Аялдар түрдүү болушат. Бири ыйлаак, ишенчээк болсо, айрымдары өжөр жана талапчыл. Бүгүнкү менин маектешим сыртынан катуу көрүнгөнү менен жан дүйнөсү абдан сезимтал, боорукер жан. Ал ААК «КЫРГЫЗСТАН» коммерциялык банкынын башкаруучу директору Жылдыз Сарбагышева.
САРБАГЫШЕВА ЖЫЛДЫЗ КАРЫПБЕКОВНА
– Жылдыз айым, сизди 8-март Айымдардын эл аралык майрамы менен куттуктайбыз!
– Чоң рахмат! Мен да учурдан пайдаланып жалпы чоң энелерди, апаларды, эже-сиңдилерди жаркырап кирип келген жаз майрамы менен куттуктайм! Аялзат менен 8-март айлана-чөйрөгө жылуулукту жана сулуулукту өзү менен бирге алып келет эмеспи. Эне деген берешен, мээримдүү зат. Ошол асыл сапаттардан жазбай, ар дайым назик жана жаш болуп жүрө бериңиздер!
– Ушул майрамда алган эсте калган белегиңиз эмне болгон?
– Эң эсте калган жагымдуу белек колго жасалган ачык кат болгон. Аны ким бергенин айтпай эле коёюн, бирок мага абдан жаккан. Мен эмнегедир гүлдү анчейин баалай бербейм. Гүлдесте менин маанайымды көтөрөт десем калп айткан болом. Бул жылы «чет өлкөгө барып эс алып келүүгө жолдомо алсам сонун болмок» деп кыялданып жүрөм.
– Сулуулугуңузга кандай кам көрөсүз?
– Учуру менен сулуулук салонуна барып турам. Бирок жаратылыш берген сулуулукка өзгөртүү киргизгим келбейт. Менимче ар бир аял табиятынан сулуу жаралат. Айрым аялга жылмайган жарашат, кээ биринин ички дүйнөсү сулуу.
– Кепти сиздин балалыгыңызга бурсак...
– Менин балалыгым Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өткөн. Апам орус кызы болгону менен кыргыз тилин абдан жакшы билет. Атам жана биз апамдай кыргызча сүйлөй албайбыз. Мен болсо мектепте да, университетте да «ботаник» болчумун. Китепти кучактап алып, кошумча сабактарга катышып эле жүрчүмүн. Ага карабай баарына жетишер элем. Үйдөн түн бир оокумга чейин китеп окучумун. Музыкага кызыккандыктан пианино классына барчумун. Көп жылдан бери пианино ойногонго убакыт жок, унутуп калсам керек. Жаштайыман жаныбарлардан жылкы абдан жагат, кантсе да кыргыз кызымын да. Кээде жайлоого барганда минип калам.
– Мектепти бүтүп, кайсы багытка жол алдыңыз? Балалык кыялыңыз орундалдыбы?
– Биздин үйдө аялдардын көпчүлүгү дарыгер болгондуктан «медайым болом» деп кыялданчумун. Ал тургай, химия, биологияны өзгөчө жакшы көрүп окуп, кадимкидей даярданчу элем. Мектепти аяктап, документтеримди Медициналык академияга даярдап жатканда атам азгырып кетти. Ал: «Медициналык академияга тапшырууга дагы эки жума убакыт бар. Ага чейин кел, башка университетке, башка факультетке да тапшырып көрөбүз»,- деди. Ошентип, Кыргыз Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетине бюджеттик орунга кабыл алынып калдым. Атамдын кеңеши менен ал окууну аяктап, бирок кесибим боюнча эмес, таптакыр башка жакка, банкка иштеп кеттим. Эсимде, студент кезде университеттин медицина факультетинин студенттери менен моргго кирүүмө уруксат беришкен. Ошондо дарыгер болбой калганыма кубангам. Анткени мен адамга операция жасоого жүрөгүм чыдабайт экен.
– Анан карьераңызды кантип баштап калдыңыз?
– Мен бүтүрүүчү курста окуп жүргөндө конкурстук негизде ушул банкка жумушка өттүм. Анда Германиядан келген кызматкерлер иштечү. Ошентип 2001-жылдан бери ушул жерде эмгектенем. «Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей, бул жерден кетсем да кайра эле келип иштеп жүрөм.
– Талап бар жерде тартип бар эмеспи, сиз кызматкерлерге кандай талап коёсуз?
– Абдан талапчылмын. Биз ар бир кызматкерден «бул тапшырманы канча убакытта аткарып бүтөсүң?»- деп сурайбыз. Убадалашкан саатка ал жумуш аткарылып бүтүшү керек. Ага чейин ал кино көрөбү, оюн ойнойбу өз иши.
Жумуш столунда ашыкча бир да кагаз болбош керек, баары иреттүү болушу зарыл. Мисалы, кокусунан мен бир кагазды столума калтырып, командировкага кетсем, аны башка кызматкер издеп отурбашы шарт.
Анан да кыргызчасынан той-аш, жакшылык-жамандыктарга баруу жок. Андайды жыйыштырып койгонбуз. Аны кол алдымдагылардан талап кылам.
– Учурда окууну бүтүп, жумуш таппай жүргөн жаштарга эмне кеңеш айтасыз?
– Иш издеп жүргөндө конкурска келеби, сыноого келеби, айтор, өзүн-өзү көрсөтө билиши керек. Канча турарын, канчалык баалуу кызматкер болорун далилдей алышы абдан маанилүү. Жумушка сыноого алынгандан кийин өзүң аракет кылып, баарын үйрөнүүгө, өздөштүрүүгө далалат кылбасаң, жаныңдагы адам сени өз атаандашы катары кабыл алып, айрым сырларды түшүндүрбөшү толук мүмкүн. Себеби эртең сен анын ордун алып коюу коркунучу бар. Ошондуктан өзүңдүн гана күчүңө ишен.
– Жумуштан чарчаган учурда эмне кыласыз? Кантип эс аласыз?
– Жумуш боюнча чет өлкөгө көп чыккам. Бирок Ала-Арчага барып эс алганды жакшы көрөм. Кыргызстандын абасы, суусу өзгөчө. Аймактарга да көп баргандыктан, ар бир облустун өзгөчөлүү жактарын баалайм. Өзгөчө Чычкан капчыгайы абдан жагат, сонун эргүү алам. Кайсы жерде жүрбөйүн телефонум дээрлик тынбайт.
– Кандай телефон көтөрөсүз?
– Учурда Samsung galaxy моделин көтөрөм. Мындан сырткары дагы бир телефонум бар. Сууга түшсө да, эмне болсо да иштей берет, абдан бышык. Бирок кызыгы, канча телефон алмаштырсам да көп жылдан бери бир эле номерде жүрөм. Анан да бир эле компаниянын кызматын пайдаланам.
– Кайсы байланыш оператордун кызматынан колдоносуз? Анын ишиңизге канчалык жардамы тийет?
– Мегаком тунук жана таза тартат. Кайда болбоюн антеннасы толук чыгып, ар дайым байланышта болом, бирөөгө да чала алам. Мен Мегаком пайда болгондон баштап эле колдонуп келем. Биз сыяктуу телефонунун жаагы жабылбаган, тынымсыз байланышка чыккандар ушул операторду колдонсо абдан ыңгайлуу. Интернет кызматтары да бат ачат. Командировка кезинде жолдо болобу, белде болобу, электрондук почтамды текшерип, жооп жаза алам. Мен башка байланыш кызматтарын да колдонуп көрдүм. Мегакомдон өтөөрү жок экен, ошону жакшы билем.
– Заманбап аялдар унааны да мыкты айдашат. Сизчи?
– Айдачумун, 2004-жылы автокырсыкка кабылгам. Ошондон кийин коркунучтан уламбы, рулга отура элекмин. Негизи корккон кадамга каршы басуу керек дешет. Мен да кайрадан унаа айдайм деп ишенем.
– Маегиңизге рахмат!
Гүлмайрам Сабырбекова