ЖИПТЕРГЕ БАТКАК КЕП ЭМЕС

Жаздын келиши менен жарыш спортунун жаңы сезону башталды. 16-март күнү жарыштардын падышасы болгон «Формула-1» боюнча жарыштары Австралиянын Мельбурн шаарында башталып дүйнө элинин көңүлүн бурса, Бишкек шаарынын четиндеги Таш-Мойнок айылында жип-кросс боюнча жарыштар өтүп, көрүүчүлөрдү кайдигер калтырган жок.

«ЖАРЫШТАР АСКЕРДИК КЫЗМАТКА КЫЗЫКТЫРАТ»
Бул иш-чара КРнын Коргоо министрлиги жана «Тейваз» тренинг борбору менен биргеликте уюштурулуп, Кой-Таш аскердик бөлүгүнүн танкодромун атайын бул жарыштарга ылайыктап жасашкан. Мелдешке 50дөн ашуун жарышчылар катышып, алар 4 категория (туризм, спорт, абсолют жана квадроцикл) боюнча күч сынашты.
Кыргыз Республикасынын коргоо министри ТААЛАЙБЕК ӨМҮРАЛИЕВ иш-чаранын ачылышында мелдештин максатына токтолуп, жаштарды заманбап аскердик техника аркылуу аскердик кызматка кызыктыруу жана аларда патриоттук сезимди ойготуу экенин баса белгиледи
:
– Бул жарыштар бизге, сиздерге көптөгөн адреналин тартуулайт. Биздин жаштарга жагып, кичине болсо да аскерге кызыгуусу күчөйт деп ишенем. Ошондой эле бул мелдеш май айында өткөрүлө турган эл аралык турнирге даярдык болуп берет.

ЭЛҮҮДӨН АШЫК ЖАРЫШЧЫЛАР КАТЫШТЫ
Бул жарыштар Кыргызстанда акырындап жандана баштаганынын белгисиби,
2 миңге жакын күйөрмандарды чогулта алды. Жиптердин жарышы кымбат спорт түрлөрүнүн катарына кирет. Унааны атайын ылайыктап жасаганга эле 100-200 миңдей доллар сарпталат. Антсе да бул мелдешке 50дөн ашык жарышчылар катышууга белсеништи.
Мелдеш Коргоо министрлигинин алдындагы «Скорпион» атайын даярдыктагы аскердик бөлүгүнүн террорчуларды куралсыздандыруу жана кармоо боюнча окууларды көрсөтүүсү менен башталды. Андан соң танкалар, КамАЗдар жана БТРлер жарыш тилкесине чыгышканда көрүүчүлөр «аз да болсо аскердик техникаларыбыз бар экен» деп кол чаап турушту.

«ШТУРМОВИК» ЧАБУУЛДА
Биринчи жарышка туризм категориясында катышуучу унаалар стартка чыгышты. Айта кетсек, туризм категориясында эч өзгөртүүсүз же минималдык өзгөрүүсү бар унаалар катышат.
Жарыш жолун көргөн көрүүчүлөр «бул жолдон танкадан башка унаа өтө алабы?» деп күбүр-шыбыр болуп турганда, жол тандабас 9 унаа жарыш тилкесине чыгышты. Алардын арасында советтик УАЗдан тартып, америкалык Jeep маркасындагы унаалар көзгө урунуп турду. Жарыш 10 айлампадан туруп, башкы калыстын белгиси берилгенде башталды. Бул мелдештер ары кызыктуу болуп, баткакка тыгылганы ошол жерде калып, эптүү айдагандары мараны көздөй бет алып жатышты. Жыйынтыгында эл арасында таанымал болуп калган «Штурмовик» спорттук клубунун жарышчысы Евгений Плотников биринчиликти эч кимге берген жок.

«САРЫ АЙГЫРДЫН» ЖЕҢИШИ
Ал эми 2-жарыш абсолют категориясындагы унаалар арасында болуп өттү. Абсолют категориясына атайын жарыштарга ылайыкташтырылган унаалар гана катыша алышат.
Бул жарышка түшкөндөрдүн арасында Талант Дүйшөкеев башкарган сары түстөгү пикап түрүндөгү унаасы менен атаандаштарынан өзгөчөлөнүп турду. Анын унаасы толкунданып кеттиби, айтор, биринчи айлампада эле мотору ысып кетип, баалуу бир канча мүнөттөрүн жоготуп жиберди. Ал алдыңкы кетип бараткандардан дээрлик бир айлампадай калып, жеңиштен үмүтүн үзгөндөй болду эле. Бирок алда канча ыкчам айдоосу жана күйөрмандардын сүрөөсү менен атаандаштарынан озуп өтүп, 1-орунду камсыздады.
«Унаамды «сары айгыр» деп коём. Айтсам ишенбейт болушуңар керек, бул унаа 89-90-жылдары чыгарылган. Моторун жана жүрмө бөлүгүн жаңы салганбыз. Кыймылдаткычында 200 аттын күчү бар. Дагы бир нече жерлерин «сыйкырлап» койгонбуз, антпесе мындай жарыштарды жеңе албайсың да»,- деп жеңүүчү кубанычын жашырган жок.
Ал эми спорт категориясында Борис Кортыгин, квадроцикл айдоочуларынын арасынан Бакыт Абыкеев жеңүүчү болуп табылды. Жеңүүчүлөргө кубоктор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Т-72 танкасы сыналуу учурунда.

Айдоочулар болгон чеберчилигин көргөзүштү.

Абсолют категориясындагы жол тандабастардын жарышы.

Квадроциклдердин жарышы.

Жарыш жолу айдоочулардын айласын кетирди.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жол тандабастардан экстремалдуу жарыш
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
ere
2014-03-24 12:40:44
мага да жагат менин да айдагым келип кетти
0
kara_kulzha
2014-03-25 11:21:09
Жакшы оюн болуптур
0
NUR-01
2014-03-25 12:48:01
ххх оюн болуптур
0
admin_media
2014-03-25 13:13:40
NUR-01,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! Билдирүүңүз түзөтүлдү, эскертүү!
0
sanchos
2014-03-25 14:02:14
наконец то бизде да ушундай жарыштар боло баштаптыр да. Бул суйуноорлук корунуш. Бирок ушундай оюн болоордон 1-2 ай мурун телевидениеден, радиодон элдерге жеткизишсе катышуучулар мындан да коп болуп, мындан да кызыктуу болмок. а так молодцы!!!
0
topchubaevs
2014-03-26 12:04:43
мен жакшы коргон оюн
0
LISICHKA
2014-03-26 13:04:36
Вот это драйв!!!
0
Lumia-800
2014-03-27 01:06:24
ЖИП алуу учун биздин чонтоктогу 5000$ акча эмес....:((
+1
untumak
2014-03-27 11:47:47
Жакшы
0
admin_media
2014-03-28 10:46:34
kolya121212,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек! Эскертүү!
0
№ 594, 21-март-27-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан