, апамды же агамды бир нерсе кылып жиберемби деп корком. Жүрөгүмдү канаткан ой ушул: эмне үчүн мен агамдын ордуна азап тартып, тагдырымды талкалашым керек эле? Мен деле апамдын агам сымал эле баласымын го. Агам камалып кетсе, үйдөгүлөрдү агамдай бага албасам да, колумдан келгенин жасамакмын.
Самат,
Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району
– Самат, сизге кечиримдүүлүк керек. Муну абалдан чыгуу эмес, жан дүйнөнү тынчтандыруу, көтөрүп жүргөн оор жүктөн арылуу деп түшүнүңүз.
Кечирип салыңыз деген кеңешке макул болбошуңуз да мүмкүн. Бирок ойлонсоңуз, апа менен бир тууганга таарынып, кек сактап жашоо өтө оор. Апаңызды кыялбай агаңыздын күнөөсүн мойнуңузга алган өзүңүзсүз. Ошол учурда өз жашооңузду ойлобой калганыңыз үчүн азап тарттыңыз. Бирок өткөн иш өттү, алдыда жашоо турат. Андыктан сизге келечекке умтулуу керек. Түрмөдө отурган адамдын аты жаман. Бирок ушуга макул болуп, калган өмүрүңүздү кайгыруу, жинденүү, кектенүү менен жашап өтөйүн дейсизби?
Дагы да сиздин алдыңызда тандоо бар: сиз жан дүйнөңүздү кектен, таарынычтан тазалап, алдыга карай кадам коёсуз, же тескерисинче, тагдырга таарынып, апаңыз менен агаңызга кек сактап, оор жүк менен жашайсыз. Ишенип коюңуз, ушул боюнча тагдырыңызды кандай болсо да кабыл алсаңыз, сизди да кабыл ала турган ак ниет адамдар кездешет. Күнөөсүз экениңизди өзүңүз билген соң башты жерге салуунун кереги жок.
«ЖИГИТИМ БАШКАГА ҮЙЛӨНҮП АЛЫП, КАЙРА МАГА КЕЛИП ЖАТАТ»
– Жигитим экөөбүз 4 жыл сүйлөшүп, акырында баш кошууну пландап калган элек. Бирок эмне болуп кетти билбейм, ал жөн жерден эле башкага үйлөнүп алды. Ичимден тагдырга таарынып кала бердим. Таап, такып сурап баш ооруткум келбеди. Ошентип арадан 2 ай өтүп, акырындан өзүмө келе баштаганда, бир күнү ал эшигимдин алдында пайда болду. Тигиниси менен ажырашканын, баары бир мени сүйөрүн айтып, кечирим сурады. Өткөн жашоомо эшик жапканымды, эми ага кайрылып барбастыгымды айттым. Бирок ошол күндөн ушул күнгө чейин улам чалып, кечирим суроодон жазбай келет. Чынында, аны жакшы көрчүмүн, бирок башкага үйлөнүп алганы үчүн сезимимдин мурункудан сууп калганы анык. Эмне кылсам, кеңеш бериңиздерчи.
Соната,
Ысык-Көл облусу, Каракол шаары
– Соната, сиздин кырдаалга мен 2 түрдүү жооп берейин.
1) Бир жолу саткан адамга ишенүү кыйын. Ал адамдын сиз менен сүйлөшүп жүрүп, башкага үйлөнгөнү бул – сүйүүнүн жана ал адамдын өз кылган ишине жоопкерчилигинин жоктугу. Мындай адам менен кантип үй-бүлө курса болот деген ой жаралат. Бул жолкусун кечирдиңиз дейли, бирок кокус бир күнү сиз менен урушуп калса, башкага кетип калбайт деп ким кепилдик берет? Анысы менен урушса, кайрадан келип «сүйөм, кечир» десе эле кечире бересизби?
2) Эгер ал адамды чынында эле сүйсөңүз, кечире алсаңыз, аны менен кайра мамиле түзсөңүз болот. Адашпаган адам барбы демекчи, кээде адам кылган кемчилигин сезип, кийин кайталабоого аракет кылат.
Эми ойлонуп, өз жашооңузга жоопкерчилик менен карап, бирин тандаңыз.
«ИНТЕРНЕТТЕН ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮМДҮ ТАПТЫМ»
– Турмушка чыкканыма 3 айдан ашты. Бирок мен бул жолдошумдан кетип, интернет аркылуу таанышкан жигитке баш кошууну ойлоп жатам.
Түшүнүктүү болуш үчүн баарын башынан айтып берейин. Медициналык окуу жайында 1-курста окуйм. Мындан 4 ай мурун тааныш эже мени өзүнүн иниси менен тааныштырган эле. Байкасам, дурус жигит көрүндү. Сүйлөшүп баштадык. Анан бир күнү баш кошуу тууралуу сунуш киргизди. Үйдөгүлөргө айтсам алар да макул болушту. Ошентип, турмушка чыктым. Бирок жашап баштаганда күйөөм менин кыялымдагыдай болбой чыкты. Үйдө интернет болгондуктан бир күнү башка жигит менен тааныштым. Ал экөөбүз бат эле тил табышып, мүнөзүбүздү билип калдык. Сонун сөздөрдү сүйлөп, жакшы тилектерди айтат. Жакындан бери мени жактырарын билгизип, баш кошууну сунуштай баштады. Мен «ишенбейм» десем, үйүндөгүлөр менен да сүйлөштүрдү. Ошентип, мен да аны жактырып калдым. Эми бул күйөөмдөн кетип, ал жигит менен жашасамбы деп ойлонуудамын. Акыл айтыңыздарчы же туура эмес кылып жатамбы?
Айдина,
Ош облусу, Ноокат району
– Баары сиздин эркиңиз менен чечкиндүүлүгүңүздөн көз каранды. Эгер сиз «бул күйөөмдөн кетсем эл, үйдөгүлөр эмне дейт?» деп корксоңуз, анда аргасыз жашап кала бересиз. А эгер элдин сөзүнөн коркпой, алдыдагы кыйынчылыктарды жеңем деп чечкиндүү болсоңуз, анда жолдошуңуздан кетип, жаңы жашоо баштай аласыз.
Сиз ата-энеңизге баарын ачык айтып, алардан кеңеш сурашыңыз зарыл. Ата-эне эч качан баласына жамандык каалабайт. Кайра жаңылбай тургандай болуп терең ойлонуп, анан чечим кабыл алыңыз.
Суроолорго жеке психолог НУРЗАДА МАЯМЕРОВА жооп берди.Жашоодо ар кандай учурлар болот. Айрымдар сүйгөнүнөн айрылып жанын коёрго жер таппай, бирөөнүн кеңешин уккусу келет. Кээ бири «кимди тандайм?» деген дилеммага такалып, «эми кимге кайрылуу керек?» деген маселеге кептелет. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Психологдун кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери
аркылуу берсеңиз болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg