Борбордогу мыкты деп аталып келген №4-төрөткана акыркы убактарда чуулгандуу окуялардан башы чыкпай калды. Эске салсак, 2007-жылы аталган мекеменин дарыгери жаңы төрөлгөн ымыркайды сатканы жатканда кармалса, 2009-жылы эки ай ичинде алты эне төрөттөн көз жумган. Былтыркы жылдын күз айларында да төрөтканадан ымыркай сатылып кеткен окуя катталып, үрөйдү учурган. Жакында дагы бир чуулгандуу иш катталды. 27-февраль күнү мекеменин дарыгерлери жаңы төрөлгөн баланы чарчап калган ымыркай кызга алмаштырып салышкан.
«ӨЛҮККАНАГА БАРСАК ЭРКЕК ЭМЕС, КЫЗДЫ КӨРСӨТҮШТҮ»
Наристесин жоготуп, кайра тапкан үй-бүлө коомчулукка аттарын айткысы келбеди. Алмашылып кеткен наристе бул жаш үй-бүлөнүн экинчиси. Төрөттөн кийин ата-энесине жаңы төрөлгөн ымыркайы чарчап калгандыгын мекеменин дарыгерлери айтышкан. Бирок жынысы эркек болуп төрөлгөн ымыркайдын ордуна өлүкканадан кызды көрсөтүшкөн. Энеси бул окуядан кийин кан басымы көтөрүлүп, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул иш жөнүндө ымыркайдын чоң атасы төмөнкүлөрдү билдирди:
– Келиним төрөгөндүн эртеси бизге «небереңер чарчап калды» деп угузушту. Өлүкканага барсак кыз экен. Биз «алмашып кеткен эмеспи?..» деп дароо Саламаттыкты сактоо департаментине кайрылып, текшерип берүүсүн сурандык. Себеби келиним төрөй элек кезиндеги бейтапканадан алган бардык документтеринде жынысы эркек экени көргөзүлгөн. Кантип эле бир вакуумдан экинчи вакуумга алмашып кетмек эле, бул иш атайын жасалгандай болууда. Учурда неберем вакуумга жаткырылып багылууда. Дарыгерлер «атасы менен ымыркайдын ДНКсын текшергенден кийин гана баланы кайтарып беребиз» дешүүдө.
«ТОЛГОО УЧУРУНДА ДА КОШ КӨҢҮЛ МАМИЛЕ КЫЛЫШКАН»
Жаңы төрөгөн аялдын сиңдиси төмөнкүлөрдү кошумчалады:
– Эжемдин толгоосу учурунда деле дарыгерлер көңүл кош мамиле жасашкан. Эртеси күнү бизге чарчап калган баланы алып келип беришти. Алмашып кеткенин байкап, башкы жана киндигин кескен дарыгерге жолугалы десек таптакыр жолуктурбай коюшту. Ошондо гана Саламаттыкты сактоо департаментине кайрылдык. Ал жактан комиссия келип териштире баштаганда дарыгерлердин бардыгы өз ордунда болуп калышты.
«ЭКИ ДАРЫГЕР ЖАНА ҮЧ АКУШЕР КЫЗМАТЫНАН АЛЫНДЫ»
Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин директорунун орун басары РАХАТ БЕЙШЕНАЛИЕВ бул факт боюнча Октябрь райондук прокуратурасы тергөө ишин жүргүзүп жаткандыгын билдирди:
– Бизге 27-февраль күнү ымыркайдын ата-энесинен билдирүү келип түшкөн. Ата-эне жынысы эркек баланы күтүп жатышкан экен, бирок дарыгерлер «ымыркай чарчап калган» деп кызды көрсөтүшкөнүн билдиришти. Бул факт боюнча атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Ымыркайдын колундагы бирка өлгөн наристеге тагылып, журналдагы жазуу да оңдолуп калган. Биздин комиссия «бул атайын жасалган иш» деп баалап, күнөөлүүлөрдү аныктады. Буга тиешеси бар адамдардын баары түшүнүк кат жазып беришти. 2 дарыгер жана 3 акушер кызматынан алынды.
Жаңы төрөлгөн ымыркай ара төрөлгөндүктөн вакуумга жаткырылган, учурда ден соолугу канааттандырарлык. Эми бул иш тергөө амалдарынан кийин аныкталат. Ал эми чарчап калган ымыркай кыз өз ата-энесине берилди.
Ал эми төрөт үйүнүн жетекчилиги тергөө иштери жүрүп жаткандыгын айтып, жооп берүүдөн баш тартышты. Башкы дарыгердин орун басары өз арызы менен кызматтан кеткен.
«ЫМЫРКАЙЛАР АЛМАШТЫРЫЛГАНЫ ДАЛИЛДЕНДИ»
Октябрь райондук прокурорунун орун басары КУРСАНТБЕК КАРИМОВ бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын айтты:– Бул ишти иликтөө учурунда ымыркайларды алмаштыруу фактысы далилденип, аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (баланы алмаштырып коюу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда бул кылмыш иши Октябрь РИИБине өткөрүлүп берилип, тергөө иши жүрүп жатат.
Азыркы убакта акча үчүн 9 ай бою көтөргөн энени баласынан ажыратып коюу 2 мүнөттүк эле иш болуп калдыбы деп коркосуң. Бул заманда, башкаларын жөн эле коёлу, бала жытын искеп, бактылуу болуу да кооптуу болуп калгандай...
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg