10-марттан тарта Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймактарында удаасынан жаш кыздардын киши колдуу болуп каза болушу катталып, алардын зөөкүрлөрдүн кыйноосу менен каза тапканы коомчулуктун үрөйүн учурду. Киши колдуу болуп каза тапкан кыздардын эң кичинеси 9 жашта. Бул кылмыш Кара-Балта шаарында катталган.
«КЫЗЫНЫН ӨЛҮМҮН АПАСЫНА УГУЗУШ КЫЙЫН БОЛДУ»
Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарынан өспүрүм кыздын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. «Биз барганда кыздын денеси али муздай элек экен. Чамасы, жаны чыкканына бир саат боло элек окшойт. Кыздын ким экендигин тактоого аракет жасай баштадык» деген Жайыл РИИБинин ыкчам иликтөө тобунун кызматкери БЕКСУЛТАН МОМУНКУЛОВ окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Окуя болгон жерде кыз көмкөрөсүнөн жана шымы ылдый шыпырылып, бир буту жылаңач, экинчи бутунда шымдын бир багелеги кийгизилген абалда жатыптыр. Ошондой эле кан болгон таш жана эркектин күрмөсү өлүктүн жанынан табылды. Сураштырсак, каза болгон кыз жакын эле жерде жайгашкан барак тибинде салынган үйдүн тургуну экен.
Жаш өспүрүм кыз Кара-Балта шаарындагы №1-мектептин 3-классында окуган 2005-жылы туулган Гүлира Турдукалиева экендиги аныкталды. Үйүнө кирсек, анын апасы эч нерседен капарсыз отуруптур, кош бойлуу да экен. Кызынын өлгөнүн угузуш кыйынга турду. Анын кайда экенин сурасак, «таежемдин баласы Амантур менен кетти эле. Бир аз эле болду, эжекесинин үйүнө «ходунок» жеткизип кетишкен» деди. Андан соң медицина кызматкерлеринен жана психиатрия бөлүмүнөн кишилерди чакырып, кош бойлуу апасына окуя тууралуу угуздук. «Эсин жоготуп койду» дешти. Кылмышка шектүүнүн сары изине чөп салып, издөө иштерин жүргүзө баштадык. Гүлира менен кеткен Амантур Тургунбек уулу Совет көчөсүндөгү 136 номерлүү үйдө жашаары аныкталды. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда кан болгон бут кийим жана ылай болгон Амантурга тиешелүү шым табылды.
Алгач "каза болгон кызды зордуктап, андан соң таш менен башын жарып өлтүрүп качып кетиши мүмкүн" деген божомолдор бар болчу. Бирок кыздын денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүп, алгачкы жыйынтыктарында кызга жыныстык зомбулук көрсөтүлбөгөнү аныкталды. Мындан улам "кылмышка шектүү өспүрүм кызды зордуктоого аракет жасап, бирок ал өлүп калган соң коркконунан из жашырып кеткен" деген божомолго келдик. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кыздын кыйкырган үнүн уккандар болгонун аныктадык. Алар бул аймакта кыйкырык салып жаш балдар көп ойногондугунан улам маани бербегендиктерин айтышты.
Биздин бөлүмгө болжол менен 15:45те маалымат келип түшкөн. Сыягы, кылмыш түшкү саат 3кө чукул болгон окшойт. Эртеси, тактап айтканда, 16-март күнү Амантур Тургунбек уулу Жайыл районунун Орто-Суу айылына жакын жердеги бир кашарда жашынып жаткан жеринен колго түшүрүлүп, биринчи суракта эле кылмышын мойнуна алды.
«МАСТЫКТЫН АЙЫНАН ӨЛТҮРҮП АЛДЫМ»
Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта жаткан кылмышка шектүү АМАНТУР ТУРГУНБЕК УУЛУ бөлөсүнүн кызын өлтүрүүгө эмне себеп болгонун айтып берди:
– Теңтуш балам 14-мартта үйлөнүп, ошондон бери ичип жүргөм. 15-мартта түшкө маал башым ооруп үйдө жатсам улуу эжем Залина эжемдикине (бөлөсү) «баланын «ходуногун» алып келип берчи» деп жумшап калды. Садовое көчөсүндө жашаган Залина эжемдикине барып «башым ооруп жатат» десем 2 жарым литрлик баклажкадагы сырадан бирди сатып берди. Мен аны ошол жерде отуруп эле өзүм жалгыз түгөтүп койдум.
Кызуу болуп калгандыктан Залина эжем «ходунокту» колума берип, кызы Гүлираны мени жолго жатып калбасын, жеткирип койсун деп кошуп берди. Үйдөн чыгып 100 метрдей баскандан кийин эле кичине кызга кызыгып кеттим. Көзүмө ээн жер урунуп, гараждардын артына Гүлираны алдап алып бардым. «Ходунокту» бери жакка коюп, кууш жердин туюк болуп бүтүп калган түбүнө чейин бардык. Алгач таш менен эки ирет башка урганымды билем, андан аркы окуя эсимде жок. Бир маалда эсиме келсем Гүлира жерде жатыптыр. Жер кан экен. Коркуп кетип түз эле үйгө барып, кийимдеримди алмаштырып, качып кеттим. Мастыктын айынан болуп кетти. Өлтүрөйүн деген оюм жок болчу, кылган ишиме аябай өкүнүп жатам.
«ЭКСПЕРТИЗА ӨСПҮРҮМ КЫЗДЫН ЗОРДУКТАЛБАГАНЫН АНЫКТАДЫ»
Аталган кылмыш иши жана кылмышка шектүү катары колго түшүрүлгөн Амантур Тургунбек уулу тууралуу Жайыл РИИБинин башчысы РААД МЫРЗАКАНОВ төмөндөгүдөй маалымат берди:– Бул факт боюнча Жайыл РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү Амантур Тургунбек уулу бейбаш болгон. 18ге толгонуна аз эле болуптур. Базарда жем сатып иштеп жүргөн ата-энесине жардам берчү экен. Ал эми Гүлира Турдукалиеванын зордукталбагандыгын аныкташты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Каза болгон Гүлира Турдукалиевдердин тун кызы болгон. Үй-бүлө төртүнчү баласын күтүп жатышат. Гүлиранын кош бойлуу апасы каргашалуу кабар уккан соң оор абалда ооруканага түшүп, учурда дарыланып жаткандыгынан кабардар болдук.
Тилекке каршы, коомубузда буга окшогон окуялар көп болууда. Жаш өспүрүмдөрдү, айрыкча кыз балдарды катуу көзөмөлдөп, кооптуу жана чоочун жайларга чала тааныш адамдар менен жиберүүдө сак болгулачы, ата-энелер!
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg