18-март күнү «Ата Мекен» башкаруу коалициясынан чыгуу чечимин жарыялады. «Абдан туура чечим, бул премьерди илгери эле кызматтан кетирүү керек болчу, кийинки парламенттик шайлоого даярдык, Атамбаевге чыккынчылык...» Бул сыяктуу талкуулар азыр кызуусунда. Кандай болгон күндө да «Ата Мекен» жаздын келишин көксөп, «бүгүн-эртең элди көчөгө алып чыгам, курултай өткөрөм, митинг кылам» деп турган оппозиция лидерлеринин демин суутуп, коомчулуктун бар көңүлүн көчөгө эмес, Ак үйгө буруп койду. Жок эле дегенде жакынкы жыйырма күн ичинде жаңы премьер шайлоо, министрлер кабинетин куроо сыяктуу иштер көңүл чордонунда болот. Муну менен Текебаев бийликке жакшы кызмат көрсөттү десе болчудай.
ТЕКЕБАЕВДИН ЖҮЙӨСҮ ЭМНЕДЕ?
«Өкмөт кетет» деген кептер акыркы бир ай ичинде катуу жүрдү. Министрлер кабинетине карата нааразычылык коалициянын 2012-жылдын сентябрында түзүлгөн күнүнөн тартып башталган. Күчкө толуп турган Өмүрбек Бабановдун ордуна премьер-министрликке улуу курактагы, колунда жок дегенде эки кагаздан турган конкреттүү программасы жок Жантөрө Сатыбалдиевдин келиши коомчулукта сын-пикирлерди жараткан болчу. Кийинчерээк кадрдык саясаттын чабалдыгынан «пенсионерлердин өкмөтү» деп да атыгып кетти.
Сатыбалдиевдин биринчи чалынуусу деп 2013-жылдын апрель айында кримтөбөл Азиз Батукаевдин жаза мөөнөтүн аягына чейин өтөбөй, оор кылмышы үчүн соттолгонуна карабай соттордон кечирим алып, «өлгөнү калыптыр» деген шылтоо менен Кыргызстандан чыгып кетүүсү болду. Резонанс жараткан бул окуяда «ата мекенчи» депутаттар активдүүлүгүн көрсөтүшүп, адегенде Жоомарт Сапарбаев «мыйзамдагы ууруну» Чеченстанга алып кеткен учакты Шамиль Атахановдун уулу Данияр Атаханов жетектеген компания тейлегенин айтып чыккан. Батукаевдин бошотулушу боюнча депутаттык комиссия Болот Шердин башчылыгында түзүлүп, вице-премьер Шамиль Атаханов убактылуу кызматынан четтетилген. Кийин ал Саруудагы баш аламандыктан улам өз арызы менен иштен кеткен.
Экинчи чоң маселе бул – «Кумтөр». Тагыраагы, аталган долбоор боюнча соңку макулдашууну түзүүдө өкмөттүн Жогорку Кеңештин талабын аткара албагандыгы. Кыргыз өкмөтү менен канадалыктардын биргелешкен ишкана түзүп, ал ишканада Кыргызстан 67 пайыздык үлүшкө эмес, 50 пайыздык үлүшкө гана ээ болуп калышында Жантөрө Сатыбалдиев чоң роль ойноду. Демек, «Ата Мекен» фракциясынын тагып жаткан айыбы жүйөлүү.
Үчүнчү чоң түйүн премьердин мурунку иштерине келип такалат. Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү, өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция иштерин депутаттык комиссия иликтей келгенде, бир катар каржылык мыйзам бузууларга жол берилгени ачыкталган. Ток этери, эл өкүлдөрү эки шаарды калыбына келтирүүгө бөлүнгөн каражаттын ичинен 7 миллиард сомдун изин таппай коюшту. Бул иш боюнча өкмөт башчынын жооп берейин, жоопкерчилик алайын деген ниети байкалган эмес эле. Албетте, бул иш жөн калбайт. Премьерликтен кеткен күндө деле Сатыбалдиевге каршы чоң компромат катары текчелерде тура берет. Укук коргоо органдары бул каржылык мыйзам бузуулар боюнча чечимин жарыялай элек.
«Ата Мекен» партиясынын тараткан билдирүүсүндө Жантөрө Сатыбалдиев жогоруда аталган дирекцияны жетектеп турган чакта коррупциялык иштерге аралашкан деген айыптоолор аталган фракциянын коалициядан чыгуусуна эң башкы негиз болгондугу жазылат. Бир сөз менен айтканда, Сатыбалдиев коалициянын курамында болгон «ата мекенчилердин» ишенимин актабаптыр. Өткөн жылдын сентябрь айында бизге берген маегинде эле Ө.Текебаев «өкмөт биз койгон үмүттөрдү, каалоолорду аткарган жок» деп айткан болчу.
Ал эми чек арадагы чатактар тыйылгандын ордуна ырбап бара жатканы да өкмөт башчынын ишти жөнгө сала албаганын көрсөтөт.
26-ПРЕМЬЕР КЕЛЕТ...
Коалиция ыдыраган сааттан тартып жаңы парламенттик көпчүлүк кайсы фракциялардан куралат, эми ким өкмөт башчы болот деген суроолор биринчи планга чыкты. «Ата Мекен» коалициядан чыгуунун демилгечиси болсо, демек, бул сапар оппозицияга оойт» дегендер да, «жок, бул жерде мандем бар, «Ата Мекен» премьерди алып түшсө, анда бул кызматка өз кишисин алып чыгат» дегендер да бар. Өкмөт башчылыкка көрсөтүлөт деп биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаевдин ысымы көп аталууда.
Жантөрө Сатыбалдиевдин ордун алмаштырат дегендердин арасында акыркы учурда ташы өйдө кулаган Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов, компромисстик фигура катары Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, «өрт өчүргүч» атыккан вице-премьер Токон Мамытов, транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов, «Ар-намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов, экс-премьер Өмүрбек Бабанов жана бийликке таарынып, саясаттан четтеп барып, кайра тил табышып иштей баштаган Адахан Мадумаровдун ысымдары аталууда.
20-мартта өлкө башчысы коалицияны куроо мандатын КСДПга тапшырды. Буга чейин мандат бир ирет «Республика», эки жолу социал-демократтарга карматылган болчу. Алмазбек Атамбаев коалицияга кирген фракциялардын ортосунда жаңы өкмөттүк курамды түзүүдө кызматтарды бөлүштүрүү тажрыйбасынан баш тартууну талап кылды. 11-апрелден кечиктирбей, премьер-министрликке талапкерди көрсөтүүнү камсыздоо керектигин сунуш кылды.
Коалицияга кайсы фракциялар кириши ыктымалдыгы жөнүндө эң көп «3+1» форматы сөз болууда. Тагыраагы, азыркы курам эле сакталып, ага «республикачылар» кошулушу мүмкүн. Жаңы көпчүлүккө кирүүгө «бабановчу» депутаттар дайын турушканын билдирүүгө жетишишти.
Баш мыйзамга ылайык, мандат тапшырылган соң ал 15 иш күнүнүн ичинде парламенттик көпчүлүктүн курамы менен премьер-министрликке өз талапкерин көрсөтүшү керек. Ага чейин Жантөрө Сатыбалдиев баштаган министрлер кабинети убактылуу кызмат милдеттерин аткарып турушат.
ЖАРАНДАРДЫН МИТИНГГЕ ЧЫГУУ ЭРКИНДИГИН ЧЕКТӨӨ БАШТАЛДЫБЫ?
Бул аптада дагы бир көңүл бөлбөй коюуга мүмкүн болбогон бир окуя болуп өттү. 17-март күнү Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери Жогорку Соттун имаратынын алдында чогулган камактагы депутат Ахматбек Келдибековдун 30дай тарапташын күч менен кармап, автобуска салып кетишти. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов: «Биринчиден, алар митинг өткөрүүгө тийиштүү мекемелерден уруксат алышкан эмес. Экинчиден, коомдук тартипти бузганы үчүн кармалды»,- деди.
Эске салсак, ушул сыяктуу окуя 2009-жылы Бакиевдин бийлигинин тушунда да болгон. 29-июлда КСДПнын Бишкектеги башкы кеңсесинде өтө турган «Таза шайлоо» митингине катышуу үчүн Беш-Күнгөй айылынан келе жаткан митингчилерди милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Ошол учурда ИИМдин басма сөз кызматын жетектеп турган Бакыт Сейитов КСДПнын тарапташтарына «коомдук тартипти бузду» деген айып тагылганын билдирген эле.
Ага чейин 2008-жылы Жогорку Кеңештин алдында «Мен ишенбейм» акциясынын катышуучулары милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, анда «Бишкек шаарынын аймагындагы митингдер менен нааразычылык акциялар атайы бөлүнгөн жерлерде өткөрүлүшү керек» деген токтомго негизделгенин айтышкан.
Акаевдик, бакиевдик бийлик менен күрөшкөн оппозициянын талаптарынын негизги катарында «сөз эркиндигин коргоо», «жарандардын митингге чыгуу эркиндигин чектебөө» деген пункттар болуп келген. Бирок ошол кездеги оппозиция өкүлдөрү бийликке жеткенден жогоруда айтылгандарга өздөрү каршы бурулган көрүнүш кайталанууда. Кыргызстанда мындай окуялар эч бир өзгөрүүсүз сценарий менен кайталанып келет. Болгону бийлик алмашкан сайын каармандар да алмашууда.
Эльвира Караева
politika@super.kg