ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ:«КЫЗДАРГА КАРАГАНДА МАШИНАМА АЗ АКЧА КОРОТОМ»

Кээ бир адамдарга машина бардар жашоодон кабар берген буюм болсо, кимгедир жөн гана жумушун бүтүрүү үчүн керектелген транспорт. Ырчы Дайыр Исмадияров экинчи топтогу адамдардын катарына кирет. «Ойлоп көрсөм, жашоомдун 60 пайызы темир тулпарымда өтөт экен» деген ырчы мырза унаасы тууралуу кызыктарды айтып берди.

Үлгүсү – Мерседес-Бенц
Модели – С 200
Эң жогорку ылдамдыгы – 260-280 км/с
Кыймылдаткычынын көлөмү – 2000 см3
Түсү – күмүш
Чыккан жылы – 2003-жыл
Баасы – белекке алган
Чыгарган өлкө – Англия, оң рулдуу

– Салам, Дайыр! Темир тулпар сенин жашооңдо канчалык маанилүү?
– Салам, чынында, мен телефон, машина дегендерди артынан кууп жаңылабайм. Машина мага жумушту бүтүрүү үчүн колдонулуучу техника. Азыр ойлоп көрсөм, өмүрүмдүн 60 пайызы рулда жүрүп өтөт экен. Себеби концертке барганда машинаң болбосо кийим-кече менен таксиге түшүп жатып жүдөйсүң.

– Бул унааны агам белек кылды деп жаттың эле...
– Ооба, бул машинамды бир тууган агам туулган күнүмө белек кылды. Машинаны алып беришине өзүм себепчи болдум окшойт. Буга чейин Гольф 4 үлгүсүндөгү унаа айдап жүргөм. Агам улам чалган сайын «машинам ремонтто, уруп алдым, бузулуп калды» дей берчүмүн.

– Убактыңдын көпчүлүгүн рулда өткөрөт экенсиң. МАИчилер менен жакшы эле тааныш болуп калсаң керек?
– МАИчилерге көбүнчө ылдамдыкты ашырып кармалам. Бирок алар менен мамилем жакшы эле. Чындыгында, ылдамдыкты жакшы көрөм. Алыс жолго чыксам эч качан бирөөнү «обгон» кылдырбайм. Эгер бирөө менден өтүп кетсе, ага жетип, сөзсүз ашышым керек. Ошол адатымды калтыра албай келем.

– Бойдок эмессиңби, кыздарга көп акча коротосуңбу же машинаңабы?
– Машинага көп деле акча кетпейт. Жумасына эки жолу жуудурам, 500 сомго, майын алмаштырыш керек болсо айына бир алмаштырышым мүмкүн, 2000 сомго. Азыр кафеге бир кирип тамактанып чыкканың 1500-2000 сомду чапчыйт. Киного барсаң 1000 сом кетип калат. Машинамды «жаным» деп эркелетем да. Кыскасы, «жаныма» кыздарга караганда аз акча коротом (күлүп).

– Эң биринчи рулга отурган күнүң эсиңдедир?
– Эсимде, бала кезде, таякемдин ЗИЛи бар эле. Бир жолу жайында семичке жүктөгөнү талаага бардык. Таякем ЗИЛин арыктын четине токтоткон экен, аны байкабай эле уурданып барып жүргүзсөк арыкка түшүп калып жатпайбы. Дароо өчүрүп, семичкенин арасына качып кирип кеткенбиз. Ошондон кийин тынч жүрөйүнчү деп машинага жакындабай калгам. Кийин агам үйдө желим бөтөлкөлөрдү тизип, ошолорду айланып өт деп үйрөттү. Ошентип 2004-жылы биринчи жолу Мерседес С үлгүсүндөгү темир тулпарымды сатып алдым. Аны көпкө айдап, Тойота Камри, андан соң Гольф 4кө алмаштыргам.

– «Техникага ишенич жок» деп коюшат эмеспи. Машина менен жол-белде калган күндөр болгонбу?
– Гольф үлгүсүндөгү унаам менен Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып чыккам. Бир жолу Таш-Көмүрдөн Жалал-Абадды көздөй келатканбыз. Тегиз асфальттын бир жерин сел оюп жууп кетиптир. Катуу ылдамдык менен баратып аңга аз калганда тормозду басканга жетишпей кыйкырган боюнча аңдан өтүп кеттим. Анан эле бир аз жүрүп-жүрбөй машина өчүп калды. Көрсө, аңдан өткөндө таш мотордун поддонун тешип кеткен экен. Майдын баары чууруп жүрүп, түгөнүп калыптыр. Өтүп бараткан машиналардын бирине салондогу коопсуздук курларын кыркып чиркештирип, Шамалды-Сайга чейин жеткенбиз. Андан ары Жалал-Абаддагы досум алып кеткен.

– Ушинтип машинаң бузулуп калганда оңдоп коюу колуңдан келеби?
– Майын эле текшертип койбосом капотту ачпайм деле. Оңдогонду билбейм, түшүнбөйм. Эгер жумушум ошого байланыштуу болсо үйрөнүп алмакмын. Элестет, бузулуп калса аны ачып оңдосоң колуң май болот. Ал да оңою менен жуулбайт, май колуң менен эл алдына чыга албайсың да. Ошон үчүн ачпаганга аракет кылам. Бирок 3 машина алмаштыргандан кийин эмнеси бузулуп жатканын ачпай эле билип калдым. Мурун «тык-тык деп жатат» деп СТОго барар элем (күлүп). Азыр дароо эмнеси бузулганын айта алам.

– Эми жеке жашооңо өтөлү. Акыркы кезде мурунку сүйүүм менен кайра табыштык деп, көп өтпөй кайра ажыраштык деп чыктың. Сүйүүңөр бат эле муздап калдыбы?
– Туура, табышканбыз. Ал кызды үйүнөн алып келип, бир жумадай меникинде чогуу жашадык. Бир урушуп кеткенден кийин муздап калат экенсиң. Мурунку сезим менен эле сүйгөнмүн деп айта берипмин, көрсө. Азыр өзүмдү толук чыгармачылыкка арнап жатам. Ага өчөшүп тез арада бирөө менен мамиле куруп, туура эмес кадам кылып алгым келбейт.

– Чыгармачылык кандай болуп жатат анан?
– Жакында эле Караколго гастролго чыгып келдик. Эми Ноорузга карата Жалал-Абад шаарында 20-21-март күндөрү концерт коём. Көрүүчүлөргө оюндар ойнотулуп, белектер коюлууда. Андан сырткары ар бирин сүмөлөк менен тосуп алам.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Унаасын кыздарга салыштырган Дайыр Исмадияров
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
adidas07
2014-03-17 18:55:58
бир жума бирге жашаганычы аны суйгону менен.
-1
gulperi.kg
2014-03-17 19:34:22
Жакшы)))акылдуу жигит экен))))))))))
+1
ruslanwww
2014-03-17 22:33:39
сен машинан менен кыздарды салыштырба кыз деген АПАН кыз деген карындашын кыз деген ежен
+4
meerim94
2014-03-18 02:29:46
чыгармачылыгына ийгилик Дайыр байке ырларынды суйуп угам да ждакшы ыр клиптерди кутобуз
+1
mikatagaev
2014-03-18 09:31:01
Kyzdardy mashinege salyshtyryp koigongo moo ххх
-1
Sonun90
2014-03-18 14:25:59
Малыштырса эмне экен. Ото эле томон адам боло бербегилечи урматтуу кыргыз элим. Кичине заманбап ой жугурткулочу. Болбогон нерсени эле чоон нерсе кылып. Негизи Ддайыр мыкты жигит, мыкты ырчы
0
nagi82
2014-03-19 20:10:36
Мм даа Дайыр бир жума жашап эмне кылдынар экен кызык
0
Kara_koz
2014-03-20 14:10:20
машинасын жаным десе кыздарды ананай дейби.
0
nagi82
2014-03-20 19:53:16
Аппагым дейт
0
LadyD
2014-03-20 23:17:16
негедир ушул ырчы такыр жакпайт
0
joni90kg
2014-03-21 00:30:58
biraaz chon suilop koiuptur kolun mai bolotdep er jigitke 70 onor azduk kulat mashina ondogonduda uironda mingenden kiuin
0
diiazbek
2014-03-23 12:29:03
Элестет, бузулуп калса аны ачып оңдосоң колуң май болот. Ал да оңою менен жуулбайт, Баякы корбогондун коргону курусун болуп катуу кетиптиргоооо
+1
Oceana
2014-03-23 23:37:42
Таза адам болуп алыптырго тим эле.
0
osor
2014-03-29 07:39:06
адам тоготпой калганго
0
osor
2014-03-29 07:42:27
Нурлан Насип деле журотко жонокой жигит болуп.
0
№ 593, 14-март-20-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан