Бул кыз кыргыз эстрадасына аралашканда эл үнүнө баракелде дешип, көнүмүш жүздөрдүн, көнүмүш үндөрдүн арасындагы жаңылык катары кабыл алышкан. Ал чыгармачылыгын 2009-жылдан баштап, ошол жылы эле «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «Жылдын супер дебюту» наамына татыган. Андан бери «Жылдын супер ырчы айымы» наамын үч жолу, «Жылдын супер ыры», «Жылдын супер саундтреги», анан «Заманыбыздын супер ырчысы» наамдарын катарынан багындырып келди. Кыскасын айтканда, Каныкей элдин, биздин көз алдыбызда өсүп-өнүктү, Кыргызстанды багындырды. Мына ошол сахнада ийгиликтүү эмгектенип келаткан ырчы кыз турмуш жолуна аттанып, Нооруз майрамында үй-бүлөлүк жашоосун баштоо алдында турат. «Менин жүрөгүмдү гениалдуу адам гана багындыра алат» деген Каныкей гениалдуу мырзасы тууралуу бизге эксклюзивдүү маек куруп берди.
– Каныкей, куттуктайбыз, тууруң туруктуу болсун! Алгач эле баарына кызык болуп жаткан суроону берейин. Сенин жүрөгүңдү багындырган мырза ким? Аны менен кандайча таанышып калдыңар?
– Биздин таанышуубуз өзгөчө болгон. Эсимде, 2006-жылы Бишкекке окуганы келгем. Кадимкидей карапайым студентмин. Ошол кезде апам телефон сатып берип, 0772 131455 деген номерди өзүм тандап алгам. Бир күнү кызык болуп кетип, өзүмдүн эле номериме, бирок башка код менен чалып көрдүм. Чалуу кеткенде шашып кетип коюп салгам. Анан ошол номерден кайра чалуу келди. Мырза экен, «бул ким? Жөн-жай эле чалдыңар беле?» деп калды. Мен «жөн эле чалдым» деп сөздөн-сөз чыгып таанышып, жакшы сүйлөшүп кеттик. Ал Агрардык университеттин студенти экен, мен ал кезде БГУда окучумун. Ошентип телефондон кабарлашып жүрүп, бир күнү жолуктук. Ал дагы көз айнекчен, мен дагы көз айнекченмин (күлүп). Жолугушуудан кийин дос катары байланышып, кезигишип турчубуз. Көп өтпөй мен музыкалык окуу жайга тапшырып, ал бир программа менен Америкага иштегени кетти. Арадан жылдар өтүп, мамилебиз акырындан үзүлдү. Мен чыгармачылык менен алектенип, ырчы болуп, элге таанылдым, коомдо өз ордумду таптым. Ошондо деле «ал кайда болду экен?» деген ойлор бар эле. Биздин сезимдерибиз аруу болчу... Ошондо эле ал «сен мага жагасың» деп айткан. Тагдыр окшойт, бир нече жылдан соң интернетте социалдык тармак аркылуу кайра табышып калдык.
– Качан кайра жүз көрүштүңөр?
– 2013-жылы мен Америкага чыгармачылык иштерим менен барганда жолугуштук. «Кандай болуп калды экен, өзгөрсө керек?» деген ойлор болгон чынында. Бирок ал баягы боюнча эле, бир да өзгөрбөптүр. Ошентип кайра мамилебиз башталып кетти. Эми айтып жатпайбы «мен сени мурун сүйгөндө жылдыз эмес элең. Азыр болсо өзгөрдүң, элдин адамы болуп калдың. Биздин сүйүүбүзгө сенин популярдуулугуң тоскоол болбойбу?» деп. Албетте, тоскоол болбойт.
– Мурун «гений адамга турмушка чыгам» дечү элең... Жигитиң генийби сен үчүн?
– Кээ бирлер адамдын байлыгына, кебетесине кызыгышат. Менде андай болгон жок. Мен анын жөнөкөйлүгүн, адептүүлүгүн, билимдүүлүгүн, адамдык сапатын бааладым. Мына ушул чыныгы сүйүү демекмин. Ошондой адамга туш болуп, тагдырымды байлап жатканым үчүн бактылуумун. Эң негизгиси, ага менин жылдыз экенимдин кереги жок. Жолдошумдун жөнөкөйлүгү – анын гениалдуулугу.
– Эми эл сүйгөн ырчы Каныкейдин чыгармачылыгы эмне болот?
– Азыркы учурда «Куурчак» деген 3-альбомумду даярдап жатам. Мен бул жакта болбосом да, менин башкы үн режиссёрум Жолдош Апасов чыгармаларымды жаза берет. Андан сырткары белгилүү тарыхый тасмага, «Аку» аттуу анимациялык тасмага саундтрек жазып жатам.
– Жолдошуңдун сенин кесибиңе көз карашы кандай?
– Чыгармачылык жаатта жолдошум менин фанатым эмес, мени ырчы катары жакшы көрбөйт (күлүп). «Кара боёк, сахнадагы алып жүргөндөрүңдү эмес, мен сенин боёлбогон таза жүзүңдү, өзүңдү жакшы көрөм. Мен сахнадагы эмес, жашоодогу кыз менен жашайм» дейт. А бирок «талантыңды элге жакшы жактан тартуулай бер» деп коёт.
Негизи, чыгармачылык жакшы, бирок сүйүүнүн алдында эч нерсеге арзыбаган нерсе болуп калат экен. Мен сахнадагы жашоону эмес, байлыкты эмес, жөнөкөй турмушту, сүйгөн адамым менен тынч жашоону тандадым. Менин жашоом Күлчү кыздыкындай (Золушка) десем болот. Мисалы, мен аябай кедей үй-бүлөдөн чыктым, өзүм шаарга келдим. Кандайдыр бир деңгээлде билим алдым. Аздыр-көптүр Кыргызстанды багындырдым. Эми минтип сүйгөнүмдү таап, ошол адамга турмушка чыгып жатам.
– Күйөө бала жөнүндө да кыскача маалымат бере кетпесең болбойт...
– Экөөбүздүн жаш курагыбыз тең. Аты – Медер, АКШда окуп-иштейт. Экөөбүз азыр деле ойлоно беребиз. Көрсө, телефон номерлерибиздин окшош болгону деле буйрук экен да.
– Баш кошобуз деп качан чечтиңер?
– Быйыл кышында Америкага болгон сапарымда Медердикине баргам. Ошондо турмуш куруу чечимине келдик. Бизди эки жактан тең ата-энелерибиз колдоп турушат. Анткени экөөбүздүн мамилебизге башталышынан бери алар күбө. Апам Медерди көптөн бери билет, аябай жакшы көрөт. Кечээ кыргыз салтын кылып кайын журтум сөйкө салып кетишти. Кудай буюрса, Ноорузда жолдошума Америкага учуп кетем.
– Америкага учам дедиң. Мындан ары ошол жакта турасыңарбы? Сен эмне менен алек болосуң?
– Америкага бир канча убакытка кетип жатам. Ал жакка барганда эң биринчи тил үйрөнүп, окуюн деген ойлор бар. Анан өзүмдү чыгармачылык жактан сынап көрүп, мындан ары өскүм келет.
– Рахмат маегиңе, Каныкей. Куш бооңор бек болсун! Бактылуу болгула!
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg