ИЗДЕЙМ СЕНИ

«УУЛУМ АЛМАНБЕТ, КАЙДАСЫҢ?»
– Мен, Гүлмира Сулайманова, балам Алманбет Нурлан уулун издейм. Учурда 19 жашта. 2013-жылдын июль айында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Көргөн-билгендер болсо, төмөнкү телефонго кайрылып коюшуңуздарды өтүнөм.


0779 69-62-85, 0557 75-63-66

«АЙНАГҮЛДҮ ИЗДЕЙМ»
– Курбум Айнагүл Оморованы издейм. Ал экөөбүз Караколдогу Киров мектебинде 1962-жылы бирге окуганбыз. Кийин мен Нарын облусунун Кочкор районуна жер которуп кетип, көрүшпөй калганбыз. Андан соң мектепти аяктап, Бишкекке келгенде кезигип калдык. Андан бери 40 жылдан ашты. Айнагүл, окуп калсаң мага байланыш.

Инаятхан (Ира) Байбосунова, 0550 99-44-24

«ЫСЫК-КӨЛДҮК АЙЗАДАНЫ ИЗДЕЙБИЗ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо»! Мен Айзада деген дос кызымды издейм. Аны менен 2013-жылдын жайында Бишкектин «Ош базарында» бирге иштегем. Биз «О!» уюлдук операторунда промоутер болуп иштечүбүз. Айзада көлдүк кыз экенин билем, башка маалыматым жок болуп жатат. Айзада, эгерде окуп калсаң, биз менен байланыш. Дос балдарың

Хусан жана Адилет,
0700 03-02-03,
your-cute@mail.ru

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:(0312) 47-43-43

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Husan
2014-03-17 19:33:30
Чоон рахмат Супер Ифо жамаатына!!! :)
0
Husan
2014-03-18 11:53:58
Ужас толтура адам чалыштыго мен Айзадамын деп)))
0
ayka.1991kg
2014-03-18 15:35:44
Husan,Сен албай койда чалса азыркы жаштар башкача
0
womanstar
2014-03-18 20:06:04
Маалыматты кайсы жерге калтырса болот сайтта же редакцияга барыш керекпи.Мен дагы университетте чогуу окуган курбу кызымды же тааныштарын тапкым келет.Рахмат.
0
Gulzadaayana
2014-03-19 04:05:00
мен дагы 10 жыл мурун чогуу иштеген бактыкан деген эжени издеп тапкым келет бирок каерге маалымат беришти билбейм эжени издегенимдин себеби мени ойдо жок жерден участка сатып алдырган эле азыр ошол участкага уй салып эл катары жашап жатам эжеге жолугуп ыраазычылык билдиргим келет
0
best-life
2014-03-20 02:28:05
мен Суусамырлык Абдылдаева Назираны издейт элем, менин досум Кара-Балтага турмушка чыккан эле. kyrghyz-kg@bk.ru менин дарегим. окуп калсан байланыш.
0
wwwww
2014-03-21 06:38:56
Эч кимдин эч нерсеси жоголбосун ылайым
0
Nurik_kbt93
2014-03-21 10:30:38
Cаламатсыздарбы супер инфо жамааты.мен чита шаарында жашайм.бул жерде досум бар ал кичинесинде ушул жерде калып кеткен. ал бала таластан болот экен.жардам кылып туугандарыны таап берип койсонуздар.агасы бар кыргызстанда АТЫ ЖОНУ
0
Nurik_kbt93
2014-03-21 10:35:32
орозалиев калыбек баккельдиевич .издеген досумун аты жону Оразалиев нурбек баккельдиевич.дата рожденя 1988-ж 4-август.отец- Орозалиев Баккельди Атаналиевич.1952г
0
Nurik_kbt93
2014-03-21 10:37:06
телефон номуру +79148068885,+79141227642 нурбек.
0
Nurik_kbt93
2014-03-21 11:03:01
koom@super.kg кире албайтам
0
admin_media
2014-03-21 11:19:01
Nurik_kbt93,
Бул дарекке кирбейсиз, катты ушул дарекке жазып жөнөтүшүңүз керек. Суроолор болсо купуя кат жазып кайрылсаңыз болот.
0
ayka.1991kg
2014-03-21 17:23:26
Мен дос кызым Айдананы издейт елем ал аламидинде жашаган еле ежемдин уйундо ежесинин аты Калыс деген еже еле тайежесинин баласын багат еле егер Айдана окуп калсан мага чалып кой дос кызын Мирана кутот 8139073530
0
kalbek87
2014-03-22 09:19:30
тообо,koom@super.kg дарегине жазбайле коментарийге издоо болуп кетиптир го
-1
Aikoo2014
2014-03-22 20:54:46
Эч ким жакынын жоготпосунчу
0
admin_media
2014-03-24 11:00:16
Эскертүү баарыңарга! Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына жиберилген каттар гана гезит бетине чыгат, бул жерге маалымат калтырып убара болбой эле коюшуңуздарды суранабыз!
0
№ 593, 14-март-20-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан