7-марттан 8-мартка караган түнү Малайзиянын Куала-Лумпур шаарынын аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 кишиси менен дайынсыз жоголду. Алардын 12си экипаж мүчөлөрү. «Malaysia Airlines» компаниясына тиешелүү учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу радар бетинен Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы Түштүк-Кытай деңизинин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн.
ЖОГОЛГОН УЧАКТЫ 26 ӨЛКӨ ИЗДӨӨДӨ
"Деңизден учактын калдыктары табылды" деп 2 жолу маалымат тараганы менен, ал калдыктар жоголгон учакка тиешелүү эмес болуп чыкты.
Бул аралыкта Пекин телеканалдарынын биринен бир жигиттин борттогу агасына телефон чалганы, чакырык кетип, бирок эч кандай жооп болбогондугу тууралуу видеотасма көрсөтүлгөн. Айрым жүргүнчүлөрдүн телефонуна чалганда, "абоненттин телефону өчүрүлгөн же жеткиликтүү эмес" деген маалымат келип жатканы айтылууда.
Учакка башка адамдарга тиешелүү паспорт менен азиат түспөлүндөгү 2 жүргүнчү отурушканы да маалым болду. Бул паспорттор 2012-2013-жылдары Таиландда жоголгон европалык 2 жаранга тиешелүү экени тастыкталган.
Учак түндүк-батыш тарапка багыт алып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн аба мейкиндиги аркылуу өтүшү ыктымал. Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак Кыргызстандан да жоголгон учакты издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранып, учактын учуу багытын аныктоодо пайдаланылышы мүмкүн болгон маалыматтардын баарын билдирүүнү өтүндү.
Учурда жоголгон учакты 26 өлкө издөөдө.
БУГА ЧЕЙИН ДА СЫРДУУ ЖОГОЛГОН УЧАКТАР
Учактардын мындай табышмактуу жоголуп кетиши биринчи жолу эмес. Аба майданында из калтырбай дайынсыз болуп кеткендер сейрек болсо да, кездешип турат. Буга чейин таптакыр белгисиз болуп кеткен учактар жөнүндө төмөндө кыска маалымат:
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg