КРЫМ – ЧОҢ ТАЛАШТЫН ЧОРДОНУ

«Уктуңбу, Крым Орусияга кошулуптур» деген эле адамдар. Элдин караганы да, кулак түргөнү да ушул жарым арал. Крым эмнеси менен кызыктуу, крымдыктар эмне менен дем алышары тууралуу кеп козгойбуз.

  • Крым кыргызчага «чеп» деп которулган түрктөрдүн «кырым» сөзүнөн келип чыккан деген божомол бар.
  • Крымдык татарлар жарым аралдын жергиликтүү калкы (таврлардын урпактары, скиф, грек жана башкалар) менен түрк урууларынын (гунндар, кыпчак, огуз жана башкалар) биригүүсүнөн түзүлгөн.
  • Аймагы – 27 миң чарчы чакырымга жакын.
  • Административдик борбору – Симферополь.
  • Калкы – 2 миллион кишиге чукул.
  • 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт: орустар – 58 пайыз, украиндер – 24 пайыз, крымдык татарлар – 12 пайыз жана башкалар.

СОЮЗДУН САНАТОРИЙИ
Түндүгүнөн Кара деңиз, түндүк-чыгышынан Азов деңизи каптап турган жарым арал В.Лениндин декрети менен «Бүткүл союздук санаторий» деп аталып калган. Мунун баарына жумшак климат, жылуу деңиз, баткак менен дарылануу жана минералдык суу шарт түзгөн. Крымдын курорт катары өнүгүүсү XIX кылымда эле башталып, азыр да ошол мезгилге таандык эс алуучу үйлөрдү, виллалар менен ак сарайларды көрүүгө болот. Жарым аралдын жаратылышы сүрөтчү И.Айвазовский, жазуучу А.Чехов, акын М.Цветаеванын жана башка өнөр адамдарынын эргүүсүн жаратып, Крым бир топ чыгармаларда башкы орунду ээлеген.
Крым жүзүм өстүрүү жаатында да даңкы алыска кеткен. Жогорку сапаттагы шарап, коньяк жана ширелердин өндүрүшү үчүн колдонулган жүзүмдүн сорттору ушул жарым аралда өстүрүлөт.

­ОТОРЧУЛУК МЕЗГИЛИНЕН ТАТАРЛАР ДА ЗАПКЫ ТАРТКАН
Жарым аралды Орусия империясы каратып алган учурдан тартып Крымга орустар көчүп келе башташкан. Орусиялык экспансиянын эсебинен татарлар азыркы Осмон империясынын аймагына массалык түрдө көчүүгө мажбур болушкан. Бүгүнкү күндө Түркияда 5 миллиондон ашуун крымдык татарлардын урпактары жашаары айтылат. 1795-жылы жалпы калктын 87 пайызын крымдык татарлар түзсө, 4 пайызы орустардан турган. Бул көрсөткүч 1917-жылга барып, жалпы калктын 41 пайызын орустар, ал эми 28 пайызын крымдык татарлардын түзүп калуусуна жеткен. Ал эми 2001-жылы Украина жүргүзгөн каттоого ылайык, жарым аралдын калкынын 58 пайызы орустардан, 24 пайызы украиндерден, ал эми 12 пайызы крымдык татарлардан турарын көрсөткөн. Баса белгилөөчү жагдай, орустар басымдуу жашаган жана Крымдан өзүнчө макамга ээ Севастополь шаарынын калкы эсепке алынган эмес.
Ошентип, миграциянын биринчи агымы жарым аралдын Орусия империясына каратылган мезгилине туш келсе, экинчиси 1834-жылдагы Крым согушунда орун алган. Үчүнчү агымы 1944-жылга таандык, анда 200 миңден ашуун татарлар Орто Азияга, эң көбү Өзбекстанга күч менен көчүрүлгөн. Массалык депортацияга кабылуусуна советтик бийликтин “татарлар немис оккупанттары менен активдүү кызматташууда” деген шылтоосу негиз болгондугу айтылат. Крымдык татарлардын башына түшкөн бул мезгилди өздөрү “геноцид жана куугунтукка алуу кылымы” деп коюшат.
Татарлардын тарыхый мекенине кайтып келүүсү 1980-жылдардын аягында башталган. 1989-жылы Крымда 38 миңдей татарлар жашап турса, он жылдан кийин эле бул көрсөткүч 250 миң кишиге жеткен.

ЭГЕМЕНДИК МАКАМЫ ЭСКЕ АЛЫНБАДЫ
Бийликтин алмашуусуна алып келген Украинадагы саясий кризис Автономиялуу Крым Республикасынын да тагдырын бир өлкөдөн экинчиге оодарды. 2014-жылдын 24-февралында Крымдын Жогорку Кеңеши Украинанын жаңы өкмөтүнө баш ийүүдөн баш тартып, 6-март күнү парламент Орусиянын курамына кирүү жөнүндө чечим кабыл алган.
Ошентип, чагылгандай тездик менен 16-мартта Крымда референдум өтүп, анда эки суроо коюлду: «Сиз Орусия Федерациясынын субъект укугунда Крымдын Орусия менен кайра биригүүсүн колдойсузбу?» жана «Сиз 1992-жылдагы Крым Республикасынын Конституциясы менен Крымдын Украинанын бөлүгү катары статусунун ордуна келүүсүн колдойсузбу?» Байкоо салган адамга Крымдын өз алдынча көз карандысыз мамлекет болуусу үчүн 3-вариант менен жогорудагы эки жоопко тең «каршымын» деген пункттун жоктугу билинет. Референдумдун жыйынтыгы Крымдын Орусиянын курамына кирүүсүнө добуш берүүчүлөрдүн дээрлик 97 пайызы макул болгонун көрсөттү.

КРЫМДАГЫ РЕФЕРЕНДУМДУ ОРУСИЯ ӨТКӨРДҮ
Украинанын жаңы бийлиги референдумду мыйзамсыз деп жар салып, өлкөнүн аймагын өзгөртүүгө тиешелүү маселелер жалпы украиналык деңгээлде чечилиши керек деп чыкты. Крымдык татарлар да референдумдун өткөрүлүшүнө каршы чыгып, элди бойкот жарыялоого үндөшкөн. Ал эми Крымдын вице-премьери Р.Темиргалиев: «Бүгүн Украинада легитимдүү бийлик жок, Киевдин өзүндө Баш мыйзамга каршы келген төңкөрүш болуп өттү»,- деп билдирген.
Бул аралыкта жарым аралды кайсы мекеменин кызматкери экендиги белгисиз куралдуу адамдар каптап кетти. Европалык ЖМКлардын маалыматына ылайык, алардын саны
15 миңге жеткен. Киевдин версиясы боюнча, алар орусиялык аскерлер болсо, Кремлдин айтымында, алар крымдык өзүн-өзү коргоо кошуунунун жоокерлери.
Украина менен катар АКШ, Европалык союз референдумдун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдиришти. «Крым Орусиянын ажырагыс бөлүгү болуп келген жана болуп кала берет» деген Орусиянын президенти Владимир Путин Крым Республикасы менен Севастополь шаарынын Орусия Федерациясына кошулуу тууралуу документке 18-март күнү кол койду. Бул чоң талашта расмий Москва Крымга карата кызыкчылыктарын жашырган жок.

ОРУСИЯ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАН ТАЛАШУУДА?
Кара деңиз флоту. Ал Крым Орусиялык империяга кошулгандан кийин 1783-жылы түзүлгөн. Дал ушул базанын арты менен Орусия Кара жана Жер Ортолук деңиздеринде өзүнүн үстөмдүгүн күчөткөн. Бүгүнкү күндө Орусияга караштуу флоттун инфраструктурасынын 70 пайызы Крымда жайгашкан.
Бул аскердик базага байланыштуу чырлар Союз ыдырагандан бери бүтпөй келет. Украинада 1992-жылдан бери «Украинанын аймагында чет жердик аскердик базалардын жайгашуусуна жол бербөө керек, мындай көрүнүш украин элинин улуттук кызыкчылыктарына каршы келет» деген пикирлер арбын айтылат. Украина менен Орусиянын ортосундагы мамиленин башкы көйгөйү да ушул флот болуп саналчу.
2010-жылдагы макулдашуу боюнча, Орусия 2017-жылдан баштап Кара деңиз флотунун ижара акысы үчүн жыл сайын Украинага 100 миллион доллар төлөмөк болгон. Бирок Орусия Украинадагы абалдан улам бул маселени өз пайдасына чечип алды.

Курал көтөргөн сырдуу адамдар чоң талкууну жаратты.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (45)
nagi82
2014-03-25 14:52:30
Биздин ажолорго окшобой жер сатып эл сатып отурбай Путин эл жер бийлик данк элдин раазычылыгы менен алды Атамбаевке сабак
+1
salamalik93
2014-03-25 20:29:08
Америка жонундо да жазып койгула да
0
orun
2014-03-26 00:34:42
salamalik93, Америка демократияга жамынып алып ач көз саясаты менен дүйнөнү мен башкарам деген дөө мамлекет. Америка Укрина оюнунда Орусияга утулуп калды. Жеңилгенине чычалап Орусияга болбогонле санксияларды жарыялап жатат. Путин көрдүм деп да койгон жок. Б а ит үрө берет, кербен жүрө берет деп эле өз ишин улантып жатат. Путин алга!!! Бирок Путиндин мындай саясаты биздин эгемендүүлүгүб
+1
Liza83
2014-03-25 20:58:54
Путин мага да аябай жагат!Ото кучтуу саясатчы!Бирок,"орус менен дос болсон айбалтанды ала жур" деген кеп бар...
0
aslan_akjol89
2014-03-26 11:07:10
Таможенный союзга кошулгандын коркунучу деле жок,анткени азыр андан да коркунучтуу акыбалдабыз.Белоруссия,Казахстан олбой эле журот го.
+1
nk.nur_ik
2014-03-27 21:08:31
aslan_akjol89,Олбой журот бирок казактар да чыгыш керек деп жатат ххх маегинде . Биздин экономиканы казактар менен салыштырып болбойт . Алар дуйнодо онуккон 50 мамлекетке кирет ......
+1
admin_media
2014-03-28 10:53:37
nk.nur_ik,
Башка сайтты жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн банга!
-1
iskend
2014-03-26 18:41:06
бул нерсе коркунучтуу эртен эле орто азия орус империясыныкы болгон деп кошуп алса не болот
+1
ernis_07
2014-03-27 01:51:14
Эл башындагы башкарма соройлор Украина сабак болоор силерге эки-экиден ажылдаша берсенер Кыргызстанда да пайда болбосун Кырымга окшогон мамлекет так что ойлонгула "атка минерин (бийликтегилер) да и атка мине албай оппозицияда жоо жургонун да тарыхта каласынар кандай болсонор да
+2
Asanaka2
2014-03-27 15:18:43
Жалллаң акылмандарго а
0
byrkyt_001
2014-03-27 19:40:06
Орустар суйунсо аларга кошулуп ырсалактап алыпсынар да. Кичине карасанар эки жакты. Эми орустар ушинтип кучко салып баса багтаса эртен бизди басыгат Орус империясы болчу деп. Анан оз жерибизде "черный" аталып журо беребиз. Украина Кыргызстан сен менен!
+1
Sapar903
2014-03-27 23:12:51
Путинди аябай эле мактадынарго! Путин орустар учун улуттук баатыр болсо, кыргыздар учун атом бомбасындай эле коркунучтуу!
0
best-life
2014-03-28 00:56:06
Ммм..1-Украина жон гана США мн Западдын марионеткасына айланды.Бул анархияны аз гана сандагы США мн Запад колдоп,дрессировать эткен Украинанын ашынган нацисттери жасады.Крымда коп улуттар жашаган,бирок официалдуу турдо тарых б-ча Россияга карап кезинде Хрущев украин болгону учун берип койгон.Россияга оружие б-ча 1-турат дуйнодо,керек болсо каалаганын кылса б-т.
0
best-life
2014-03-28 01:08:24
Ал эми Путин туура кылды, Грузиндер телтендеп кеткенде бомбалап опкосун узду го,просто Украиндер славяндар ошол себептен тийген жок.Америка Украинанын тарыхын,динин,салттык баалуулуктарын озгортуп жатат.Мисалы ошол эле Тимошенко озу латыш,украинага ал эч качан куйбойт,озунун Жеке кызыкчылыгы учун гана журот.Кантсе да Путин туура кылды.
0
Australiany-koro-elekmin
2014-03-29 22:14:47
best-life, орусту мин мактасан дагы, кыргыздар алар учун 2-сорттогу черныйлар. Путиндин саясаты улутчул. Опкосун узуп салышса Путиндин Кыргызстанга ошол пайда болот.
0
admin_media
2014-03-28 10:51:42
Abdi81,
Башка колдонуучуну мазактабай, өз ой-пикириңизди жазыңыз!
0
donchik81
2014-03-28 15:02:22
Союз кезинде Кыргызстандын табияты кооз, абасы таза, суусу тунук Шаймардан аттуу жэрибиз Озбекстанга белек катары чондорубуз берип коюшкан о.э.Бургондудогу газ скважинасы дагын Озбекстан иштетип пайдасын коруп жатат.Канеке Эми КРна Путиндей бир лидер келип ошол аймактарыбызды кайра КРнан курамына откозуп берсе сонун болот эле.
0
Sayasatchy0001
2014-03-30 01:01:02
мелис мырзакматов да ото кучтуу саясатчы ал президент болсо сатылып кеткен кыргыз жерлерин кайтарат бул киши озун ишмердуулугу менен корсоткон ошто мер болуп иштегенде
0
rozka
2014-03-31 10:15:13
Путинди мен дагы баалайм только Россия деп журогу согот биздикилер эмне кылганын мактайлы жакшыны жакшы деш керек))
0
№ 594, 21-март-27-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан