68 ЖАШТАГЫ АКСАКАЛ «БЕЛЕК» ЛОТЕРЕЯСЫНАН 2 МИЛЛИОН СОМ УТТУ

Эл аралык жана улуттук майрамдарда гана ойнотулган «Белек» элдик лотереясы 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүндө 2-тиражын ойнотту. Жалпы байге фонду
5 жарым миллион сомду түзүп, баш байгеге 2 миллион сом каралган бул оюнда байгенин ээси көп күттүрбөй эле аныкталды. Ал Токмок шаарынын тургуну 68 жаштагы Токтобек ата болду. «Союз маалында гана лотерея ойноп жүрүп, кийин ойнобой калгам. Билетти ишенип-ишенбей сатып алгам. Минтип баш байгенин ээси болуп, 2 миллион сом утуп алганыма кубануудамын»,- дейт Токтобек ата. Ал өзү дыйкан болгондуктан, утуп алган каражатты айыл чарба техникаларын сатып алууга жумшаарын айтты.
Мындан сырткары Жеңиш күнүнө арналган чыгарылышта он миңдеген жеңүүчүлөр менен катар 5 киши (Акбаралы Кудайбердиев, Куттубек Эрменбаев, Руслан Сооронбаев, Аманкул Аширов жана Калысбек Жумабаев) ар бири 50 миң сомдон утушка ээ болушту. Алардын бири Талас шаарынын жашоочусу Аманкул Аширов кубанычын жашырбай, утуп алган акчаны чакан бизнеске жумшаарын билдирди. «Буга чейин далай лотерея ойногом, бирок бир да жолу утушка ээ болгон эмес элем. «Элдик лотерея» алдабайт экен»,- дейт А.Аширов.
Дагы бир 50 миң сомдун ээси Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Куттубек Эрменбаев 18-февраль туулган күнүндө балдары 2 лотереялык билетти белекке беришкенин айтат. «Биринчи билеттен 200 сомго ээ болдум, экинчисинде 50 миң сом утуп алдым. Балдарыма рахмат. Эми алган акчаны деле кайра балдарымдын керегине жумшайм»,- деп кубанычын жашырбады.
Мындай утуш ээлери чындап эле карапайым калктын арасынан чыгып жатканы дагы бир жолу оюндун таза экендигинен кабар берүүдө. Болуп көрбөгөндөй ири утуштарды ойнотуп, алгачкы чыгарылыштан тартып эле элдин лотереяга болгон ишенимин актап, жогорку актуалдуулукка жетишкен «Элдик лотереянын» кийинки чыгарылышы 21-март – Нооруз майрамына дал келет. Андагы баш байгенин суммасы 7 миллион сомду түзөт. Белгилей кетчү жагдай, Мамлекеттик финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын уруксаты менен уюштурулган бул оюндан компанияга түшкөн кирешенин 10 пайызы маданиятты өнүктүрүүгө которулуп келет.

Ширин Турдакунова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Saiha.84
2014-03-10 12:04:55
Утушу кут болуп,жакшылыктарына буюрсун!!!
0
nazarnew
2014-03-10 14:50:44
ушул лотереяны кайсы сайттан таап, и кантип катышуучусу болсо болот, сизден сураарым супер инфо жамааты кененирээк маалымат бере аласыздарбы, алдын ала ырахмат
0
Kymyzkyz
2014-03-10 16:28:40
Байгелерин Аллах насип кылсын!
0
bossmos7
2014-03-12 01:01:56
Насиип кылсын!
0
artur007
2014-03-14 11:58:20
утушунуз кут болсун.
0
angelina89
2014-03-27 00:03:11
мен 200сом уттум.
0
Bodibilding
2014-05-04 10:49:18
angelina89, билетти кай жерден алдын.
0
№ 592, 07-март-13-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан