(Башталышы өткөн сандарда)
Тариел Канышай менен чогуу келген милициянын формасын кийген адам өзүн издеп келгенин байкабады. Ичинен Айдарды «бул кылмышкер окшойт, ушуну издеп келген чыгар» деп ойлоду.
– Саламатсызбы,Тариел деген сизби?
– Ооба.
– Сиздин үстүңүздөн бизге арыз түштү.
– Түшүнгөн жокмун. Эмне арыз?
Тариел кабагын чытый милиция кызматкерин карады. Бирок ичинен Айдайдын ыйлап жатканы көз алдына тартылып, өңү бозоро түштү.
– Түшүнбөсөңүз мени менен кошо иш бөлмөмө барыңыз. Ошол жерден суроолорума жооп бересиз.
Милиция кызматкеринин үнү бул ирет өктөм чыкты.
– Кечиресиз, эмне жөнүндө сөз болуп жатат? Мен эч нерсе түшүнгөн жокмун.
Канышай сөзгө аралаша чыйпылыктап жиберди.
– Уулуңуздун үстүнөн бизге арыз түштү. Бир жаш кызды зордуктап коюптур. Мындан эки күн мурда түн ичинде уулуңуз үйдө болду беле?
Бул сөздү укканда Тариелдин башы шылкыйды. Айдай арыз жазат деп күткөн эмес.
– Үйдө эле болгон.
Кантсе да Канышай эне эмеспи, таппаса да баккан баласын канатына калкалап жатты.
– Аны иликтейбиз.
Ушуну менен сөз бүттү. Милиция Тариелди суракка алуу үчүн иш бөлмөсүнө алып кетти. Канышай эмне кыларын билбей элейди. Жанындагы Айдардын же кетерин, же ишин
улантарын билбей айласы куруду. Ортодо жымжырттык өкүм сүрө, экөө бир саамга бири-бирин үн-сөзсүз тиктеп туруп калышты. Акыры Канышай чыдабай ыйлап жиберди. Көзүнөн салаа-салаа жаш куюла жалбарып жатты.
– Айдар, мени кечир! Сенин тагдырыңа балта чапкан менмин!
Айдар сүйүктүүсүн көкүрөгүнө бекем кысып, аны тапканына жетине албай, көзүнөн кубанычтын ысык жашы тамды. Тагдыр минтип сүйүктүүсүнө кайрадан жолуктурганына ишене албай турду. Анан каңырыгы түтөй:
– Кымбатым, баарына өзүм күнөөлүүмүн! Адам башына келген дөөлөттү көтөрө албай калат тура. Менин минтип махабаттын дербиши болуп калганыма сенин айыбың жок. Билесиңби, мен ушул күндү күтүп, эңсеп жүргөм. Сага кайрадан жолугарымды билгем, жарыгым. Билем, сенин күйөөң, балаң бар. Бирок туура көрсөң, экөөбүз чогуу кайрадан жашоонун жаңы барагын ачалы.
– Мен да сени сагынып, бир көрүүгө ашыгып жүргөм. Убагында экөөбүздөн тең катачылык кетти. Бирок азыр баары кеч, асылым. Биз өз жолдорубуз менен эле кеткенибиз оң.
Канышай мукактана андан аркысын улай албады.
– Сен бул жерде бактылуу боло албайсың, мен билем. Жүр, кеттик, убагында баалай албаган бактыбызга жол алалы.
Айдар эмнелерди айтып жатканын этибар албады, жанталаша өзүнүкүн айта берди.
– Айдар, акылыңа келчи! Азыр баары кеч! Экөөбүз өз жолубуз менен кеткенибиз оң. Азыр жолдошум келет. Ошондуктан бул жерден эртерээк кетип калчы, сураныч. Мындан ары мага жолукпаганга аракет кыл, бул биздин акыркы жолугушуубуз болсун!
Канышай оозун жыйгыча эле эшиктин алдына кара Жип келип токтоду да, ичинен Самат шашыла түштү.
– Эмне болуп кетти? Тариелди кайда алып кетишти?
Ал Айдарга көңүл да бурбады. Дароо Канышайдан уулун сурап, шаштысы кетти.
– Тезирээк кийинип, акча ала чык. Ишти тезинен тындым кылбасак болбойт.
– Азыр.
Канышай көз жашын жашыра, жүзүн буруп кетти. Айдарга эми бул жерге калуунун кажети жок эле. Жан дүйнөсү эңшериле, шаабайы сууй, алдыга кадам шилтеди. Канышайды
кылчайып карагысы да келген жок. Кайда баратканын, алдыдагы даңгыр жол кайсы тагдырга жетелеп кетип бара жатканын билбейт. Бир билгени сүйүүдөн биротоло көңүлү калып,
үмүтү үзүлгөн эле...
ххх
Тариел бул учурда тергөөчүнүн маңдайында отурган.
– Айтыңызчы, жабырлануучунун арызы чынбы?
– Чын. Бирок Айдайга күч колдонгон эмесмин. Кыздын өз ыктыяры менен болгонбуз.
Тариел «колуңдан не келет» дегенсип, мыйыгынан күлө жооп кайтарды.
– Аны экспертиза аныктайт. Окуя тууралуу кененирээк айтып бериңизчи. Айдай менен качантан бери таанышсыз, кандайча, ким аркылуу таанышкансыз?
– Хм, байкеси, ишти ушул жерден эле бүтүрөлү. Азыр кыздарды билесиз го, ушинтип байлардын балдарын кылтакка илип, акча өндүрүп, оңой оокат табышат. Айдай өз көңүлү
менен макул болгон...
Тариел чекесин бырыштырып, тергөөчүнү ишендиргенге аракет жасады. Бирок анысынан майнап чыкчудай эмес.
– Макул! - деди акырында Тариел. Мени камасаңар камап салгыла! Мен баары бир бул жерден чыгып кетем. Силердин чоңуңар менен атам жакшы тааныш. Уктуңарбы, «крышам» бар!
– Макул, көрөбүз.
Тергөөчү да кежир неме өңдөнөт, муюбай туруп алды. Аңгыча эле эшик ачылып, Самат менен Канышай кирип келишти. Самат окуя тууралуу тергөөчүнүн оозунан төкпөй-чачпай угуп, арызды окуп чыккан соң тергөөчүнү чыканактай, өзүнчө алып чыгып:
– Иничек, бир керекке жарап ишти жаап бер, сенден суранам,- деп жайкап сүйлөй, чөнтөгүнөн тутам акча алып чыгып тигиге кармата койду.
– Бул эмне, байке?
– Эми, бул азырынча аванс боло турсун...
Самат оңтойсуздана түштү.
– Кереги жок мунуңуздун! Акыйкаттыкты силер акчага сатып алабыз деп ойлосоңор жаңылышасыңар!
Тергөөчү ачуулана акчаны кайра Саматтын колуна карматып басып кетти.
– Иничек, өкүнүп калба!
Самат анын артынан кыйкырган боюнча кала берди.
Тергөөчү иш бөлмөсүнө кирип келип, жардамчыларына Тариелди жаңсап кайрылды.
– Муну экспертизанын жыйынтыгы чыгып, тергөө иши аяктагыча убактылуу кармоочу жайга камап койгула!
– Ай, жигиттер, шашпай тургулачы, биздин бала андай ишке барбайт!
Канышай алардын артынан чый-пыйы чыга ээрчий басып кала бергенде:
– Жайына кой, башка жолун табабыз,- деп Самат аны токтотуп калды.
(Уландысы кийинки санда)
Асхат Субанбеков