«Аманат» деген ырды мындан 6-7 жыл мурун Болот Тасмаевдин аткаруусунда угуп, адамдын ойлорун алыстарга жетелей турган касиети бар экенин сезген элем. «Балким, бул обону менен сөзүнүн күчтүүлүгүндөдүр» деп ойлоп, маанисин, кимге арналганын түшүнө албай бүдөмүк ойдо калгам. Көрсө, бул ырдын жаралуу тарыхы да өзгөчө экен. Ыргагы жан дүйнөгө жакын, көпчүлүккө тааныш бул ырды алгач гитаранын коштоосунда Медер Кыдыршаев ырдаса, эстрада менен Болот Тасмаев алып чыккан.
«АМАНАТ»
Сөзү: Кыялбек Урманбетовдуку
Обону: Тобокел Кашкарбаевдики
Жан курбум, жашыбай жакшы кал, курбум,
Жамынып түндө узадым, жазганы ошол тагдырдын.
Кош дечи, арманга бирок кошпочу,
Айланып келем ыр болуп,
Айрылуу эмес, коштошуу.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.
Жан курбум, жаштыгым шамдай жандырдың,
Ардактап алгын өчүрбөй, астында калса жамгырдын.
Агарып, ай нуру менен таралып,
Ал күндөр кирет түшүмө, айрылуу эмес, аралык.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.
Жан курбум, жабыкпай жакшы кал, курбум,
Өзүңдү түнгө тапшырып, сөзүмдү сага калтырдым.
Кош дечи, а бирок көзгө жаш алба,
Ар убак жүрсөң эскерип,
Айрылуу эмес, ажал да.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.
Турдубек Чокиев, композиторлор союзунун төрагасы: «ДОСУМДАН ЭСТЕЛИК УШУЛ ЫР КАЛДЫ»– Бул ырдын обону Тобокел Кашкарбаев деген досумдуку. Өзү жөнөкөй, таланттуу жигит эле, таланты ташкындап турган 36 жашында автокырсыктан каза болуп калган. 1970-жылдары Тобокел «Гүлдесте» деген ансамблдин курамында ырдачу. Топто иштөө менен катар Искусство институтунда окучу. Үй-бүлөдө жалгыз эркек, бирок эжелери, бир карындашы бар эле. 3-курстан «ата-энемди багышым керек» деп Нарынга кетти. Нарынга баргандан кийин эле каза болуп калды. Ага чейин «досторго арнап ыр чыгарам, азыр обону жаралды» деп «сагындым, досум, сагындым» деген сөздөр менен ырдап берген. Обону менен Кыялбекке ырдап берип «Тобокел досум өтүп кетти, акыркы обонуна сөз жазылбай калды, карап көрбөйсүңбү, досумдан эстелик калсын» дедим. Анда Жазуучулар союзу жер алып, Кыялбек дача курабыз деп шаардын четинде жүргөн. Бир күнү атайын шаарга келип мага телефон чалыптыр. Телефондон сөздөрүн окуп берди. Кыялбектин табылгасы укмуш эми. Аталышын да адамдын жүрөгүн оорута тургандай кылып «Аманат» деп атаптыр. «Айланып келем ыр болуп» деген саптары эч бир мактоо тең келбеген чоң табылга. Ырды угуп отуруп досум мага о дүйнөдөн салам айтып жаткандай туюлду. Көзүмдөн жаш атып кетти.
Мен анда Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында башкы редактор болуп иштеп жүргөм. Ошондо Москвадан окуусун бүтүп келген Медер Кыдыршаевди редактор кылып жумушка алганбыз. Анын ырга кызыгып кыңылдап калганын угуп калчумун. Медерге пианино менен ырдап берсем, аябай жактырды. Ошентип ал филармонияда өткөн бир концертте гитара менен ырдап чыкты. Тобокелдин бир туугандары Медерге ыраазы болуп, гүл беришкени эсимде.
Кыялбек Урманбетов, акын:«ТЕКСТИ КЫЙЫНЧЫЛЫК МЕНЕН ЖАРАЛДЫ»– Ырдын обонун жазган Тобокел Кашкарбаев менен Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев аркылуу таанышкам. Турдубек Тобокелдин жакын досторунан. Тобокел бир жолу «ушундай обон жараттым» деп пианино менен ойноп берген. Анда сөзү жазыла элек болчу. «Сагындым, досум» деген эки сөз менен эле кайталаган эле. Бир күнү Турдубек «баягы досум өтүп кетиптир, акыркы обонуна текст жазылбай калды, ошонун үстүндө иштебейсиңби» деди. Сөзүн жаратуу абдан кыйын болду. Көзү өтүп кеткен Тобокел досу тигил дүйнөдөн Турдубекке ырдап, салам айтып жатат деп элестетип, ошондой маанидеги ыр жаздым.
Болот Тасмаев, ырчы:«ЫРДЫ МАГА ТОБОКЕЛ БАЙКЕНИН КАРЫНДАШЫ БЕРГЕН»– Мен анда ырчы болом деп 2-3 ыр жаздырып ырдап калгам. Бир жолу Тобокел Кашкарбаевдин карындашынын үйүнө барып калдык. Ал киши менин үнүмдү жактырып калып «агамдын ушундай ыры бар, ырдабайсыңбы» деп кыңылдап обонун созуп берди. Эженин сунушу дароо жакты. Жанымда Алтынбек Алымов бар болчу, ал дароо ямахага салды. Анан Медер Кыдыршаев аткарган кассетаны таап угуп чыктым.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg