ИИМ оң рулдуу автоунааларды өлкөбүзгө киргизүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Алардын түшүндүргөнүнө караганда, жолдордогу болгон кырсыктарга мындай автоунаалар күнөөлүү экен. Өкмөттө коомдук угуудан өтүп жаткан бул мыйзам долбоорун колдогонго караганда каршылар көп. Кеп ушул тууралуу.
СТАТИСТИКАГА КАРАСАК
Өлкөбүздө 888 миң 572 транспорт каражаты катталган болсо (2012-жылдын 31-декабрына карата), анын 89 миң 375и оң рулдуулар. Мындай унаалар катталган унаалардын 10 пайызын түзөт жана акыркы 3 жылда саны 30 пайызга өскөн. Жол көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, жол кырсыктары 2012-жылга караганда 2013-жылы 29,1 пайызга өскөн. 2012-жылы 4 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 1069 киши каза тапса, 2013-жылы 5990 жол кырсыгы катталып, анда 1214 киши каза болгон. Оң рулдуу унаалар сол рулдууларга караганда 10 эсе аз болсо да, кырсыкка кабылуу көрсөткүчү жалпы жол кырсыгынын 18,2 пайызын түзөт.
«КЫРСЫКТАР ИЛИКТЕНГЕН ЭМЕС»
«Жол кырсыктарынын негизги себеби иликтенген эмес» дегендердин арасында Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору УЛУК КЫДЫРБАЕВ да бар:
– ИИМдин «оң рулдуу унааларга тыюу салуу керек» дегени негизсиз. Себеби алар иликтөө жүргүзбөй эле, статистикага таянып айтып жатышат. Оң рулдуу унаалар жол кырсыктарына катышканы менен, кырсыкка учураган унаалардын кимиси күнөөлүү экендиги статистикада ачык көрсөтүлгөн эмес. Кырсык эмнеден улам келип чыкканы да иликтенген эмес. Бул жерде айдоочулардын тажрыйбасы, жолдун абалы, ошол убакта жол чырак иштегенби же иштеген эмеспи, алар да белгисиз. Мүмкүн, айдоочу ошол убакта мастыр? Эң алгач кырсыктын чыныгы себебин иликтеп, далилдеп, анан күнөө койсо болмок.
Эгер оң рулдууларга тыюу салынып калса, биринчи эле карапайым эл жабыркайт. Мындай унаа менен нан тапкан таксисттер, унаа ташыган ишкерлер да жумушсуз калышы мүмкүн. Алар салык төлөбөй калышса өкмөт да экономикалык жактан зыян тартат.
«КАЛККА ЗЫЯН АЛЫП КЕЛГЕН МЫЙЗАМ ЧЫГАРЫП КОЙГОН ОҢОЙ»
«Консалтинг жана изилдөө» компаниясынын директору АЗАМАТ АКЕЛЕЕВ:
– Маселе рулда эмес, жол кыймылын көзөмөлдөө жана унааны башкарууда. Коррупцияга малынган чиновниктерге эч кандай реформа кылбай эле, карапайым калкка зыян алып келген мыйзам чыгарып койгон оңоюраак. Мисалга, коопсуз шаар деген долбоордун алкагында көчөлөргө видеокамералар орнотулмак. Бирок ал долбоор чийки иштелип калган, ошондуктан тендер бузулуп, бүгүнкү күндө соттошуп жатышат. Мындан мамлекетке канчалаган акча зыян келтирилди, ошентсе да эч ким жоопкерчиликке тартылган жок.
«КИМДИР БИРӨӨНҮН ЗАКАЗЫ БОЛУШУ МҮМКҮН»
«Бул сунуш сол рулдуу автоунаа чыгарган же ташыгандардын заказы болушу да мүмкүн» деп эсептейт Жөнөтүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын президенти ГҮЛНАРА УСКЕНБАЕВА:
– Мен муну орто жана кичи бизнеске, элге карата ойлонулбаган кадам деп эсептейм. Оң рулдуу автоунаалар арзан жана сапаттуу. Ошондуктан элибиздин жакыр катмары, көптөгөн ишканалар ушундай унааларды өз иштерине пайдаланышат.
Тажрыйба көрсөткөндөй, көпчүлүк учурда депутаттар жергиликтүү калктын жана элибиздин көпчүлүгүн түзгөн майда ишкерлердин кызыкчылыгын талаша бербейт. Ким кимге канча акча берди, бул тууралуу менде азырынча маалымат жок, бирок бул кимдир бирөөлөрдүн заказы экендиги көрүнүп турат. Оң рулдуу унаалар мынча жол кырсыгына кабылган деп жатышат. Алардын арасында оң рулдуу менен сол рулдуу унаалар сүзүшкөндө сол рулдуу унаанын айдоочусу күнөөлүү, ал эми оң рулдуу унаанын айдоочусу жабырлануучу болгон учурлар да бар. Ошондуктан баарына оң рулдуу унаа күнөөлүү деген анализ туура жүргүзүлдү дегенден күмөнүм бар.
Оң рулдуу унааларга тыюу салуу менен жол кырсыктарынын көйгөйлөрүн чече албайбыз.
ЖОЛ КЫРСЫГЫН АЗАЙТУУНУН БАШКА ЖОЛУН ТАБУУ КЕРЕК
Чынында эле оң рулдуу унаанын айдоочусуна биздин өлкөдөгү оң жактуу багытта жүрүүгө ылайыкталган жолдордо унааны ашып өтүүдө жана жүргүнчүлөрдү отургузуп-түшүрүүдө ыңгайсыз. Бирок кырсыктардын болушуна руль эмес, рулду башкарган адам күнөөлүү.
Кыргызстанда МАИчиге акча бербеген айдоочуну же айдоочулардан акча албаган МАИчини табуу чөптүн арасынан ийне издеп тапкандай эле болсо керек. Жол эрежесин бузган айдоочу МАИчиге тыйын берип кутулуп кетерин билет. Себеби бизде жогорку кызматта иштеген таанышың же жаныңда акчаң болсо, жол эрежесин канчалык одоно түрдө бузсаң да камалбайсың же айдоочулук күбөлүгүңдөн айрылбайсың. Бул эреже бузууну пропагандалоо эмес, коомубуздагы реалдуулук. Ошондуктан толук иликтебей туруп, кырсыктардын баарын оң рулдууларга шылтап жаткан МАИ кызматынын ишмердүүлүгүн биринчи реформалоо керек болуп жүрбөсүн?
Оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө тыюу салынабы же жокпу, азырынча белгисиз, бирок кандай болгон күндө да, жолдогу кырсыктар азайып кетишине кепилдик жок. Андан көрө кырсыктын алдын алуу үчүн эң алгач айдоочулук күбөлүктү сатып алууну токтотуп, айдоочуларды жол эрежелерин сактоого үйрөтүп, МАИчилердеги пара алууну токтотуп, мыйзамдуу иштөөгө өткөрүү зарыл.
ОҢ РУЛДУУЛАР АРЗАН, САПАТТУУ
Оң рулдуу унаалардын акыркы 3 жылда 30 пайызга көбөйүшү жөнөкөй кыргыз жарандарынын кандай унааны тандагандыгынан кабар берет. Эмне үчүн оң рулдуу унааларга талап көп? Биринчиден, сол рулдуу унаага караганда баасы алда канча арзан. Мисалга алсак, 2003-жылы чыккан оң рулдуу
Хонда Фит унаасынын орточо баасы 3 жарым миң доллар болсо, ошонун эле сол рулдуусу Хонда Жаз 5 жарым миң доллар турат. Анан да Япониядан чыккан унаалардын сапаты башка өлкөлөрдөн чыккан унааларга караганда мыкты, техникалык мүнөздөмөсү да жакшы жана түрү көп. Ошондуктан чөнтөгү жука эл акчасына карап арзан,
бирок сапаттуусуна качырат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНА КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?
Жумабек Токтогонов, 43 жашта:
– Кеп рулдун оң же сол жакта болгондугунда эмес, айдоочунун чебердиги, тажрыйбасында. Оң рулдуу унаа алыскы жолго айдаганда гана кыйынчылык туудурбаса, шаар ичинде абдан ыңгайлуу. Айдоочулар бири-бирибизди сыйлап турсак эле жол эрежесин бузуу азаят.
Батырбек Матешов, 38 жашта:
– Жол кырсыктарына оң рулдуу унаалар күнөөлүү деген туура эмес. Күнөө айдоочуда. Мисалга, мен оң да, сол да рулдуу унааларды айдап жүрөм. Ыңгайсыздык жаратпайт деле. Ал эми Япониядан чыккан унаалардын сапаты башкаларга караганда жакшы.
Зарема Шаршенова,32 жашта:
– Баарыбыз эле жол эрежелерин бузабыз. Тажрыйбалуу айдоочу болсоң, кандай унаа болбосун айдап кете аласың да. Бирок шаарыбызда унаалар көбөйүп, тыгындар көп боло баштады. Мамлекет тыгындарды азайтууга чара көрүүсү керек.
Асылбек Жоломанов, 23 жашта:
– Оң рулдуу унаалар арттан келе жатып алдыга чыга калышып, алдыңкы жактагы унааны көрбөй калышат. Ушундай учурлар көп кездешет. Шаарыбызда да ошондой унаалар толуп кетти. Бир чара көрүшсө, тыгындар да болбой калат беле?..
Ильяс Ормонбеков, 26 жашта:
– Жол эрежесин сол рулдуусу деле, оң рулдуусу деле бузуп жатпайбы. Мунусу күнөөлүү, тигиниси күнөөсүз деп кесе айтуу кыйын. Болгону биздин жол оң жактуу, сол рулдуу унаага ылайыкталган. Андыктан сол рулдуу унаа айдасаң, оңоюраак болот.
Бакай Жалилов, 24 жашта:
– Оң рулдуу унааларды көбүнчө кыз-келиндер айдашат, алар эрежени жакшы билишпейт. Ошон үчүн эл арасында «оң рулдуулар эрежени көп бузат» деген пикир жаралып калса керек. Көбү айдоочулук күбөлүктү сатып алышат, эрежелерди бузушат, анан күнөөнү рулга шылтап коюшканына таң калам.
Жаннат Калмаматова, 20 жашта:
– «Оң рулдуу унаалар эрежени көп бузат» дегенге кошулбайм. Айдоочу туура айдаса эле жол эрежелери бузулбайт. Мен деле оң рулдуу унаа айдайм. Жол эрежесин бузбаганга аракет кылам.
Адилет Керимбек уулу