ЖЕР ТӨЛӨДӨ ЖАШАГАН ҮЙ-БҮЛӨ

Үстүбүздө 21-кылым. Коом өсүп-өнүгүүнүн үстүндө. Бирок замандын шарына аралаша албай калган адамдар да жок эмес. Алардын бири 4 жылдан бери талаада казылган жер төлөдө жашап келген Клименколордун үй-бүлөсү.
Аталган үй-бүлө Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айыл округуна тиешелүү аймакта жер төлө казып алып баш калкалашат. Үстүнөн караганда аталган турак жай жер менен жер болуп билинбейт. Дөңсөөнү айланып өтүп, секиден ылдый түшкөндө гана жер төлөнүн алдыңкы бети көрүнөт. Узуну 4,5-5 ал эми туурасы 2 метрдей жер төлөдө үй ээси Александр Клименко, жубайы Марина, уулу Николай жана Маринанын курбусу Нурия баш калкалап келишет.
Николай учурда 6 жашта. Келечекте учкуч болууну самайт. Апасы менен анын курбусу Нурия Бишкек шаардык таштанды төгүүчү жайдан ар түрдүү акыр-чикирди терип келишет. Жарактуусун тиричиликте колдонуп, жарабаганын мешке жагышат.
Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспекция тиешелүү документтерди топтоп, Николайды реабилитациялык борборлордун бирине өткөрүштү. Николайдын ата-энеси аны дем алыш күндөрү үйүнө алып кетип турушат.
Талааны байырлаган үй-бүлө буга чейин Ленин айылында жашаган Маринанын бир тууган эжесинин үйүндө баш калкалашчу. «Саша бир аз сеп этип койчу. Ал 2-топтогу майып. Уулубуз Николай 2 жашка чыгып калганда жездем менен жолдошум батыша албай, чыгып кетүүгө аргасыз болдук. Ар кайсы булуң-бурчта күн кечирип жүрүп, ушул жерди көрдүк да, баш калкалоочу жай кылып алдык» дейт 41 жаштагы Марина.
Жергиликтүү бийлик буга чейин бул үй-бүлөгө көңүл бурганбы? Ушул суроо менен Ленин айыл округунун башчысынын орун басары Татьяна Владимировага кайрылдык:
– Мергенчилер жолбун иттерди жок кылуу үчүн талаа кыдырып жүрүшүп, ушул жер төлөнү көрүшкөн. Андан соң укук коргоо органдарына кабарлашыптыр. Булар тууралуу биринчи жолу билип жатабыз. Ичкен үй-бүлө болгондуктан, жашынып жүрүшсө керек да.
Ал эми Марина: «Бизди бүт айыл тааныйт. Ата-бабабыздын баары ушул эле айылда жашап келишкен»,- деди.

Гүлжан Асанкожоева

 Кыстарылган видео 
4 жылдан бери жер төлөдө жашап келишкен
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Nasyrkg
2014-03-24 19:23:32
Балага убалда.
0
cezimai
2014-03-24 20:55:58
Ушундайларды окмот карап койсо соопчулука.
0
aia-s
2014-03-25 21:51:22
cezimai, окмот мындайларга жардам берсе пенсиядагылар жеим балдар, майыптарды ким карайт? АЛТЫ САНЫ АМАН АКЫЛ ЭСИ ТОЛУК ТУРУП АРАК ИЧИП 3 КИЛЕЙГЕН КИШИ ЖУРОТ СООП чала ДЕШ КЕРЕК. ОКМОТТУН эмне кылаарга жумушу жокпу окмот эмес кошунасы жардам бергиси келбейт болуш керек
0
t1lekbekov
2014-03-24 21:19:38

эптеп эжесиникинде турган жакшы болчу,чем ушинтип жашаганча анан жакшы жумуш таап иштеш керек болчу
0
Aitowka2013
2014-03-24 21:38:06
оо кудайым озун бул байкуштарга жардам бере кор мен ата энесинен да балага боорум ооруду анткени жаш бала жылуу тамак жеп жылуу кийинуусу зарыл аа ата энеси ичип чегип журоо беришет да алардын колуунан башка эч нерсе келбеген сон эмнеси болсо да балага жардам керек экен
+1
zamir_kgz
2014-03-24 21:59:57
Путинге чалгыла Москва СССР убагында топтогон байлыктан берсин!
+3
tynara1983
2014-03-24 22:50:57
Малаховго айтып койуш керек екен туугандарын бул жакта кыйналып атат деп.
+4
kurguz...
2014-03-25 08:46:35
Жалкооо жалкоооо алма пыш оозума тушчулор булар акча берсен жутат агыдан тазасыдан таппай калса айнек жуучу суюктук!
0
ayka.1991kg
2014-03-25 10:48:48
Баланы неге алып кетет озулору менен чогу жашап чонойсо жакшы болот еле коруп алып борум оруп кети кийин чонойгондо кайра кайтарып береби ата енесине
0
nurperi8981
2014-03-25 20:16:26
ой кыргыздар жер толосу жоктору деле толуп жатпайбы ошолорду корсоткуло! Учкуч болгусу келмек турсун илимпоз болгусу келгендер толтура
-2
meerim8793
2014-03-26 17:33:09
Окмот не кылып журот ушуга окшогондорд укарабай байкуш баланыда ата-энесинен ажыратышат экен. Отунбаеванын жааапжаш инисин элчи кылбай андан башкасы куруп калгансып,Элчи жетиштуу эле болсо керек эле.Өздөрүн гана ойлошот. Булар орус болсода биздин жараандарыбызго!
0
Murat1985
2014-03-27 09:57:59
Кыргызда герек деген соз жок элего керек дегег бар бирок.Элестеткиле Гыргызстан
0
fanatkg
2014-03-27 12:52:26
Murat1985, өз мекениңдин атын туура жазчы, уят!
+1
tokio1991
2014-03-27 19:56:48
fanatkg kowulam Murat1985 birinchi ozu tuura jazywty uironuw kerek eken.
0
aqua-94mema
2014-03-28 00:28:15
алла тааламын чачкан ырыскысын ар кимибиз ар кандай терип жейбиз биз пенделер.
0
kolya121212
2014-03-28 04:22:14
aqua-94mema, ал эмне дегенин?
0
Elenora92
2014-03-28 16:06:15
Мурат1985 жон эле мисал келтириптир.
А булардын ордуна кочодо кайыр сурап, устундо уйу, баш калкалаар жери жок, баласын которуп, ар жерде жатып, ачка калып кетип аткан кыргыздарды карашса жакшыраак болмок. Алты саны аман, 12мучосу соо адам боло туруп, иштебей ичкенге жардам берип не заарыл, кайра аларга кошулуп куноого батканча мечитке бер акчаны.
0
nurando
2014-03-30 11:15:09
Орусс екенго кыргыз бологондо жазсанар
0
№ 594, 21-март-27-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан