НООРУЗ – ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ

УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!
Эзелтен ата-бабаларыбыз Нооруз майрамын чоң үмүт, жакшы тилек, ачык маанай менен тосуп келишкен. Бири-бирине жакшылык, ийгилик, бакыт-таалай каалашкан. Бүгүнкү күндө да Нооруз майрамы элибиздин келечекке болгон үмүтүн арттырып, ар бирибизди, коомубузду, өлкөбүздү жаңыланууга, тазаланууга үндөп турат.
Нооруз менен башталган жазгы жандануу жерибизге ынтымак, биримдик, молчулук алып келсин! Жаратканыбыз Кыргызстанды колдосун!

УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР!
Байыртан ата-бабаларыбыз жазында күн менен түн теңелип, күн узарып, түн кыскарганын байкаган. Нооруз адамдар үчүн эртеби-кечпи жарык-караңгыны, жылуулук-суукту, чындык-жалганды, жакшылык-жамандыкты жеңет деген белгиге айланган. Нооруз – амандыктын, жаңылануунун майрамы. Жаңы жылдын башталышы Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жана ийгиликтин башаты болот деп ишенем!
Кымбаттуу кыргызстандыктар, сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, ийгилик, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм!

Кыргыз Республикасынын
Президенти Алмазбек Атамбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
tabyshmak
2014-03-25 19:02:02
Мммм...
0
kengebek
2014-06-25 20:11:40
Мммм....ишти жылдыр,
0
№ 594, 21-март-27-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан