SUPER.KG ПОРТАЛЫНЫН КОЛДОНУУЧУЛАРЫНЫН 36 ПАЙЫЗЫ МЕЛИС МЫРЗАКМАТОВДУН ПРЕМЬЕР БОЛУШУН КААЛАЙТ
Ким премьер болуп, өкмөттү жетектейт? Азыр күн тартибинде ушул суроо турат. Super.kg порталынын колдонуучулары да «Кимдин премьер болушун каалайсыз?» деген суроонун тегерегинде ой-пикирлерин билдиришүүдө. Порталда жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы добуш бергендердин 36 пайызы Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовду премьер катары көргүсү келерин көрсөттү. Өкмөттү жетектөө мүмкүнчүлүгүнө буга чейин да ээ болуп көргөн «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов 15,9 пайыздык добушка арзып, Мырзакматовдон кийинки тепкичке көтөрүлдү.
Алгач учурдагы бийликке таарынып, жер-жерлерде нааразычылык акцияларына чыгып, кийинчерээк бийлик менен тил табышып, Түркиядан кызмат ордун алган Адахан Мадумаровго порталдын колдонуучулары 11,4 пайыздык добуш беришти.
Мындай үчилтиктен кийинки орунду «сурамжылоодо көрсөтүлгөн адамдардан башка адам келишин каалайм» деген жооп ээледи. Учурда келерки премьер катары көп айтылып жаткан Жоомарт Оторбаев порталдын колдонуучулары тарабынан 5,4 пайыздык добушка ээ болуп, 5-баскычты багынтууда. Бул чиновниктен кийинки орундарды 4,6 пайыздык бирдей добуш менен Аалы Карашев жана Камчыбек Ташиев ээлеп турат. «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевди сурамжылоого катышкандардын 3,9 пайызы өкмөт башчы катары көргүсү келет экен. 2 пайыздан ашыгыраак добуштарды КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков менен депутат Равшан Жээнбеков алышса, Темир Сариев 1,2 пайыз добушка ээ болду. 1 пайызга жетпеген колдонуучулардын колдоосуна Асылбек Жээнбеков, Токон Мамытов, Феликс Кулов, Тайырбек Сарпашев ээ болуп, акыркы орунду учурдагы Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов ээледи.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (58)
Урматту Алмаз Шаршенович элдин унун угуп Мырзакматовду примьер кылып койсонуз. Элдин арзысына татымаксыз, и авторитетиниз да которулмок. Мен лично Сизди сыйлап калар элем.
Мелисти колдойм! Татыктуу адамды колдогула,келечегинер учун! Эл тараза,эл сынчы.
Мелис пример болсо да корорбус кыйратканын.
Эл учун иштейин деген,бироо да жок эптеп алдап эле креслого отурса болду.Берген убадаларын унутушат.Одним словом все чиновники ххх ххх
Alitet,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! Банга!
Мелис ош меники деп эл учун иштейт ана АШАларчы элдики деп наборот жейт
Мен Мелисти колдойм баары билет ал кандай иштегенин....
Мелис жигит кишиче суйлоп жигит кишиче иш кылат башка чиновниктерге окшоп мен мынтип эле айтам антип эле айтам деп куруу коркурогун какпастан. Мелистин кылган ишин козун май баскан АШАчылар билбесе да ЭЛ БИЛЕТ И КОЛДОЙТ
Сурамжылоого Ош шаарынын тургундары эле катышкан го. Точнее кобунчосу ошол экен. Бул сурамжылоо аки-прессте же башка сайтта болсо башкача жыйынтык болмок
Менин атыман да Мырзакматовго бир добуш ыргытып койгула билбей калыпмын
meka, кошулам, ошто мелистен башка киши же саясатчы калбай калганбы, акыркы ишеничинерби
Ар бир жаран озунун шаары учун жана мамлекети учун оз салымын жана чын журоктон суйуш керек Мелис эмес баарыбыз онуктуруго аракет кылышыбыз керек Бирок Мелис ак ниет менен иштеп жатты эле тилеке каршы устудогулор кысып кайду себеби капчыктарына акча тушподу да мына азаыркы учурда шаардын корку кете баштады чырактар очо баштады муну мекенди суйгон адамдар сезет кечкисин бирин серин кочолордо чырак жанбай калтат мисалы ош шаарынын эн чон кочосунун бири Масалиева кочосу жарым жартылай жанып калды
Мырзакматовдой мекенчил, чечкиндуу, эч кимден коркпогон мекен деп куйгон адам азыркы бийликтегилердин арасында жок.