ЭРКЕКТЕРДЕН ГАРЕМ КУРГАН КЛЕОПАТРА
Атактуулардын төшөк сырларынан
Байыркы Египеттин ханайымы Клеопатра эркин сүйүүнүн ханышасы болгон. Эркектерди оозу, эрини менен рахатка батыра алгандыгы үчүн гректер аны Мериохане (кенен ооз) деп да аташкан. Төшөктө миңдеген эркектерге эстен кеткис түн тартуулаган Клеопатранын сырлары эмнеде эле?
Атак-даңкка, бийликке төшөк аркылуу...
- Дүйнө жүзүнө атагы чыккан Клеопатра бир гана төшөктө мыкты болбостон, аялдардан чыккан саясатчы, дипломат да болгон. Маалыматтарга караганда, Клеопатра нукура сулуу айым болбогону менен, төшөктө мыкты эротикалык ыкмаларды колдонуп, миңдеген эркектерди өзүнө магниттей тарта алган. Кыскасы, төшөк аркылуу белгилүү эркектерди тузакка түшүрүп, жыйынтыгында сүйүүгө да, бийликке да, байлыкка да жеткен.
- Клеопатра жактырган эркегине эч качан сүйүүсүн ачык айтчу эмес дешет. Кылгыра тиктеп, ар кандай кылыктары менен өзүнө тарткан соң гана жактыраарын азил-күлкү менен билдирген.
- Көңүлүнө толгон чыныгы мырзаны колдон чыгарбоо үчүн күн сайын түрлөнүп, табышмактуу көрүнгөнгө аракет кылган. Мисалы, ар күнү ар түрдүү кийинип, боёнуп, аңкыган жыпар жыттанып турчу. Мындан тышкары, кылыктуу селкиге да, сексуалдуу аялга да айланып, эркектер үчүн табышмактуу, сырдуу көрүнө алган.
- Күйөөсүнүн ачуусу келген маалда өзүн кармоого аракеттенген. Башкача айтканда, көз жаздымдан жок болуп кеткен. Качан гана сүйүктүүсүнүн ачуусу тараган маалда чакан үлпөт уюштура салып же суусуна аңкыган гүлдөр кошулуп даярдалган мончого жуунтуп, кучагында эриткен.
- Ханыша жактырган мырзасын эч качан тузагынан коё берген эмес. Акыл-эсин, жүрөгүн түбөлүккө багындыруу үчүн ойго келбес иштерди жасап, күтүлбөгөн белек тартуулоого барган. Мисалы, сейрек кездешүүчү шараптарды сунуп, эротикалык маанайдагы аңгемелерди айтып берген.
- Кыскасы, мындай жоруктары үчүн эркектер анын түбөлүк кулу болууга даяр болушкан.
- Маалыматтарга караганда, ханайым күнүгө лаззаттын туу чокусуна чыгып турмайынча жаны жай албачу. Төшөк жаатында оригиналдуу экендигин көрсөтө алган. Мисалы, эркектерди ар кандай ыкма менен дүүлүктүргөн. Эркектин “алигисин” оозу, тили менен эркелетип, кайырмагынан чыккыс кылган. Маалыматтарга караганда, Клеопатра жашыруун түрдө миңдеген эркектер менен жыныстык катнашка барып, каардуу эркектердин жүрөгүн багындырганга үлгүргөн.
- Жыттуу өсүмдүктөрдөн алынуучу эфир майларынын кайсынысы төшөктө жакшы жардам берерин так билген. Андыктан аны өзү да колдонуп, эркектердин денеси менен “алигисине” да шыбап, делебеси козголгончо массаждаган.
- Жактырып калган адамы менен унутулгус түндү өткөргүсү келсе, шарап куюлган бокалга алтын чынжырча же шакек салып коюп сунуп, көздөрүнө кумарлуу карачу дешет. Мындай күтүлбөгөн белек ортодогу мамилени бекемдеп, унутулгус кеч тартуулай алган.
Сулуулук сырларынан бир тамчы
Бет үчүн:
Жүзүн бир калыпта сактап жүрүү үчүн ал алоэден жасалган масканы колдонгон. Ал үчүн 5 грамм алоэ ширесине 40 грамм кайнатылган суу, 10 грамм бал кошуп, караңгы жерге койгон. Бул аралашмага 100 грамм эритилген чочко майын (же буйвол майын)кошкон. Крем даяр болгон соң муздак жерде сактап, чекесинен колдонгон. Буга кошумча Клеопатра эркектердин спермасын жылуу кезинде жүзүнө шыбап, кадимки маска ордуна пайдаланган.
Чач үчүн:
Караган эркектин көз кумарын кандырарлык чач үчүн жумуртка менен жыттуу чөптөрдүн аралашмасын колдонгон. Ал үчүн 2-3 жумуртканын сарысын агынан бөлүп, көбүктөнгөнчө аралаштырган. Бул аралашмага чачты жуугандан кийин жыттуу чөптөрдүн кайнатмасы менен чайкап койгон.
Дене үчүн:
Клеопатра денесин дайыма жаңы туулган наристенин денесиндей кылып күткөн. Бул үчүн таза бал кошулган сүткө күндө жуунуп, массаж алып турган. Эмчегин дайыма тырсыйган абалда сактап жүрүү үчүн тоңдурулган музду эмчегине сүйкөгөн.
Астра Айдарова
erotika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
сутту ичкенге таппай атсак
Ой ал учурда Клеопатра эле секс жо ойлобосо калган карапайым аялдар бетин колун деле жуушту билген эмес тузуктоп, элдин акыл эси анчейин секс жо тушунуко жеткен эмес