«Жайдын бир гана толук кезинде, Адырлуу тоонун бетинде...» деп 90-жылдары «Азия дауысы» фестивалында мекенибиздин намысын коргогон Жылдыз Осмоналиева эсиңиздедир. Акыркы убакта көрүнбөй кеткен Жылдыз айым менен байланышып, маек курдук.
– Саламатсызбы, Жылдыз эже, учурда эмне менен алексиз?
– Саламатчылык. Учурда Москвада жашайм, себеби бул жакта менин уулдарым билим алышат. Ошондуктан мен алардын жанында болуум керектигин туура көрдүм. Андан сырткары жеке ишкер катары иш алып барып жаткан учурум. Ресторандык бизнес менен алектенем.
– Сизди көптөн бери чоң сахнадан көрбөй жатабыз. Сахнаны сагындыңызбы?
– Мен сахнанын адамы бойдон калдым. Аны эч ким өзгөртө албайт. Азыр деле Кыргызстанга барганда концерттерге катышып турам. Андан сырткары Москвада, Санкт-Петербургда мага жаккан долбоорлордон сунуш түшсө сөзсүз түрдө катышам.
– Мурдагы Жылдыз Осмоналиева менен азыркы жеке ишкер Жылдыз Осмоналиеванын айырмасы бар болду бекен?
– «Убакыт өзүнүкүн алат» дейт эмеспи. Келбетимде гана айырмачылык болбосо мурункудай элемин (күлүп). Анан албетте, жыл өткөн сайын турмуштук тажрыйбаң көбөйүп, жашоого болгон көз карашың өзгөрөт экен, акылдуураак кадамдарды жасап дегендей. Калганы ошол бойдон, бала кезден чогуу өскөн досторум дале жанымда, алардын айтымында, мурдагы эле Жылдыз бойдонмун.
– Эки уулуңуз эмне менен алектенишет? Алардын сахнага умтулганын байкайсызбы?
– Уулдарым азыр студент. Улуу уулум Давлет Москванын Психологиялык-социалдык институтунда, кичүү уулум Давран болсо Федералдык коопсуздук кызматынын академиясында билим алып жаткан учуру. Давлеттин рэп айтууга шыгы бар. Менин оюмча, бул убактылуу гана кызыгуу. Бирок рэпти катыра айтат. Эгерде келечекте чыгармачылыкты тандаса, мен аны албетте, колдойм.
– Москва шаарында сиздин жакын курбуңуз, «Город 312» тобунун мүчөсү Светлана Назаренко да жашайт эмеспи. Аны менен жолугуп турасыздарбы?
– Ооба, көрүшүп турганга аракет жасайбыз. Бирок Света гастролдордон бошобойт. Орусияда аталган топ аябай суроо-талапка ээ. Ошондуктан алардын ийгилигине кубанып гана жүрөм.
– Кыргызстанды сагынасызбы?
– Албетте сагынам, ошондуктан 2-3 айдан ашпай мекенибизге барып-келип турам. Эч кандай чет өлкөнүн керемети, эң мыкты деген чет элдик курорттор Кыргызстаныбыздын бир тамчы суусуна татыбайт. Мекенибизге барганда бир башкача эс алып кайтам. Анын үстүнө ал жакта менин ата-энем, бир туугандарым жашайт эмеспи.
– Айтыңызчы, сиздин жашооңуз мындай бурулушуна эмне түрткү болду?
– Турмушка чыктым, 2 балалуу болдум. Буга байланыштуу үйдө көп отуруп калдым. Бошой калсам эле ыр жаздырып, жыйнактарды чыгарып турар элем. Тилекке каршы, жолдошум менен ажырашып кеттик. Туңгуюкка кептелдим, эми эмне жумуш кылам деген. Ошондо гана акырындан түшүнө баштадым, адам ар дайым өсүшү керек экенин. Китепти көп окуй баштадым, көп нерсени билген билимдүү адамдар менен баарлашууга умтулдум. Ошентип отуруп Орусиядагы Дипломатиялык академияны аяктаганга үлгүрдүм. Бул менин акыркы билимим деп айта албайм. Себеби адам баласы дайыма жаңы бийиктиктерди багынтып туруусу зарыл экен. Жашообузга жаңычылдык кирген сайын көнүмүш турмуш жаңы түскө боёлуп, кызыктуу боло баштаары чын турбайбы... Мисалы, мен өзүмдү эч качан карыганда жер казып, гүл эгип, короодо күбүрөнүп-шыбыранып жүргөн кемпир катары элестете албайм. Өмүр бою маданият жаатында эмгектенип өтөм деп ойлойм.
– Дагы орундалбаган тилектериңиз калдыбы?
– Баарына ыраазымын. Себеби тилегенимдин баары орундалды деп айта алам.
– Мындан ары кандай максаттар менен жашайсыз?
– Мен үчүн карьера, акча, бийлик, байлык деген нерселер маанилүү эмес. Болгону жашоомдун ар бир көз ирмемине кубанып, жөн гана өзүм каалагандай өмүр кечирүү негизги максатым. Ар бир көз ирмемден рахат алуу, жашоонун кереметин сезүү турмуштагы эң негизги нерсе экенин түшүндүм. Сөзсүз түрдө керемет жашоо кечирүүмө мага музыка жардамга келет. Себеби ал жашоомдогу эң негизги нерселердин бири, музыка дайыма каным менен тең жүгүрүп, тирүүлүктүн көркүн ачып турат. Мен музыка аркылуу ой жүгүртөм жана дем алам.
– Маегиңиз үчүн ыраазычылык.
– Рахмат сиздерге.
Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:«ЭСКИ ЫРЛАРДЫ ЖАҢЫРТЫП ЫРДОО ЖЫЛДЫЗДАН БАШТАЛГАН»– Биз Жылдыз менен 80-жылдары таанышканбыз. Анда Жылдыз «Аракет» аттуу топто ырдачу. Ошондон бери жылуу мамилени сактап келебиз. Ар бир учурдун өзүнүн оригиналдуу адамдары болот эмеспи. Биздин учурдун өзгөчөсү Жылдыз эле, себеби кийимге болгон табити такыр башкаларга окшошчу эмес. Анан да эски ырларды жаңыртып ырдоону Жылдыз баштады десем болот.
Жылдыз сахнадан биротоло кеткен жок. Азыр жеке ишкер катары да иш алып барууда. Эгерде чыгармачылык негизги кесиби болсо, мындан да чоң бийиктиктерди багынтмак деп ойлойм. Бирок азыркы жетишкендиктери деле аз эмес. Азыр мен Москвага барган сайын жолугушуп турабыз, анын үйүндө конок болуп дегендей. Жадакалса 1-2 жолу уюштуруучу Жылдыз болуп Москвадагы жердештерибизге концерт да коюп келгенбиз.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg