4-март күнү саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык врач Кубанычбек Чойбеков кармалып, эртеси Бишкек шаардык соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Министр Динара Сагынбаеванын оң колу «медициналык ишмердүүлүк менен алектенүүгө лицензияларды мыйзамсыз берген» деп айыпталууда.
Саламаттыкты сактоо министринин дарегине негиздүү сындар айтылып келсе да, ал креслосун сактап келгендердин катарында. Дүйнөлүк ЖМКларга дүң болгон кара тумоо чуусу, мал-жандын кырылуусу, психиатриялык ооруканадан коомго коркунучтуу кылмышкерлердин качышы, алардын кайрадан өзгөчө оор кылмыштарды кылуусу, төрөт үйлөрүнөн балдардын уурдалып, сатылышы, тирүү балдардын өлүктөргө алмашылып калышы, айтор, санай берсең өтө көп. Бир жылдын тегерегинде эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин айланасында ушунча мыйзамсыз, кейиштүү жыйынтыктарга алып келген окуялар болуп өттү. Минтип Сагынбаева орун басары аркылуу дагы бир ирет чалынып отурат. Качан Сагынбаева жетекчи катары жооп берчү күн келет?
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg