СҮРӨТТӨР ЖҮРӨ БЕРСИН КҮЛҮМСҮРӨП...

Өткөн ишти, өткөн өмүрдү эч ким эч качан кайрып ала алган эмес. Атактуулардын мотурайган бала кездеги кызыктуу сүрөттөрүн таап чыктык да, ошол образда кайрадан сүрөткө тарттык. Ким канчалык өзгөргөнүн өзүңүз байкаңыз.

Айбек Карымов:«ЖАГОО ҮТҮКТӨГӨНДҮ ЖАКШЫ КӨРЧҮМҮН»
– Бул менин 4-5-класстагы сүрөтүм. Атайын жагоомду кычыратып үтүктөп барып түшкөм. Андан бери арадан 30 жыл өтүптүр. Негизи, жагоо үтүктөгөндү жакшы көрчүмүн. 8-9-класска чейин отличник болуп окудум. Андан кийин «4» аралашып кетип, ударник болуп аяктадым. Мектепте үлгүлүү окуучу элем. Ата-энеме бир да жолу мугалимдер мени жамандашкан жок. Тентектигим бар эле, бирок аны жакшы окуганым жууп кетчү.

Аваз Акимов:«КИЧИНЕМДЕ ӨТӨ ЖООШ БОЛУПТУРМУН»
– Ата-энебиз балдарынын баарын бир жашка чыкканда сүрөткө тартышкан экен. Сүрөттө мен да бир жаштамын. Кичинекейимде араң жан, ким эмне десе ошону илгиртпей аткарган, кой оозунан чөп албаган өтө жоош бала болуптурмун. Апам азыркыга чейин таң кала берет. Кечинде кайсы капталыман жаткырса, эртең менен деле ошол капталыман турчу экем. Бирок бир туугандарыма караганда бат басып, тилим тез чыгыптыр. Кийип турган топум, жемперим менден 7 жаш улуу агамдыкы. Ал бир жашка чыкканда да мен кийген кийимди кийип сүрөткө түшүптүр. Аны менден кийинки иним кийбей койгон. Ал мага окшоп ким эмне десе жасай бербеген чыр болсо керек. Ортодон 23 жыл өтсө деле бир жаштагы ушул сүрөтүмдү көргөндөр мени дароо таанышат.

Нурдөөлөт Копоев:«АТАЙЫН РАЙОНДУН БОРБОРУНА КЕЛИП СҮРӨТКӨ ТҮШҮПТҮРМҮН»
– Сүрөттө 3 жаштан өтүп калган убагым. Кара-Булуң айылынан атайын райондун борбору Ат-Башы айылына келип сүрөткө түшчүбүз. Анда айыл аралап сүрөткө тарткан адам болгон эмес. Мен көп бир тууганмын да. Ата-энем төрт-бешөөбүздү бир алып келип сүрөткө түшүрчү. Ошол кезде мектеп формасына окшош ушундай костюмдар мода болчу деп апам айтып калат. Чачымдан кийин эле каш башталып кетчү, азыр деле ошондой. Калича деген жеңем бар. Ал келгенде эле «мурдуң борбук турбайбы, чоюп тур, кырдач болсун» деп мурдумдан чойгулай берчү. Ошентип жүрүп, мына, мурдумду кырдач кылып алгам. Бул сүрөткө түшкөндөн бери 32 жыл өтүптүр.

Аскат Мусабеков:«ЧАЧЫМДЫ ЛЕОНАРДОНУКУНДАЙ КЫЛЫП ЖҮРЧҮМҮН»
– Бул сүрөткө 7-8-класста атайын Ардак тактага түшкөм. Ал кезде «Титаник» тасмасы мода эле, чачымды Леонардо Ди Каприонукундай кылып жүрчүмүн. Мектеп босогосун аттагандан аяктагыча Ардак тактадан түшкөн жокмун. Ат-Башынын Ак-Моюн айылындагы активдүү, жакшы окуган балдардан элем. Линейкага он жыл ичинде бир эле жолу чыккам. Анда да коридордон катуу чуркап коюптурмун. Аны мектептеги дежур кыз көрүп калыптыр. Атам мектеп директору, апам француз тилинен сабак берчү. Французча катасы жок жазам, шар окуйм, андан ары алып кете алган жокмун. Мектепте 2 бетим чоктой кызыл, абдан шок, кечелердин алып баруучусу да, ырчысы да, куудулу да элем.

Айпери Кубик кызы:«АТАМ БИЗДИ КАМЕРАГА ТАРТА БЕРЧҮ»
– Ата-энем биз кичине чакта дем алыш күндөрү дайыма көчөгө алып чыгып циркке, сейил бакка алып барышчу. Атам кайсы бир жерде оператор болуп иштечү. Ошондуктан жанында дайыма камерасы бар, биз каякка барбайлы камерага тартат эле. Азыр көрүп күлүп калабыз. Жадакалса эртең менен бала бакчага тургузуп жаткандарынан бери тартчу экен. Бул сүрөттө кичүү сиңдим Аймери 2, иним Улан 9 жашта, мен 12де болчумун. Ата-энебиз менен чогуу сейил бакта жүрүп, анан Бишкектин борборунда Дубовой деген сүрөтчү бар эле, ошого түшкөнбүз. Атам «балдар өзүнчө түшүп коюшсун» деген болчу. Азыр мына 24төмүн, арадан 12 жыл өтүптүр.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Lucky.Star
2014-03-10 11:10:18
Баарын окшош кылып тартып коюптур го)) Айпери эже чыкпай калды го)))
0
Ханбийке
2014-03-10 15:28:19
Авазга упчу тагып койгону жакты))))
+2
Chynara3
2014-03-10 18:44:46
Ай иий сонун го.
0
rusalka.kgz
2014-03-10 19:39:05
арадан канчалаган жылдар отсо да катуу деле озгорушпоптур.бул эн жакшы нерсе
0
Gulichka.milichka
2014-03-11 02:44:10
Аваз жагат да.
0
jojoshka03
2014-03-11 09:28:11
сонун суротторго
0
ishinbolbosun
2014-03-15 18:07:47
biz da ozgorgon emespiz(
0
№ 592, 07-март-13-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан