Ноорузда конок тосуу үчүн дасторконго колдо болгон тамак-ашыңызды жайнаттыңыз дейли. Бирок алардын баары желбей, көбү ошол бойдон артып калдыбы? Капа болбоңуз, аларды бузулууга жеткирбей, кайра колдонуп, жаңы тамак жасоого болот.
ЭТТЕН
Тамак-аштагы эттерди кайра иштетүү менен түрдүү даамдарды жасай аласыз. Алдыңыздарда алардын бир нечеси.
Өзгөчө солянка. Колбасанын, тоок же уй этинин артып калгандарын таякча же кубик түрүндө туурап, ичилбей калган шорпого (тоок шорпосу болсо жакшы) салып кайнатуу керек. Анан татымалдарды, маринаддалган бадыраң менен лимондун 1 кесимин кошуп коюңуз.
Жульен. Колбасанын калдыгын, тоок, кой жана уй этинин кесимдерин майдалап туурап, көмөч казанга бир сыйра кууруп алуу зарыл. Үстүнө каймак кошуп, кайнаганга жеткизген соң бетине кыргычтан өткөрүлгөн сырды себелеп, көмөч казанды электр мешине бир нече мүнөт кармаңыз.
Пицца. Алгач пиццанын камырын даярдоо же даяр катталган камырды алып келүү кажет. Камырдын үстүнө колбаса, түрдүү эттин калдыктары менен кошо жашылчаларды тизип, бышырып салсаңыз ассорти пицца келип чыгат.
КАРТОШКАДАН
Пюре. Сууга бышырылган картошка артып калса аны эзип, үстүнө каймак кошуп койсоңуз пюре даяр.
Котлет. Сууга бышырылган картошка же даяр пюре артып калса, андан картошка котлетин жасаса болот. Гарнирине сууга бышкан күрүчтү (бышып, артып калганы болсо андан жакшы) сунсаңыз бүттү.
Шорпо. Пиязды, бышкан эттерди туурап, бир сыйра майга кууруп, анан үстүнө суу куюп кайнатып алган соң, пюрени же бүтүн картошканы салып жибериңиз.
СУУГА БЫШКАН КҮРҮЧТӨН
Тез даярдалуучу палоо. Майга этти, жашылчаларды кууруп алгандан кийин күрүчтү кошуп, аралаштырып коюу зарыл.
Суши. Колбаса, болгар калемпирин кошуп суши жасап койсо болот.
Фаршталган калемпир. Эттин фаршына татымалдар менен кошо күрүчтү кошуп, фаршталган калемпир тамагын жасаңыз.
КӨК БУУРЧАКТАН
Консерваланган көк буурчакты же жүгөрүнү борщко же щиге кошуп жиберсеңиз азык текке кетпейт.
НАНДАН
Катырак нан. Кургап, катып бара жаткан нандарды кубик түрүндө туурап, ысык электр мешине салып кызаргыча (10-15 мүнөт) кармаңыз. Мындай катырак нан (сухарь) шорпо жана цезарь салаты үчүн да, диета кармагандар үчүн да табылгыс азык.
Нан шорпо. Идишке кайнаган сууну куюп, үстүнө сары май, калемпир, туз, мурчтан салып, каткан нанды туурап койсо нан шорпо даяр. Каалагандар айран же сүзмө кошуп, же болбосо пияз туурап алса да болот.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg