Кендүү калаа чуулуу болот деген чын белем, акыркы мезгилде Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы «Кара-Кече» көмүр кенинин айланасында чуулгандуу окуялар көп болууда. Бир адамдын өлүмүнө жана 3 милиция кызматкеринин жабыркашына алып келген окуя тууралуу сөз төмөндө болмокчу.
БААРЫ ЭМНЕДЕН БАШТАЛГАН?
«Кара-Кече» көмүр кенинде 2013-жылдын ноябрь айында кезек талашкандардын ортосунда жаңжал чыккан. Абалды турукташтыруу үчүн укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерге барып көзөмөл кыла башташкан. 1-декабрда «Кара-Кече» көмүр кенинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлдү» деген маалымат тарайт. Ал көмүр алуучуларга кезек берүү жагын тескеп турган Айбек Мамбеталиев деген адам экендиги билинген.
3-декабрда анын өлүмүнө шектүү катары ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Рустам Токтогулов, Жоомарт Сыдыков жана Нарын ОИИБинин СОБР кызматкери Чыңгыз Баялиев кармалат. Кылмышка күбө болгондордун айтымында, Айбек Мамбеталиев укук коргоо кызматкерлеринин ур-токмогунан каза тапкан. Кийин экспертиза «Айбектин денесинде урулган соккудан улам калган тактар жок жана ал жүрөк оорусунан каза тапкан» деп жыйынтык чыгарат.
Кылмышка шектүүлөрдүн үстүнөн Жумгал райондук прокуратурасы «Киши өлтүрүү» жана «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгойт. Жумгал райондук соту аларды 2 айга камакка алууга өкүм чыгарат. Бирок көп өтпөй кылмышка шектүүлөр айыпталган беренелер «Ден соолукка атайылап залал келтирүү» (бул жосун адамдын өлүмүнө алып келсе) жана «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренелерине алмашат да, Нарын облустук соту аларды үй камагына чыгарат. Бул да каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындарынын кыжырдануусуна алып келгендей.
ЭЛДИК ЖАЗАЛОО БАШТАЛГАНДА...
20-февралда Жумгал райондук соту каза болгон Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө айыпталып жаткан 3 укук коргоо кызматкеринин ишин карап жаткан. Айыпталуучу тараптын жактоочусу ишти Нарын облустук сотуна кароого өткөрүүнү сунуштаганда жаңжал чыгып кетет. А.Мамбеталиевдин туугандары жана жакындары темир тор артында отурган айыпталуучулар тарапка күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, өрт коюшкан. Натыйжада айыпталуучулардын бири Жоомарт Сыдыков күйүктөн жаракат алган. Андан соң бир топ жигиттер аларды ур-токмокко алышып, өз алдынча жазалоого өтүшөт. Чыңгыз Баялиевди укук коргоо кызматкерлери ортого түшүп куткарып калууга жетишишет. Ал эми Рустам Токтогуловду Жумгал суусунун жээгине алып барып токмоктошуп, сууга салып жиберишкен.
«Жергиликтүү адамдардан 80ге жакыны ушул окуяга күбө болушуптур. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн ал жерде 15тей гана укук коргоо кызматкерлери болгон. Ал эми сот отурумуна 13 бөтөлкө күйүүчү май кайдан кирди деген суроо туулушу мүмкүн. Бул боюнча Жумгал райондук соту көзөмөл жүргүзүп, кырдаалды турукташтырышы керек болчу»,- дейт ИИМдин басма сөз кызматы.
КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨРДҮН ҮЧҮНЧҮСҮ ДАЙЫНСЫЗ
Мындай маалыматты учурда дайынсыз жүргөн Рустам Токтогуловдун жубайы Анара Касымова редакциябызга келип билдирди:
– Соттук-медициналык экспертиза тарабынан маркумдун жакындарынын катышуусу менен анын денеси текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында ал киши колдуу эмес, жүрөгү токтоп калгандыктан каза тапканы аныкталган. Кийин туугандары ал жыйынтыкка ыраазы болушпай, көрдү кайрадан ачып, көз карандысыз эксперт алып келишип текшеришкенде, алар деле ошол эле жыйынтыкты чыгарып беришти. Ошентсе да 3 милиция кызматкерин кармап келишти.
Биз көрүнгөн эшикти каккылап, митинг уюштуруп элди чогулткан жокпуз. «Эгер күнөөсү болсо үчөө тең мыйзам чегинде жазасын алат» дегенбиз. 20-февралда сот залынан шектүүлөр тарапка май чачышып, өрттөп жиберишиптир. Бул эмне деген жапайычылык? Мыйзам бар, демократиялуу өлкөдө да ушундай акылга сыйбас жапайычылык болобу? Өрт койгондору аз келгенсип, темир тордун артынан сүйрөп чыгышып, үчөөнү тең тепкилешип, менин жолдошумду Жумгал суусунун жээгине сүйрөп барышыптыр. Ал жактан башын таш менен жарып, башына буттары менен чыгып секирип, эсин жоготкондо сууга салып жиберишиптир. Муну окуяны көргөндөр айтышууда. Сот отурумунда мындай жаңжалдын чыгып кетишине жол берип, катышуучуларды текшерүүдөн өткөрбөй, көзөмөлдөбөй койгон Жумгал райондук сотуна нааразыбыз.
Кылмышка шектүүлөрдүн күнөөсү моюндарына алынып, күнөөлөрү угузулган күндө да жок дегенде сот отурумунда алардын коопсуздугу укук коргоочулар тарабынан колго алынышы керек болчу.
Учурда каза болгон Айбектин туугандары «Рустам Токтогулов тирүү эле табылыптыр. Аны бир жерге кармап катып коюшуп, жок дедиртип, кайра сот отурумунда жаңжал чыгарган Айбектин туугандарынын моюнуна күнөө илгени жатышат» деп маалымат таратып жүрүшөт. Эгер ошондой болсо, Жумгал суусун тинтип, түтүндү түрө кыдырып, таманыбыз тешилгиче издебей эле тынч отурбайт белек. Жолдошум Рустам Токтогулов өз ишин баалап сүйгөн, мыкты милиция кызматкери. Ортодо бир кыз, бир уулубуз бар.
«АЙБЕКТИ УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨСҮ ДЕГЕНГЕ НЕГИЗ ЖОК»
Сот отурумунда жаңжал чыгарып, милиция кызматкерлерин өрттөп жиберишкен жабырлануучу тараптан 5 адам Нарын шаардык СИЗОсунда камакта экенин анын башка туугандары билдиришти. Айбек Мамбеталиевдин таажездеси КАЛНАЗАР СЫДЫКБЕКОВ бул тууралуу мындай дейт:– Айбек карапайым үй-бүлөнүн баласы болчу. Артында ата-энеси, жубайы, балдары жана туугандары сыздап кала бердик. Айбек ошол күнү «Кара-Кечеге» жумуштап бара жаткан экен. Жанында дагы 2 бала болгон. Милиция кызматкерлери машинасын токтотуп, «унаанын терезелери караңгылатылган» деп айыптап, аны унаадан алып чыгышкан. Ошол арада Айбектин унаасына баңгизат салып туруп, өздөрү отурган постко алып барышыптыр. Аны байкап калган Айбек берки машинадагы балдарга «качкыла, азыр силерди да жөн жерден күнөөкөр кылышат, унаага баңгизат таштап коюшту» деген. Ошондо 3 милиция кызматкери аны мылтыктын кундагы менен бөйрөккө чаап, электрошокер менен токко тарттырып кыйнашыптыр. Айбек жергиликтүү ооруканага жетпей каза тапкан.
Айбектин өлүмүнө күнөөлүүлөр кармалган соң ар кандай мыйзамга туура келбеген иштердин болуп жатканын байкап, туугандар нааразычылык акцияларды жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрө баштадык. Экспертизанын жыйынтыгы канааттандырбагандыктан көз карандысыз эксперт жалдап келип, экинчи текшерүүдөн өткөрдүк. Жыйынтыгында Айбектин денесинде ар кандай тактардын бар экендиги аныкталды. Бирок бул соттун жүрүшүндө эске алынган жок. Ал тургай камакта жаткан 3 милиция кызматкери Жаңы жылды ошол жактагы күзөт нөөмөтүндөгү кызматкерлер менен ичимдик ичип, чогуу тосушуптур. Колдорунда гитара, эркиндиктегидей тамактар, ошол жерде компьютер бар экен, эс алууда жүргөндөй отурушкан. Акыйкаттык деген кайда? Биздин бала жер кучактап өлүп жатат. Учурда Айбектин атасы, апасы, 3 бир тууганы Нарындын СИЗОсунда камакта жатат. Буга себеп сот отурумунда чыгып кеткен жаңжал. «Ошол жерде Айбектин туугандары өрт коюп, милиция кызматкерлерин сабашты» деп жатышат. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар билбейм, анткени мен ал жерде болгон эмесмин.
Менимче, бул жерде эки тарапты козутуп, кылмышты жапканга аракет кылган үчүнчү күчтөр болгон. Эгер кылмышка шектүүлөрдү өлтүрүүнү көздөгөн болсо, Айбектин атасы ур-токмокко алынып, денеси күйүп жаткан Жоомартты өзү ооруканага жеткизбейт болчу да. Кызуу кандуулукка алдырып, жаңжал чыгарып жиберген жигиттерди жан далбастап токтотуп жүргөн атасы азыр камакта отурат. Карындашы Камиланын ден соолугу начарлап, өзүн жаман сезип жаткан экен. Камерага жылуураак кийимдерин алып кирип берели десек да бизди киргизбей коюшту. Апасынын кан басымы кайра-кайра көтөрүлүп жатат.
ЭЛДИК СОТ УЮШТУРГАН ДЕП 10 АДАМ КАМАККА АЛЫНДЫ
Жумгал райондук сотунда болгон жаңжал боюнча 14 адам кармалып, учурда алардын 10у 2 айга камакка алынды. ИИМдин басма сөз кызматынын билдиргени боюнча, кармалган жарандарга «Адам өмүрүнө кол салуу», «Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу», «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү», «Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу» беренелери боюнча күнөө тагылды. Камакта жаткандардын абалы менен таанышуу үчүн Нарын калаасына барып келген Зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы БАКЫТ РЫСПЕКОВ төмөнкүдөй маалымат берди:
– Жумгалдагы сот учурунда болгон жаңжал боюнча «Кара-Кече» кенинде каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин үй-бүлөсү 23-февралда Нарын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Көз жумган Айбек Мамбеталиевдин агасы Жыргалбек Мамбеталиев милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алыныптыр. Анын мурду сыйрылган жана сол кашынын үстүнө кан уюп калган. Бирок өзү «милиция кызматкерлери сабаган жок» деп жатат. «Жумгалдагы сот учурунда болгон жаңжалда милиция кызматкерин сабадым» деп күнөөсүн моюнуна алды. Биз муну менен эле чектелип калбай, жаңжалдан жабыркаган экинчи тарапка да жолугуп келебиз. Азыр Жоомарт Сыдыков Бишкекте ооруканага денесиндеги күйүктөн алган жаракатынан улам дарыланып жатат.
Учурда милиция бул фактылар боюнча тергөө жүргүзүп жатат. Демек, бул темага дагы кайрылабыз.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg