Сапар Эркебаев учурда чыгармачылыктан алыстап, өзүнүн кичинекей мамлекетинин пайдубалын бекемдеп жүрөт. «Дагы деле чет өлкөлөргө чакыруулар болуп жатат. Бирок мен келинчегимди жалгыз таштап кете албайм» деген ырчы үй-бүлө биринчи орунда экенин баса белгиледи. Анан да Сапар мырза жакында ата статусуна ээ болгону турганын сүйүнчүлөй кетти.
– Сапар мырза, Айгерим, эң оболу сүйүү тарыхынан кепти баштасак...
Сапар: – Былтыр Жалал-Абадга Тынар Курбаналиев менен гастролдоп баргам. Бир жерге түштөнгөнү кирсек, Айгерим таежеси менен отурган экен. Ошондо биринчи жолу көргөм аны. Кечинде концертибизде жүргөн экен, ага тийишип сөз таштап, таанышып калдык. Аны Жалал-Абадда көргөндүктөн, ошол жакта өскөн кыз деп ойлоптурмун. Көрсө, Бишкекте төрөлүп-өсүптүр. Адатта кыздар менен таанышсам «бул ырыңыз жагат, клибиңиз тигиндей-мындай» дей беришчү. Ал эми Айгерим менен шоу-бизнес жөнүндө такыр сөз болгон жок. Ал мени ырчы катары билбейт экен. Экөөбүз жашоо, мен, ал жөнүндө гана сүйлөштүк. Анын ырчы катары эмес, адам катары мени баалаганы өзгөчө кубантты. Кызыгы, таанышканыбызда эле быдылдап көп сүйлөп салыптырмын. Негедир Айгеримди мурунтан билген жакын адамымдай эле кабыл алгам.
– Айгерим, сен кандайча Жалал-Абадга барып калдың эле?
Айгерим: – Көп жылдан бери Жалал-Абадга бара албай жүргөм. Бул ирет атайын жумуштан өргүү алып, таенемди, туугандарымды көрүп келейин дегем. Сапарды биринчи көргөндө күлгөнү аябай жаккан. Аялдарда ички туюм жакшы өнүккөн эмеспи, ошондо эле жүрөгүмдүн түпкүрүнөн меники экенин сезгем.
С.: – Жалал-Абадга туугандары менен көрүшөм деп барып, мени таап келди (күлүп).
– Сүйүүңүздү кантип билдирдиңиз, Сапар мырза?
С.: – Барып эле бетине айткам (каткырып). Шаардык балдар болот го, «мен сени сүйүп калдым» деп бир нерселерди жасап жиберген. Менде андай сапат жок. Айгерим кээде «эмнеге мага романтикалуу кылып сунуш кылган жоксуз?» деп сурап калат. Шаардыктар ошондой романтиканы каалашат экен да. Мен болсо айылдыктарча барып эле «сен мага жактың, мен сени алам» деп айткам.
– Айгерим, сен мындай сунушту күткөн эмес болсоң керек?
А.: – Романтиканы жактырам деңизчи, бирок дал ошентип келип сезимдерин айтканы жакты окшойт мага. Ушул кезге чейин менде бир да андай учур болгон эмес. «Бир нече күндөн кийин эле мага турмушка чыгасыңбы деп жатат, ушул кантип болсун?» деп жүрдүм. Күтүлбөгөн сунуш болду, албетте.
– Сүйлөшүп жүргөндө кандай унутулгус күндөрдү баштан өткөрдүңөр?
А.: – Көлдө эс алып жүргөм. Анан борборго кайтар күнү таң атарда жолдошум келип калыптыр. Күтүүсүз жерден келгени аябай жагымдуу болду, ошентип кереметтүү көлдөн таң тосконубуз эсимде.
С.: – Буга ушундай романтика, таңды тосмой дегендер жагат. Ошон үчүн атайын ошол убакытка жетип барайын деп түнкү саат 3төрдө Бишкектен чыгып, жетип бардым. Мен өзүм деле буга чейин көлдө атайын таңды тосуп көргөн эмес экем. Анан да биздин эң жакшы көргөнүбүз, майда-чүйдө нерсени алып, шаардын четине чыгып сүйлөшүп отурмай эле. Айгерим күндө эртең менен мага «бүгүн эмне кыласыз?» деп чалчу. Мен «маанилүү жумуштарым бар» деп коём. Ошол маанилүү жумушум: шашпай түшкү 12лерде ойгонуп, машинамды жууп, Айгеримге барыш эле.
– Араңарда 11 жаш айырма бар экен. Анан да Сапар мырзанын мурун үйлөнүп ажырашканы сени чочулаткан жокпу?
А.: – Жок, мен биринчи көргөндө эле жолдошумду 1985-87-жылкы мырза болсо керек деп ойлогом. Менден 11 жаш улуу экени мени көп ойлондурган жок. Ал эми Сапардын мурунку жашоосунун мага тиешеси жок. Мен азыркы жана келечектеги турмушумун. Мындай тагдыр кимдерде гана болбойт. Бул окуя мен үчүн таң калычтуу болгон жок.
С.: – Мен көпкө жүрүп, башын айландырып, Айгеримди алдаган эмесмин. Башында эле «менде ушундай кемчиликтер бар» деп болгонун болгондой айткам.
– Той учурунда кандай кызыктар болду?
С.: – Биз 5-6 ай сүйлөшүп калганда ата-энем «үйлөн» деп башташты. Бирок шашпай туралы дегенбиз. Анткени тойго чейин мен Айгеримдин апасы менен таанышып, мурун үйлөнгөнүмдү айтышым керек болчу. Апасы бошобой калгандыктан, кийинки жылга калтырып койгон элек. Үйдөгүлөр болбой эле айта беришкенинен Айгерим ата-энеси менен сүйлөшүп, тойду быйыл өткөрдүк.
Айгеримди мен учакка отургузуп алып, Бишкектен Ошко ала качтым. Мындай планыбызды жакындарыбыз билишчү.
– Бөлөк үйгө барып отуруп калган кандай экен, Айгерим?
– Билип эле баргам да ал жакка. Сүйгөн адамыма баш кошуп жатканыма кубанычта болуп, ыйлаган жокмун.
– Эртең менен эрте туруп эшик шыпырмай деген салт бар эле, андан кыйналган жоксуңбу?
С.: – Шыпырыш керек болчу, бирок келинчегим андай кылган жок (күлүп). Бизде шыпыра турган деле жер жок, чынында.
– Эсиңерде калган кайсы салттар болду?
С.: – Биз жакта балтадай оор болсун деп келин тарапка балта ыргытышат. Ошол салт Айгеримге кызык туюлду. Чочулап, «эмнеге балта ыргытып жатат мага?» деп сурап алыптыр. Ага мен «болду, эми сен мындан кийин Балтагүл болосуң» деп тамашалагам.
А.: – Той алдында борборго атайын көйнөккө келгем. Салт боюнча, кыз үйүнөн кеткенден кийин күйөөсү экөөнү төркүлөтүп чакырышмайынча ата-энесиникине барганга болбойт экен. Ошол салттын айынан Бишкекте курбу кызымдыкында жатып жүрбөдүмбү. Кызыктай болот экенсиң.
– Сапар мырза, мурун сиздин орой мүнөзүңүз байкалчу эле. Азыр аябай жоошуп калыптырсыз да?
– Адам баласы үй-бүлөсү, жашоосу үчүн жакшы жакка өзгөрүш керек. Кечке эле корсулдап жүрө берген болбойт. Кээде мен деле үйдө катуу сүйлөп калам. Бирок ашып кетсе 2-3 саат чыдап, кайра эле күнөөмдү моюнума алып, кечирим сурайм.
– «Чыгармачылыктан кетем» деп айткан элеңиз, буга үй-бүлөлүү болгонуңуз себеппи?
– Чыгармачылыкка киришкенден кийин ырдаш керек, гастроль, концерт болуп андан ары кете берет уланып. Мага азыр деле чет өлкөгө гастроль боюнча көп сунуштар чыгып жатат. Бирок келинчегимди жалгыз таштап кете албайм.
– Жакында перзент күтүп жаткан экенсиңер. Сапар мырза, жагымдуу кабарды кандай кабыл алдыңыз?
– Абдан кубанат экенсиң. Анын үстүнө өзүңдүн жакын, сүйгөн адамыңдан ушундай жакшы кабар угуп жатсаң, абдан эле жагымдуу болот тура. Кудай буюрса, жакында биз да ата-эне болуп калабыз.
– Айгерим жумуштан кеч келгенде кызганбайсызбы?
– Келинчегимди өзүм жумушка алып барып, алып келем. Кээде классташтарына, курсташтарына жабыштырып тамашалап калам. Бирок чегинен чыгып кызганбайм.
– «Эркектин жүрөгүнө болгон жол ашказан аркылуу барат» демекчи, келинчегиңиз ашкана жактан кандай экен?
– Тамакты жакшы жасайт. Кээде бир жери жакшы болбой калса, «мындай кылсаң» деп өзүм көрсөтүп коём. Бирок көбүнчө чогуу жасайбыз. Келинчегим картошканы аарчыса, мен пиязын кууруй калып дегендей. Кээде ал жумушка кеткенде өзүм деле жасап жеп алам.
– Бири-бириңерди мүнөздөй кетсеңер?
С.: – Айгеримдин бир сапаты бар, өзүнүкүн такыр бербеген, өжөр кыз. Айтып турсаң дагы, «жок, андай эмес» деп туруп алат. Бирок жан дүйнөсү таза, жасалмалуулук жок, ачык сүйлөйт. Азыркыга чейин айтам Айгеримге, «сага караганда мен сени көбүрөөк жакшы көрөм» деп.
А.: – Сапар чечкиндүү, маселени бат, так чечип коёт. Күткөндү жаман көрөт. Күтүш керек болуп калса, өзү бат-баттан бүтүрө салат. Ал эми жаман сапаттарын айта албайм.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg