Коргоо кеңеши энергетика тармагындагы коррупция болушу мүмкүн болгон 6 зона менен 25ке жакын коррупциялык схемаларын аныктап чыкканын билдирди. Конкреттүү ысымдар же цифралар айтылбады. Кеңештин жумушчу тобу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев менен бул тармактагы системдик коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын планын талкууга алды. Анын ичинде тарифти түзүүнүн так саясатын белгилөө боюнча сунуштар да бар.
Өткөн жылдын күз мезгилинде жаңы тарифтик саясаттын долбоору иштелип чыккан болчу. Бирок анын презентациясы быйылкы жылдын жылуулук сезону аяктагандан кийин гана өткөрүлмөкчү. «Апрель айында электр энергиясынын тарифтери жогорулабайт. Көтөрүлгөн күндө деле буга чейин болжолдонгондой көп болбойт. Бирок биз учурда бардык варианттарды кароодобуз, тарифти өстүрбөй, башка каражат булактарын табууга аракет кылып жатабыз»,- деп маалымдады Отун-энергетикалык комплексти көзөмөлдөө боюнча департаменттин директору Миргүл Айдарова.
«Жаңы тарифтик саясат боюнча иштердин жыйынтыгын азырынча эл алдына айтып чыгууга эрте» дешет министрликтен.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg