САПАР, АРТЫК

САПАР ЭРКЕБАЕВ 1982-жылы 21-декабрда Ош областынын Карасуу районуна караштуу Башбулак айлында туулуп-өскөн. Музыкадан тышкары футбол ойноого кызыгат.
АРТЫК САИТОВ 1977-жылы 5-апрелде Жалалабат областынын Базаркоргон районуна караштуу Шыдыр айлында төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары сүрөт тартууга кызыгат. Үйбүлөлүү, үч баланын атасы.

– Артык, ыр дүйнөсүнө кандайча аралашып калдың?
– Мен өзүм беш жашымдан эле ырга шыктуу элем. Атамдын достору келгенде мени кайра-кайра ырдатышып, уккандан тажашчу эмес. Бирок, эмнегедир мектепте окуп жүргөнүмдө ырга такыр маани бербей калдым. Кийин мектепти бүт­көнүмдөн соң, Красноярск крайындагы техникумда окуп жүр­гөнүмдө чогуу жүргөн балдардан ги­тара ойноону үйрөнүп ырдай баштагам. Анын негизинде обондуу ырларым жаралган.
– Ырларыңды кандай учурда жаратасың?
– Бир нерсе түрткү бергенде жаралат. Көбүнчө өз башымдан өт­көргөн окуядан же бирөөлөрдүн айткандарын укканымдан соң жаралат. Кээде ойлонуп кураштырып да ыр жараткан учурлар болбой койбойт. Балким, китепти көп окуганымдын да таасири бар чыгаар. Азыр жетимишке жакын ырларым бар.
– Анын ичинен канча ырың ырдалып жүрөт?
– Мындан үч жыл мурун Эрик Кадырбаевдин жардамы менен түзүл­гөн «Ак шам» тобунда иштеп жүр­дүм. Анда чогуу ырдаган өнөктө­шүм башка болчу. Буга чейин «Зарина», «Сапар», «Жаңы гүл» деген ырларымды ырдап чыкканбыз. Баса белгилеп өтсөм, жогорудагы айткан ырларымдын көпчүлүгүн кассетага жаздырып, чоң сахнага алып чыга электе «Жаш кыял» тобу уурдап ырдап чыгышкан. Биз бул ырларды кайрадан иштеп сахнага алып чыгабыз.
– Сахнадагы чогуу ырдаган ырчы жигит Сапар менен кантип дуэт ырдап калдың?
– Сапарды мурдатан жакшы тааныйт элем. «Дос» деген ырымды дуэт ырдаш керек болуп ага өзүм кайрылгам. Себеби, анын ырга болгон жөндөмү жакшы болгондуктан, чогуу ырдоону сунуш кылгам.
– Топтун атын өз­гөртүү пландарыңарда барбы?
– Бул маселеде бир топ ойлонгонбуз. Акыры бир пикирге келип, эл оозунда атыбыз менен эле эсинде калалы дедик. Биздин топтун аты жөн гана Артык, Сапар деп кала берет.
– Сапар, музыка чөйрөсүнө аралашканыңа канча убакыт болду?
Мектепти бүткөн соң, алгач кафеде музыкант болуп иштегем. Ал эми чоң сахнага чыкканыма эки айдын жүзү болду. Артык байке менен чогуу дуэт ырдагандан тарта музыка дүйнөсүнө чындап аралаша баштап, чыгармачылыкка чоң маани берип иш­төө­дөмүн.
– Алгачкы сахна кандай сезим калтырды, толкундоолор болдубу?
– Сахнанын да өзүнчө сүрү болот экен. Алгач чыкканымда толкундоодон микрофон кармаган колум ушунчалык тердеп, калтыраган. Мурун мындай абалга жолуккан эмес элем. Ошентип, ошондогу абалым өзүмдү да таң калтырган.
– Ырчылыкты мындан ары да улантасыңбы же жөн гана хобби катары алып кетесиңби?
– Мындан ары да ырчылыкты улантып, сахнанын адамы болгум келет. Ал үчүн абдан чоң эмгек керек экенин да билем. Артык байке экөөбүз бири-бирибизди колдоп иштесек, көп ийгиликке жетээрибизге көзүм жетет.
– Жактырган адамың барбы?
– Азырынча жок. Убактысы келгенде жакын адамымдын табылаарына ишенем. Үй­бү­лөдө кичүүсү болгондуктан, кай тараптан кыз жактырып үйлөнбөйүн каршы болушпайт деп ойлойм.
– Чыгармачылыкта силерди колдогон демөөрчүңөр барбы?
– Ооба, бизге өз көмөгүн көрсөт­көн Болот Дыйканбаев деген де­мөөрчүбүз менин жакын байкелерим болот. Элдин көңүлүнөн түнөк тапкан «Атага» деген ырыбыздын кли­би ушул байкенин жардамы менен тартылганын белгилей кетейин.

Маектешкен Чынара Абдраева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 208, 27-октябрь-2-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан