НАРИСТЕНИ САБАГАН АЯЛ 17 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫГезитибиздин мурунку сандарында Гүлмира Дубанаева аттуу айым кайнисинин 1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызын багып берем деп алып, катуу токмоктоп, уруп жүргөнү тууралуу макала жазган элек. Анда Гүлмира Дубанаева Мирананы токмоктоп, аны ноябрь айындагы суукта дагарадагы муздак сууга салып эшикке алып чыгып койгондугу ачыкталган. Кирдин суусун ичирип жүргөнү да айкын болуп, бул окуя элдин үрөйүн учурган эле.
Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту бул кылмышы үчүн Гүлмира Дубанаеваны 17 жылга эркинен ажыратты. Кыздын учурдагы абалы менен таанышалы деп Мирананын апасы БАКТЫГҮЛ ТАШТАНБЕКОВАга жолуктук. Учурда ал экинчи наристесин күтүп жатыптыр, ал эми Мирананын абалы болсо дагы деле көңүл жылытарлык эмес.
– Жеңемди сот 17 жылга эркинен ажыратты. Андан сырткары 229 миң сом өлчөмүндөгү компенсация төлөтүп берүүгө өкүм чыгарган. Учурда кызымдын ден соолугу кабатыр кылып жатат. Азыр 2ге чыкты, ооруга кабыла элегинде тили чыгып калган. Эми болсо сүйлөбөйт, баспайт, кулагы укпайт, көзү да көрбөй калды. Отура да албайт, аркасына жаздык коюп, коляскага жөлөп-таяп отургузам. Көр тириликтин айынан жеңеме таштап кетсем, жакшынакай чуркап жүргөн кызымды жарым жан кылып колума салып берип койбодубу.
«ӨЗҮМӨ ДА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ»
– Мирананы кесарево жолу менен төрөгөм. Кызым чоңойгуча эле экинчиси боюмда болуп калды. Тиричилик оор болуп жатса, үй-бүлөнү туура пландаштыралы деп мөөнөтү азыраак кезинде алдырып салуу үчүн ооруканага бардым. Дарыгерлер «мурунку кызыңды кесарево менен төрөптүрсүң, сага алдырганга болбойт. 5 миң сом берсең, башка оңой жол менен алып салабыз» дешкен. Мен ошого бир аз акча чогултсамбы деп иштеп жүргөм. Аңгыча эле Мирана минтип кырсыктап, анан анын түйшүгүнө малындым. Кош бойлуу экениме 8 ай болуп калды. Доктурлар «муну да кесарево жолу менен төрөйсүң» деп жатышат. Өзүм операция болсом, мен айыкканча Мирананы ким карайт, билбейм. Себеби азыр анын абалы өтө оор. Колдору дайыма калтырап турат.
Врачтар «кызыңдын башында суу бар, нерв системине доо кетип, мээсине эт өсүп кеткен. Кийинки операция дагы 3 айдан кийин жасалат. Бул убакытта башындагы суусу бир аз азайса, анда операция жасабай эле дарылайбыз. Эгер жылыш болбосо операция жасап, анын жыйынтыгын дагы бир аз күтөбүз. Ага да болбосо, чет өлкөдө жасалуучу операцияларды сунуштайбыз» дешти. Эми чет мамлекетке темселетпесе экен деп күнү-түнү кызымдын ден соолугун тилеп жатам. Боюн кармап бутуна тура албай калганынан жүлүнүнө да доо кеткенби деп коркуп жатам. Себеби жеңем Мирананы дубал сүздүрүп токмоктоп, желкесинен кармап так көтөрүп туруп жамбашы менен жерге таштап салган экен. Ошондо чычаңы менен катуу тийип, жүлүнүнө доо кеттиби деп ойлойм. Бирок врачтар «жүлүнү жакшы эле экен» деп жубатышууда.
Ушундай жиндиликтин кимге кереги бар эле? Өзү деле минтип 17 жылга кесилип, түрмөнүн түбүнө түштү. Өзүнүн да 3 жана 1 жаштагы уулдары бар болчу. Аларды атасы убактылуу балдар үйүнө өткөрүп берип салды. Бейкүнөө менин кызым минтип чала жан болуп калганы аз келгенсип, анын да 2 баласы энесинин кылган ишинен улам тирүүлөй жетим болуп отурушат.
«МИРАНАГА ЖАРДАМ КЕРЕК»
– Доктурлар «убакыттын өтүшү менен кызың жакшы болуп кетет» деп үмүттөндүрүп жатышат. Колдорунун калтырагы азайса болот эле. Бул көрүнүш мени өзгөчө кабатыр кылат. Өзүмдүн колумда, көз алдымда кыйналып жаткан кызымды көргөн сайын заманам куурулуп, түбүң түшкөн дүйнөгө наалат айтып жиберем.
Ушундайда жардамга келип, кол сунган жакшы адамдар бар экен. Өзүбүз эптеген тиричилик менен күн көрүп жатканда кызымдын дары-дармегине 10 миңдеген акча каражаты сарпталууда. Кимдир бирөөлөр үчүн, балким, бул болбогон эле суммадыр. Бирок бизге оор эле. Эл арасынан кол сунуп жардамга келген боорукер адамдар акча чогултуп, 12 күндүк дарыланууга жеткидей каражат беришти. Дагы бирөөлөр «кош бойлуу экенсиң, баспаган балаңды көтөрө албайсың» деп коляска сатып беришти. Ооруканада да стационардык бейтап деп бекер дарылап жатышат. Учурдан пайдаланып баарына ыраазычылык айтат элем. «Жардам беребиз, банктан эсеп ачтырып, акча которуучу эсебиңди жарыяласаң болот эле» дешкенинен кечээ жакында эсеп ачтырып койдум. Кайдигер карабагандар болсо, колдорунан келген жардамдарын беришеби дейм.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg