ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (24-марттан 30-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада мыйзамды бузуунун арты ойго келбеген маселелерди жаратарын эске алыңыз. Ал эми жетекчиликтин колдоосунан ажырабоо үчүн моюн толгобой, компромисске баруу керек. Жамааттык аракеттерге караганда жеке аракеттерди ийгилик коштойт. Жума күнү кыялыңыздын бири ишке ашат. Апта акырында башкалардын оюу менен болбой, ички туюмуңузга ишениңиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада активдүүлүк күчөйт. Андыктан аны туура колдонуп, белгиленген максатка кылдаттык менен жетүү кажет. Жаңы иштерди баштап, каржылык маселелер менен да алек болосуз. Апта ортосунда көңүл ачууларга берилбеңиз. Жума күнү иште текшерүүлөр болушу мүмкүн, даяр туруңуз. Ишембиде сизге колдоо көрсөтүп келе жаткан адамга кеңеш сурап кайрыласыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада жакын чөйрөдөгүлөргө пландарыңыз тууралуу айтпай туруңуз, болбосо бирөөлөр бут тосуп, ишке ашыртпай коёт. Келечегиңиз шаршембиде кабыл алган чечимиңизге байланыштуу. Бейшембиде мурунку бүтпөй калган иштер убактыңызды алат. Апта акырында сапарга чыгып, пайдалуу нерсени жагымдуу менен айкалыштыра аласыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жеке жашоодогу маселелерди чечмейинче ишиңизден алагды боло бересиз. Андыктан сүйүктүү адамыңыз менен ачык сүйлөшүңүз.Жакындарыңыздын сизден каткан сыры ачылып, аларга жардам берүүгө аргасыз болосуз. Шейшембиде жагымдуу жолугушууга туш болуп, бейшембиде конокко чакыруу аласыз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада көп иштер чыгып, жеке пландарды артка жылдырууга туура келет. Кээ бирлер кызматынан жогорулап, сырткы келбетине көбүрөөк кам көрүүгө өтүшөт. Дүйшөмбүдө чечим кабыл алууда элдин сөзүн эмес, ички туюмуңузду угуңуз. Шаршембиде акчалуу болуп, капчыгыңыз кампаят. Апта акырында сүйүктүүңүзгө жагымдуу сюрприз тартуулоо менен рахат алууга жетишесиз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кошумча жумуштарды аткарып, акчаңыз көбөйө түшөт. Жагымсыз окуяга туш болбоо үчүн чала тааныштар менен жолугушуудан баш тартыңыз. Апта ортосунан тартып ишти жакыныңызга кам көрүү менен айкалыштырууга туура келет. Ишембиде күтүүсүздөн жаман ишке кириптер болуп калуу коркунучу бар, этият болуңуз. Жекшембиде үй эмеректерин кайра жайгаштыруу менен алектенесиз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада билимге болгон ынтызарлык күчөйт.Ишиңизге аралашып, кийлигише берген адам менен урушуп кетишиңиз мүмкүн. Шейшембиде сизге чечендик керек болот. Жума күнү эшигиңизди коноктор кагат. Апта аягында майда, бирок пайдалуу бир топ иштерди бүтүрүп, жеңилдейсиз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жетекчилик кошумча милдеттерди жүктөйт. Баарын бүткөрүп, сыйга татуу үчүн тырышчаактык керек. Күтүлбөгөн кырдаал чыгып, буга чейин сизди теңине албаган адамды сиз менен эсептешүүгө жеткире аласыз. Бейшемби жакшы жаңылык тартуулоочу күн. Ишембиде көптөн бери жолугушпаган достор менен көрүшөсүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сизди сүйүп жана баалаган адамдар менен көбүрөөк баарлашып, колдоо ала аласыз. Өнөкөт ооруларды курчутуп жибербөө үчүн мүнөздөп тамак ичүү кажет. Жумушта жаңы өзгөрүүлөргө каршы турбастан, ага эртерээк ыңгайлашсаңыз утасыз. Апта аягында юридикалык майда териштирүүлөргө кез келүүңүз мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бирөөлөр сунуштаган идеяны ишке ашыруудан мурун ал кандай киреше алып келерин эсептеп көрүңүз. Бойдоктор жеке жашоосундагы көйгөйдү чечүү боюнча ишенген адамдарына кеңешке кайрылышат. Шейшембиде конокко барууңуз күтүлөт. Жума күнү укугуңуздун бузулушуна жол бербеңиз. Ишембиде сизди оңдоп-түзөө иштери күтөт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада абал туруктуу болбойт. Жакын адамыңыз менен тил табыша албай кыйналасыз. Дүйшөмбүдө өрттөн зыян тартып калуудан сак болуңуз. Шейшембиде орунсуз тамашаңыз беделиңизди түшүрүп коюшу ыктымал. Бейшембиде сүйүү азгырыгынан сактаныңыз. Жекшембиде чоң өлчөмдөгү каражатты чыгашага жумшайсыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптадагы урааныңыз жакшылап уктоо, таза абада сейилдөө болуусу кажет. Ошондо көп иштерди бүткөрүп, өзүңүздү сергек алып жүрөсүз. Жеке жашоодо мамилелердин өнүгүшүн анализдөө кажет. Сүйүүгө кылдат мамиле жасасаңыз гана жашооңуз ойдогудай болорун эске алыңыз. Ошондой эле аптада сапаттуу буюм сатып аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 594, 21-март-27-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан