Ош шаарына 2014-жылда КМШнын МАДАНИЙ БОРБОРУ деген макам өткөрүлүп берилди. Анын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн искусство фестивалы, шырдак көргөзмөсү жана башка иш-чаралар болуп өтөт.
Бишкек шаарынын «ТЕЗ ЖАРДАМ» станциясынын башкы врачы болуп Жаркынбек Касымбеков дайындалды.
2013-жылы 54 МИҢГЕ жакын нике жана 9 МИҢДЕЙ ажырашуу катталган.
Окуучулардын жазгы КАНИКУЛУ 22-марттан 29-мартка чейин созулат.
Акыйкатчы БАКТЫБЕК АМАНБАЕВ депутаттардын жалган маалымат үчүн эркинен ажыратууну сунуштаган мыйзам долбооруна каршы экендигин билдирди.
«Ооганстандын Улуу жана Кичи ПАМИРИНДЕ жашаган 2 миңдей кыргыздар жакын аранын ичинде Кыргызстанга көчүрүп келүүсүн суранышат» деп билдирди делегат Абдимиталип Сыражын уулу.
Өкмөт быйылкы жылы дыйкандарга 4 миллиард 900 миллион сом ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ бөлдү. Жаңы шартка ылайык, ал 2 жылга чейин берилип, үстөгү 10 пайызга чейин ылдыйлатылды.
Баткен облусундагы КӨК-ТАЛАА-ПҮЛГӨН айланма жолунун курулушу 2014-жылдын июнь айында аяктоосу пландалууда. Азыркы тапта Ош-Исфана жолу менен каттагандар Өзбекстан аркылуу өтүүгө мажбур.
Улуттук гвардиянын жетекчиси болуп МЕЛИС САТЫБАЛДИЕВ дайындалды.
1-апрелден тартып үй-бүлөлүк виза боюнча ТҮШТҮК КОРЕЯГА кетүүчүлөргө жаңы шарт киргизилди. Эми корей жарандары менен никеге тургусу келген чет өлкөлүктөр тил боюнча сынак тапшырышы зарыл болот.
Байланыш агенттиги азыркы тапта уюлдук операторлорунун 1 абонентинен ай сайын орточо 3 ДОЛЛАР киреше түшүп турарын маалымдады.
«2015-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстан АЧЫК АСМАН режимин жарыялайт»,- деди транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Калыкбек Султанов.
20-март күнү Бишкек шаарында БИР КАНЧА ОК ТИЙГЕН Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаа табылды. Унаанын ичинде жана ал токтогон жерде кандын издери болгону менен, ичинен бирөө жарым табылган эмес. Атышууга катышкандар изделүүдө.
Бишкек шаарынын 4 мамлекеттик мекемесинде биринчи жолу ТАК УБАКЫТТЫН эталондору орнотулду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.