Акыркы жылдары Кыргызстанда бир жыныстуу мамилелердин укугун коргогондор көбөйдү. Былтыр укук коргоочулар милиция кызматкерлери сексуалдык азчылыктагыларга кысым көрсөтүп жаткандыктарын айтып коомчулукка даттанышкан эле. Экинчи тараптан гей, лесбияндарга каршы жарандар акцияларды өткөрүштү. Бул кырдаал мыйзамдаштырууга жетип, жакында парламенттин депутаттары лесбиян, гей, бисексуал жана транссексуал (ЛГБТ) жарандардын ишмердүүлүгүнө үгүттөгөндөрдү, аны жайылтууга көмөктөшкөн уюмдарды, ЖМКларды жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Кеп ушул мыйзамдын тегерегинде улансын.
КОҢШУЛАРДА АБАЛ КАНДАЙ ЧЕЧИЛГЕН?
Адам укугун коргоо боюнча коңшулаш өлкөлөрдөн алдыда келе жаткан биздин мамлекетте ЛГБТлар бардык адамдар сыяктуу тең укуктуу. Албетте, Кыргызстанда бир жыныстуу мамилелердин никелешүүсүнө уруксат берилген эмес. Ошол эле учурда аларды чектеген, жоопкерчиликке тарткан мыйзамы да жок.
Бизге салты да, дини да жакын өлкөлөрдөн коңшу Казакстанда ЛГБТлар 1998-жылдан тарта легалдаштырылды. Ал эми 2009-жылы транссексуалдарга жынысын алмаштырууга расмий уруксат берилген. Көп өтпөй 2011-жылы кайрадан бир жыныстуулардын баш кошуусуна тыюу салынган мыйзам кабыл алышкан. Былтыркы жылы Карагандыда 3-октябрь гейлердин күнү катары белгиленген.
Ал эми Өзбекстанда ЛГБТлардын аракеттерин жайылтуу кылмыш катары каралып, 3 жылга чейин эркинен ажыратылса, Тажикстан менен Түркмөнстанда 2 жылга чейин абакка камалат.
Бул маселе Орусияда тыюу салуу менен сексуалдык азчылык тарабынан да, эл аралык уюмдар тарабынан да катуу сынга кабылган. Аталган мамлекетте 2013-жылдын 30-июнунда президент Владимир Путин тарабынан ЛГБТлардын ишмердүүлүгүн үгүттөөгө каршы багытталган мыйзамга кол коюлган эле. Эске салсак, «сексуалдык азчылыкты кысымга алып жатышат» деп бир катар Европа өлкөлөрү «Сочи Олимпиадасына бойкот жарыялайбыз» дегенге чейин барып, кээ бир спортчулар «оюнга келбейбиз» деп чыгышкан.
«БУЛ МЫЙЗАМ КОНСТИТУЦИЯГА КАРШЫ КЕЛБЕЙТ»
«Хьюман Райтс Вотч» адам укугун коргогон эл аралык уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда ЛГБТлардын саны 15 миңден
36 миңге чейин жетет. Былтыр мындай каалоосун ачык айткан 40 гейдин жашоо турмушун чагылдырган аңгемелер жыйнагы басылып чыккан. «Кыргыздын канында жок көрүнүш» деп баалагандардын пикирин же эртеңки демографиялык өсүүнү (калктын көбөйүү көрсөткүчү) эске алсак, 15 миң деген минималдуу
көрсөткүчтүн өзү жүрөк түшүрөт. Жогорку Кеңештин депутаттары бул аракеттерди үгүттөөгө каршы мыйзам долбоор жазып чыгышканын билдиришти. Биз бул кандай мыйзам экендиги жана эмне жоопкерчилик жүктөлөрүн билели деп демилгечилердин бири парламенттин депутаты, вице-спикер ТӨРӨБАЙ ЗУЛПУКАРОВДУ кепке тарттык: – Конституциянын 36-беренесинин 1-бөлүгүндө «Үй-бүлө – коомдун негизи. Үй-бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголот» деп жазылган. ЛГБТлардын аракеттери биздин башкы мыйзамга каршы келет. Ошондуктан биз салттуу эмес сексуалдык мамилени жайылтууга, ачык айтууга, үгүттөөгө тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Анын негизинде Административдик кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, тынчтык митинги жөнүндөгү жана ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамдарга толуктоо киргизгени жатабыз.
Айта кетчү жагдай, биз демилгелеген мыйзам боюнча, алардын пикирин, көйгөйүн бүткүл республикага билдирген юридикалык жак, алардын укугун ачык коргогон уюмдар 10 миң сомдон 30 миң сомго чейинки айып пул төлөйт же 6 айга эркинен ажыратылат. Ал эми салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамиле кылган ЖМКлар жана интернет колдонуучулар 2000-5000 сомго чейин айып төлөйт. Ушул эле көрүнүш экинчи жолу кайталанса, 3000-6000 сомго чейинки айыпка тартылат жана 1 жылга чейин абакка отургузулат.
Алдыда депутаттар тарабынан сунуштар, кошумча-алымчалар болот. Мамлекеттин келечеги үчүн олуттуу иш болуп жаткандыктан бул мыйзам парламентте колдоо табат деп ишенем.
«ЛГБТ ТУКУМ КЫРУУЧУ АТАЙЫН ДОЛБООР»
27-февралда АКШнын элчилигинин маңдайында, 12-мартта Жогорку Кеңештин алдында активист жаштардан турган «Калыс» саясий кыймылы гей, лесбияндарга каршы акция өткөрүшүп, «Гей, лесбияндарды үгүттөөгө тыюу салган мыйзам жазылсын!» деген чакырыктар менен тынчтык митингине чыгышкан. Биз аталган кыймылдын лидери ЖЕҢИШ МОЛДОКМАТОВго кайрылганыбызда, ал бул маселе боюнча оюн төмөнкүчө билдирди:– Кыргызстанда акыркы жылдары башталган адепсиз окуялар батыш өлкөлөрүндө так эле ушундай көрүнүштө мындан бир топ жыл мурда ишке киришкен. Учурда толгон токой мыйзамдарды кабыл алып да токтото албай келишет. Бул ЛГБТлар кыргыз элин гана эмес, бүтүндөй дүйнөнү тукум курут кылчу атайын ойлоп табылган бир долбоор. Эгер адам гей же лесбиян болсо, аларды эч ким куугунтукка албайт да. «Хьюман Райтс Вотч» уюмунун маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 15 миңден 36 миңге чейин ЛГБТлар бар экен.
«САЛТЫБЫЗДЫ САКТООГО МИЛДЕТТҮҮБҮЗ»
«Гей, лесбияндар кыргыз тарыхында болгонбу?» деген суроо менен тарыхчы КЫЯС МОЛДОКАСЫМОВго кайрылдык:– Кыргыздын тарыхында гейлер, лесбияндар деген болгон эмес. Ар бир элдин өзүнүн басып өткөн жолундагы салттары бар, аны сактоого милдеттүүбүз. ЛГБТлардын ишмердүүлүгүн үгүттөөгө каршы мыйзамды динге байлабай, кыргыздын салтына, маданиятына, өнүгүү жолуна негиздеп туура түшүндүрүү зарыл. Өлкөбүздө мындай адамдар бар, аны тана албайбыз. Алар элди өздөрүнүн артынан ээрчиткенге аракет кылбашы керек.
«БУЛ МЫЙЗАМ КОЛДОО ТАПСА ДА ӨТПӨЙТ»
Буга экинчи тарап эмне дээрине кызыгып, ЛГБТ активисти Жаныбек менен баарлаштык:
– Бул мыйзам боюнча укканбыз. Ачыгын айтканда, бизге кейиштүү кабар болду. Демилге пленардык жыйынга чыкпай калышы да мүмкүн. Кыргызстанга эл аралык уюмдардын, адам укуктарын сыйлаган өнүккөн өлкөлөрдүн басымы күчтүү. Ошондуктан бул долбоор колдоо тапса да өтпөйт деп ишенем. Эл аралык коомчулук буга карап турбайт. Бул мыйзам долбоору адам укуктарын бузат. Демилгеленип жаткан мыйзамдын негизги маанисине келсек, үгүт деп жатышпайбы, бирок ушул терминди туура эмес колдонушууда. Анткени биз бирөөгө барып «сен лесбиян же гей бол» деп жаткан жерибиз жок. Ошондо, балким, үгүт болмок. «Балдарга терс таасирин тийгизет» деп жатышат, бирок алардын колунда жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы, «мына мындайча зыянын тийгизет» деген бүтүмү жок. Мунун эч кимге зыяны жок да.
ДҮЙНӨДӨ КАНДАЙ?
«Супердин» сурак бурчу
БИР ЖЫНЫСТУУ МАМИЛЕНИ КОЛДОЙСУЗБУ ЖЕ КАРШЫСЫЗБЫ?
Сайкал Жунушова, ЖОЖдун окутуучусу:
– Бир жыныстуу никеге биздин коомчулук психологиялык-нравалык жактан даяр эмес. Биз эмес, жакында Францияда гей, лесбияндарды колдогон мыйзам кабыл алынганда ага европа элдери сын көз менен карашты. «Буга каршы мыйзам керекпи же жокпу?» деп коомчулукта талкуулай берсек, мунун өзү да чоң үгүт болот.
Асыл Автандилов, студент:
– Биз демократиялуу коомдо жашап жатабыз. Ошондуктан бирөө менен бирөөнүн иши болбош керек. Азыр эми бардык эле адам өзү үчүн жашап жатпайбы? Андыктан мындай мыйзам кабыл алынса да, буларга уруксат берилбесе да мага ысык-суугу жок.
Майрамкүл Култаева, бухгалтер:
– Бул кыргызга жат көрүнүш. Адамдын канында, маңызында жок нерселер коомубузга келип жатканы жанды кейитет. Анан аны мыйзамдаштыруунун эч кандай кажети жок деп ойлойм. Мен караманча каршымын.
Турсунбек Асылканов, пенсионер:
– Жеке менин эч кандай каршылыгым жок. Алар да табияттан ушундай жаралган адамдар турбайбы. Алардын укугун демократияны колдогон, анын принциптерин тутунган өлкө катары мыйзамдаштырса деле болот. Гейлерге каршы чыксак эле алар жоголуп кетпейт.
Нурлан Калмырзаев, студент:
– Бул деген табиятка каршы чыгуу. Айбан жасабаган ишке барган адамдын мындай аракеттери жийиркеничтүү көрүнүш деп ойлойм. Эртең мен да балалуу болсом, балам же кызым келип «мен ушундай» деп айтса, анда ага ушул коом, мындай адамдар күнөөлүү болот.
Тимур Бегиматов, айдоочу:
– Ошол геймин, лесбиянмын дегендин баары оорулуу, аларды дарылоо керек. Кантип болсун? Бул динде да тыюу салынган, кыргыздын каада-салтында жок нерсе. Мен сыяктуу колдобогондор көп болсо керек. Депутаттар ушуну карап чыгышса...
Нурбек Алиев, убактылуу бош:
– Бул биздин динибизге да, салтыбызга да каршы нерсе. Менин да уулум, кызым бар. Анан алардын эртең ушундай жорукту башташына каршымын. Кудай арам кылган мындай ыплас нерсени колдобош керек. Башкаларды да ошого чакырам.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg