«КАЙДАСЫҢАР, КЛАССТАШТАР?»
– Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Чолпон-Ата айылындагы №15-Даңканай Эсенгелдиев атындагы мектепти 2004-жылы бүтүргөн жалпы классташтарымды издейм. Ошондой эле 1993-жылы ушул мектептин босогосун аттап, бирок окууну аяктабай калган бардык классташтарымды дагы кабарлашып коюуларын суранам.
Сейталиев Уланбек Алтымышович,
uranbas7@mail.ru
0779 74 07 41, 0559 74 07 41
«КУРБУ КЫЗДАРЫМДЫ ИЗДЕЙМ»
– 1979-80-жылдары Каракол шаарындагы окуу жайда чогуу окуп, жатаканада бирге жашаган курбу кыздарымды издейм. Алар казармандык Замира Мурзабекова жана Үрпүкан Чылпакова аттуу кыздар болчу. Турмуш шартка байланыштуу окууну бүтүп кеткенден кийин бир да жолу байланыш болгон жок. Мен Ысык-Көлдө калдым, алар туулуп-өскөн жерине кетишкен.
Көлдөн курбуңар Айымкан Байсамакова,
0771 45 49 31
«ЭСКИ ДОСУМ РУСТАМГА ИЗДӨӨ САЛАМ»
– Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылынын тургуну, 1975-жылкы Рустам Мамытовду көптөн бери издеп келем. Болжолум боюнча Бишкекте же Караколдо жашашы мүмкүн. Тааныгандар болсо кабарлап койсоңуздар.
Владивостоктон Романов
Константин Туратбекович,
+79149707500
romanova210449@mail.ru.
«КУРБУМ ВЕНЕРА, БАРСЫҢБЫ?»
– Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы А.Казакбаев мектебинде бирге окуган 1978-жылкы курбум Венера Абыкееваны издейм. Биз мектепти 1995-жылы аяктаганбыз. Венера, окуп калсаң мага байланыш.
Курбу кызың Рыскүл,
0559 77 31 71
«НУРГҮЛ, КАЙДАСЫҢ?»
– Курбум Нургүл Мансурова экөөбүз 1992-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу мурунку Погранич, азыркы Казыбек айылынан мектепти бирге окуп бүткөнбүз. 20 жылдан бери издеп, дайынын таппай келем. Тааныгандар болсо же, Нургүл, окуп калсаң байланыш.
Курбуң Чынара,
0700 45 84 51
«БАЛАМДЫН АТАСЫН ИЗДЕЙМ»
– Таш-Көмүрлүк Максат аттуу жигитти издейм. Туулган жылын да так билбейт экенмин, 1985 же 86-жылы туулган. Экөөбүз Орусиядан таанышып, бирге жашап жүрчүбүз. Кийин ал Кыргызстанга кетип калган. Менин боюмда калып, төрөп алдым. Бирок Максат кайрылып келген жок. Учурда балам 7 айдан ашып калды. Баласы бар экенин билип кабарлашабы деген ойдомун. Өзүм Жалал-Абаддан болом, учурда Орусиядамын.
Айнура,+79661808096
«МИРЗАТТЫ ИЗДЕП ЖҮРӨМ»
– Мен көптөн бери 1978-жылы туулган Мирзат Касмамбетованы издеп келем. Ал мени менен бирге 1988-89-жылдары Нарын шаарындагы мектеп-интернатта окуган. Шарапат, Гүлзат деген эжелери бар болчу. Башка маалыматым деле жок. Балким, сиздердин гезит бетинен окуп калабы деген
үмүттөмүн.
Анара, 0708 24 86 72
«БАЙТИКТИ КӨРГӨНДӨР БОЛСО КАБАРЛАП КОЮҢУЗДАР»– Уулум Байтикти 1 жаштан өтүп калганда атамдын инисине таштап, келинчегим экөөбүз Орусияга иштеп кеткенбиз. «Орусияга салып жибергиле» деп агама байланышкандан 2 күн өткөн соң уулумдун жоголуп кеткенин кабарлашты. Байтик Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Мазар-Суу айылындагы Арым жайлоосунан жоголуп кетти. 2013-жылдын 22-июнунда агамдын 13 жашар баласы менен ойноп жүрүп, тиги бала булакка колун жууганы кетип, кайра келсе эле балам жоголуп кетиптир. Жоголгонуна 9 айдын жүзү болду.
Издегенибизден эч кандай жыйынтык чыкпай, эл-журттан жардам сурап кайрылып турган чагым. Уулум жоголгон күндөн тарта келинчегим экөөбүздүн ичкенибиз ирим, жегенибиз желим болуп, көз жашыбыз токтобойт. Уулумду көрүп-билгендер болсо бизге кабарлап койсоңуздар, сүйүнчүсү сөзсүз болот.
Учкунбек Шаймерденов,
0777 88 82 95
«ИНИМ, СЕНИ КҮТҮП ЖАТАБЫЗ»
– Биз 1964-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Баетов айылында туулган инибиз Нурмухан Алымкуловду издейбиз. Ал 2004-жылы кеткен боюнча кабарлаша элек. Көргөн-билгендер болсо кабарлап койсоңуздар, өтүнөбүз.
Эжеси Алымкулова Г.С.,
0772 25 24 16
«МИРГҮЛ, КАЙДАСЫҢ?»
– 2011-жылдары Орусиянын Екатеринбург шаарына барып иштеп калдым. Ал жактан 1991-жылы туулган лейлектик Миргүл аттуу кыз менен бирге иштегем. Кийин мен Кыргызстанга келип, аны менен байланышым үзүлдү. Балким, ал да Кыргызстанда деп ойлоп калам. Миргүл, окуп калсаң байланыш.
Ноокаттан Курманбек,
0778 85 57 85
«КЛАССТАШЫМДЫ ИЗДЕЙМ»
– Мен Айзада аттуу классташымды издейм. Ал 1998-2001-жылдары Тунгучта окуган. Биринчи мугалимибиздин аты Ажар. Айзада дайыма Зайыр кызы Мээримдин жанында отурчу.
Таалай,0770 66 74 29
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg