Редакциябызга шайыр, жайдары сары бала кирип келди. «Тамашоунун» алп командалары «Ак-Өргө city», «Моника Беллуччи», «Ак Кеме» командаларын улай кийинки муундар өсүп келе жатканын билебиз. Экинчи агымдагы балдардын көрүнүктүүсү, дайыма позитивдүү маанайда жүргөн «Позитифф» командасынын капитаны Актан Рыскелдиев бүгүн биздин сыйлуу төрүбүздө.
Толук аты – Рыскелдиев Актан Жапарович
Туулган жери – Нарын шаары
Туулган жылы – 1989-жыл, 2-июнь
Таштай албай жүргөн адаты – жалкоолугу, тырмагын тиштей бергени
SUPER.KG порталынын активдүү колдонуучусу
– Актан, чыгармачылыкка болгон кызыгууң качан башталган?
– Чыгармачылыкка болгон кызыгуум мектепте окуп жүргөндө эле бар болчу. Негизги фундамент ошол жактан куюлган. Ырдачумун, бийлечүмүн, Манас айтчумун, «чоңойгондо сүрөтчү болом» деген кыялым бар эле, анткени атам сүрөт сабагынан мугалим. Мектепке 1-класска байкеме атаандашып 5 жашымда баргам. Ата-энеме «байкем окуса, мен да окуйм» деп көгөрүп жатып февраль айында 1-класска киргем. Ошентип байкем экөөбүз чогуу бүтүп, жадакалса Искусство институтуна чогуу тапшырып, бюджетке өтүп кеткенбиз. Бизде деле белгилүү университетке тапшырсакпы деген ойлор бар болчу, бирок окуу акысы, шапкасы кошулуп отуруп чөнтөгүбүзгө туура келбей калды. Азыр байкем Дастан Жапар уулу «Кыргыз киносунда» белгилүү оператор. Мени да чакырып жатат, «Тамашоудо» ойноп бүтсөм кино тармагына кетем го. Анткени белгилүү кинорежиссёрлордун мастер-классынан өтүп, бир-эки документалдык фильм тартып, тажрыйба топтоп койгом.
– «Тамашоуго» кантип келип калдың?
– Мен КТРКда оператор, режиссёрдун жардамчысы болуп иштеп жүргөндө Эрмек байке «Тамашоуну» уюштуруп, алгачкы оюндарды биз тартканбыз. Анда «Тамашоудо» ойноп калам деген ой жок болчу. Бирок Кант шаарында орусча КВНде ойночу элем. Институтта да агайлар «КВН – жеңил-желпи нерсе, биз андан өйдө турушубуз керек» деп такыр жолотушчу эмес. Адамда кызыгуу болсо тыя албайт экенсиң, институтту бүтөрүм менен өзүнчө команда топтоп «Тамашоудо» ойноп баштаганбыз. Биз барганда «Ак Кеме», «Моника Беллуччи», «Ак-Өргө city» деген монстр командалар бар болчу. Ошолор биздин тамашаларды карап, түзөтүү киргизгенде ичимден «карап тургула, биз силерден ашабыз» дечүмүн. Башында «Позитифф» десе эл анча кол чапчу эмес, командадагы балдардын тажрыйбасы жок, көпчүлүк тамашаларды өзүм аткарып, кыйналчубуз. Азыр мыкты балдар чогулду деп ойлойм. «Тамашоунун» акыркы 4 оюнунда катары менен 1-орунду алып келе жатабыз, көз тийбесин.
– Үч команда биригип «Алга» командасын түзүп, жакында эле «Ак калпак кубогун» жеңип алыптырсыңар, баш байгени бөлүшүп алдыңарбы?
– «Кыргыз двор», «Nutstan», «Позитифф» командалары биригип «Алга» командасын түзүп, «Ак калпак кубогунун» жеңүүчүсү болуп 100 миң сом утуп алдык. Азыр «байгеңерди каяка иштетесиңер?» деп бизден сураган эң популярдуу суроо болуп жатат. Даярдыкка кеткен чыгымдардан артканын баарыбыз тең бөлүшүп алдык. Биз, чыгармачыл адамдар, 5 мүнөттүк элдин кол чабуусу үчүн жашайбыз. 2-3 ай тытынып, командадагы балдар менен кырылышып даярданасың, аны 5 мүнөт ойноп коюп элдин колдоосунан энергия алып жүрө бересиң.
– Кеп нугун үй-бүлөңө бурсак, сендей өнөрлүү бала кайсы жерде туулуп-өскөн?
– Түбүм Ысык-Көлдөн, өзүм Нарын шаарында туулуп-өскөм. Апам математика, атам сүрөт сабагынан мугалим болуп иштешет. 3 бир тууганбыз, байкем анан карындашым бар. 2002-жылы Нарындан Бишкекке көчүп келип, башында аябай кыйналганбыз. Байкем экөөбүз 3-4 жыл базарда тачка түртүп, картон топтоп, пирожки сатып, бут кийим тазалап иштеп жүрдүк. Азыркы тамашалардын көбү ошол кыйынчылык тарткан күндөрдөн алынган. Биз сахнага кычырап чыгып, шайыр жүрсөк эл «булар бай» деп ойлойт болуш керек. Кээде сахнага жыртык байпак менен деле чыккан күндөр болот.
– Жеке фронтто иштер кандай, жүрөгүңдүн кожойкеси болууга талапкер кыздар көп элеби?
– Кыздарга табиятымдан өтө деле жакын эмесмин. Жакын эмесмин десем туура эмес ойлоп албагыла, «бабник» эмесмин дегеним да. Жакшы сүйлөшкөн дос кыздарым бар, бирок алар жакшы көрүп бара жатса дароо качканга аракет кылам. Анткени аны катуу сүйдүрүп алып көңүлүн ооруткум келбейт. Учурда сүйлөшкөн кызым бар, аты – Азиза. Кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө 4 ай болуп калды. Жашоодо «однолюб» мырзалардын катарын толуктайм, чынын айтсам өтө эле «однолюбмун». Менин жүрөгүмдө бир кыз үчүн эле орун бар. Көбүн батыргандарды анча түшүнө бербейм.
«СИЗ МАГА ЧАЛГАНДА СҮЙҮНДҮМ...»
– Мүнөзүңдөгү кайсы кемчилигиң өзүңө жакпайт?
– Берешенмин, колума акча турбайт, акчам болсо досторума же командама чаптап салып, эки тыйыны жок отуруп калам.
– Өзүңдү үч сөз менен сүрөттөп берсең?
– Сапсары, бою кичинекей, позитивдүү бала.
– Досторуңдун саны сан жеткиспи?
– Жок, тескерисинче, жокко эсе. Анткени мен алардын арасында «белая ворона» болуп калам. Ичпейм, чекпейм, түнкү клубга барбайм. Ишенсеңер, өмүрүмдө түнкү клубга барып көргөн эмесмин.
– Жашооңдогу эң кубанычтуу күн?
– Сиздер чалган күн болду. Маекке чакырганыңарда ичимден «жылдыз болот деген ушул экен да» деп сүйүндүм (күлүп).
Лунара Бекиева
star@super.kg