Элибиз дандан жасалчу бозонун ден соолукка тийгизер пайдасына карап илгертен салып келет. Азыр көптөр бозо салуу ыкмасын биле беришпейт. Бул жаатта Гүлбарчын Карабаева бозо салуунун сырларын сиздер менен бөлүшмөкчү.
«25 ЛИТР БОЗО САЛЫП, 600 СОМДОЙ ПАЙДА КӨРҮҮГӨ БОЛОТ»
Баш каарманыбыз ГҮЛБАРЧЫН бозо тууралуу мындай дейт: – 9 жыл мурун 3 эм балдарым туулуп, телчиге баштаганда алардын да, өзүмдүн да кандагы гемоглобинибиз аз экендиги билинди. Ошондо «баарыбыз дары ичкенден көрө, бозо пайдалуу» деп бозо салып баштагам.
Бозону дандардан, мисалы, таруу, буудай, жүгөрү, арпадан салса болот. Мен таруу менен жүгөрүнү аралаштырып жасайм. Жүгөрү шактын килограммын базардан 20 сомдон, таруунукун 35 сомдон сатып алам. Даяр угуттун килограммы 70 сом, ал эми 1 килограмм ундуку 36 сом (1-сорт). 25 литр бозо үчүн 3 килограмм таруу, 3 килограмм жүгөрү шак, 200 грамм угут, 150 грамм ун керек. Тоң май ар үйдөн табылат. Ошондо баары үчүн 184 сом чыгымдайм. Дүкөндөргө литрин 30 сомдон өткөрөм (алар 40 сомдон сатат). Эгер ичпей, баарын сата турган болсом 25 литрден 750 сом түшөт. 750 сомдон 184 сом чыгымды алып салсам, 566 сом таза пайда көрөм. Үйүндө бозо ачыткысы жоктор 1 литр бозо үчүн 184 сомдон тышкары дагы 40 сом чыгым тартат. Бозону күчтүү салгысы келгендер угутту көп салса болот.
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
25 литр бозо үчүн 3 килограмм таруу, 3 килограмм жүгөрү шак, 1 литр ачыткы (мурунку бозодон), 200 грамм угут, 150 грамм ун, 1 аш кашык тоң май, керектөөгө жараша суу.
1-КАДАМ – ШАКТЫ АЧЫТУУ
Алгач бош чакага таруу салынып жуулат.
Жуулган тарууга жүгөрү шак кошулуп, үстүнө 200 грамм ачыткы куюлат.
Булардын үстүнө кол күйбөгүдөй кайнаган сууну куюп, аралаштыруу кажет. Башкача айтканда, шак боткодой болуп чыланат. Эми чаканын капкагын жаап, шакты эртең мененкиге чейин ачытууга коёсуз. Бөлмө муздагыраак болсо, үстүн жылуулап жабууну унутпаңыз.
2-КАДАМ – ШАКТЫ КАЙНАТУУ
Эртең менен газга чоң кастрюлду асып, ысытып алган соң ичине тоң май салынат. Ал эригенде унду салып, кызарта кууруп алуу керек.
Анан үстүнө 1 литрдей кайнак суу куюлуп, толук бир кайнатылат. Кайнаган соң 24-25 литр суу куюлат. Суу шар кайнаганда ачытылган шакты кошуп, түбүнө тартып кетпөө үчүн тынбай аралаштыруу абзел. Шак боркулдап кайнап чыккандан кийин отту жайлатып, 1,5 сааттай кайнатуу зарыл. Анан оттон алып, муздатылат. Даяр болгон шактын үстүнө угутту салып, 800 граммдай ачыткы куюп, аралаштырылат. Үстү жабылып, кайра түнү менен ачытууга коюлат.
Эскертүү! Угутту ысыгында салса, бозо кыйгыл болуп калат.
3-КАДАМ – БОЗОНУ СҮЗҮҮ
Эртеси эртең менен буркулдап ачыган бозо сүзүлөт. Сүзгөнгө капрон баштык жана 3 идиш керектелет (бозо сүзүүгө, сүзгөндө чыккан топту салып турууга жана бозону актоо үчүн кайнатылган жылуу суусу бар идиш).
Шак четинен сузулуп, баштыкка салынып, кол менен мыжылып, сүзүлө баштайт.
Бозо жакшы акпай баштаганда баштыкты ичинде жылуу суусу бар идишке салып, дагы мыжыкса бозо дагы чыга түшөт. Бул бозону актоо делет. Баштыкта калган топ өзүнчө идишке салынат. Иш ушул калыпта уланып, бозо сүзүлүп бүтөт.
Бозо даяр. Акырында бозо акталган суудан бозонун үстүнө куюп, суюлтуп алса болот.
УГУТТУ ӨНДҮРҮҮ
Угут – өндүрүлгөн дандан (арпа, буудай, таруу ж.б.) даярдалган ачыткы. Белгилүү өлчөмдөгү дан баштыкка салынып, ага жылуу суу себилип, жылуу жерге думбаланып коюлат. Дан көөп, өнүп чыга баштаганда жаргылчакка же эт майдалагычка тартылат да, анан кургатылып, сакталат.
КАНДЫ КӨБӨЙТӨТ
Кыргыз улуттук гематология илим изилдөө институтунда бозонун пайдалуу сапаттары изилденген. Анда бозонун курамында белок, май, көмүртек, микроэлементтер, витаминдер бар экендиги аныкталган. Бозо ичтейди ачып, тамакты жакшы сиңирип, кандагы гемоглобинди көбөйтөт. Андыктан аз кандуулукту дарылоодо бозо мыкты суусундук. Ашказан менен ичегини жакшы иштетип, чарчоону жазып, адамдын жалпы абалын жакшыртат.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg