Урматтуу замандаштар!
Эң оболу сиздерге ыңгайсыздык жараткандыгым үчүн алдын ала кечирим сурайм.
Мындан бир ай мурда 17-март күнү борборубуздун «Ала-Тоо» аянтында жалпы республикалык курултай өткөрөрүбүздү жарыялаган элем. Белгилүү себептерден улам иш-чараны 31
мартка жылдырууга туура келди.
Себеби курултай күнү атайын провокациялык топ түзүлгөндүгү бизге белгилүү болду. Мындан сырткары үчүнчү күчтөр да пайдаланып кетпеш үчүн бир аз убакытка жылдырып, мекенчил жигиттерден турган элдик кошуун түзүп, курултайды ызы-чууга айландырбастан, провокацияга алдырбастан жогорку деңгээлде өткөзүп алуу максатын көздөйбүз. Бийлик бул курултайды болтурбоого аракет кылууда. Себеби курултайда ачуу чындыктар айтылып, бийликтин чыныгы жүзү ачылары баарыбызга айкын.
Биздин максат – «Кумтөр» жана башка кен байлыктарыбызды, экологиябызды жана урпактарыбыздын ден соолугун сактап калуу.
Урматтуу замандаштар!
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, «Кумтөрдүн» кийинки абалы келечекте жалпы мамлекет үчүн коркунучтуу болуп турат. Бүгүн Нарын суусуна кошулуп агып жаткан цианид бул башталышы эле. Эки жылдан бери катастрофа болгону жатат деп кан какшап айтып келсек да бийлик тоготкон эмес. Жыйынтыгында уулуу топурак ылдый жылып, жолундагынын баарын талкалап келе жатат. 360 гектар жерде тереңдиги 35 метрдик уу калдык сактоочу жайдын ылдыйкы жээгинде орун алган тосмо бетондолбостон топурак жана кум менен тосулуп, оор техникалар менен жөн гана тапталууда. Бул жасалып жаткан иш эч бир стандартка туура келбесин жакшы билесиздер. Азыркы убакта тосмо 1 метрден ашык жылгандыгын жана тосмодо жарака бар экендигин депутаттык жана өкмөттүк комиссиялар тастыктап берди. «Кумтөрдө» алтын түгөнгөндөн кийин бул бекемдөө иштери токтойт. Андан кийин бул тосмону жаандын эле суусу жарып кетери айтпаса да түшүнүктүү. Бул жерде 100 миллион тоннадан ашык цианид көлү жатат. Эртеби, кечпи, бул барып Нарын дарыясына куят. Андан кийин Нарын суусунун жээгинде жашаган миллиондогон Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын элдерине жашоого мүмкүнчүлүк болбойт. Эң жок дегенде ушуну тереңирээк ойлонуп чечим кабыл алалычы. Азыркы ташылып кетип жаткан алтыныбыздан кичине болсо да бөлдүртүп, кеч болуп кала электе тосмону бетондотууга аракет кылбайлыбы?!
Бүгүнкү күндө экологияны калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн акчабыз Лондондун банкында жатат. Азыр алтын күркүрөп чыгып жаткан мезгилде ошол акчаны ала албай отурабыз.
Алтын түгөнүп, булар кетип калгандан кийин кантип алабыз? Экологиядан, алтындан же акчадан жок отуруп калуу коркунучунда турабыз.
Президент, өкмөт, парламенттин айрым депутаттары күнүмдүк кызыкчылыктарынан улам эки жылдан бери эч нерсе чечпей келишкени баарыбызга маалым. Ушул эки жыл
аралыгында «Кумтөрдөн» 40 тонна алтын (2 миллиард доллар) ташылып чыгып кетти. Бүгүн да чыгып кетип жатат. Чет элдиктер менен биздин бийликтегилерге Кыргызстандын, элдин, «Кумтөрдүн» келечек тагдыры баары бир болуп калды. Булардын максаты эптеп эле күн өткөрүп, болгон алтынды ташып чыгып кетүү болуп калыптыр.
Эми эң акыркы чечим элдин колунда. Ошондуктан өлкөбүздүн келечегине кайдигер карабаган бардык жарандарыбыз 31-март күнү түшкү саат 14:00гө «Ала-Тоо» аянтына келип курултайга катышып, Кыргызстандын атуулу катары өз оюңуздарды билдирсеңиздер! Менин акыркы үмүтүм калды. Себеби өз өмүрүмдүн коопсуздугун тобокелге салып, эл аралык мафиянын жүзүн ачыкка алып чыктым эле. Эгерде ушунда «Кумтөр» маселеси биротоло чечилбесе, мындан ары да чечилбесин бөркүңүздөй көрө бериңиз.
Жалпы элге кайрыларым, азыр кымбатчылык каптап тургандыгына байланыштуу 31-мартта Бишкекке келе албай калган мекенчил жарандарыбыз облустарда, райондордо, айыл өкмөттөрдө өз оюңуздарды билдирип, кабыл алган чечимиңиздерди кагаз жүзүндө Бишкекке жөнөтсөңүздөр болот. Кыргызстанда жашаган ар бир жаран «Кумтөргө» жана мамлекеттин келечегине кайдигер карабайт деп терең ишенем.
Урматтоом менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Нургожоевич Жапаров.