УЮЛДУК ТЕЛЕФОН ДҮЙНӨНҮ БАГЫНТУУДА

Бүгүнкү күндө уюлдук телефонсуз жашообузду элестетүү кыйын. Муну заманбап адам тана албастыгы анык. Төмөндө уюлдук байланыш тармагындагы өзгөчө телефон, соңку жаңылыктар жана кызыктуу фактылар берилди.

Байланыш үчүн гана эмес

Уюлдук телефон башында байланыш үчүн гана колдонулса, кийинчерээк анын жазуу китепчеси, сааты жана ойготуучу коңгуроосу пайда болду. Алардын артынан радио, фотоаппарат, интернет жана электрондук поч­та кошулду. Аны менен катар уюлдук телефондун жардамы менен көңүл ачууга, жакындарды куттуктоого, маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Айтор, адамдар телефонго байланды да калды.

Эске салсак

Уюлдук телефондун жаралышы 1973-жылга таандык. Ошондо америкалык “Моторола” компаниясы азыркы уюлдук телефондордун түпкү атасы болгон Motorola Dyna TAC телефонун иштеп чыгарган. Ал эми Кыргызстанда уюлдук телефон 1994-жылы 12-июлда биринчи жолу шыңгыраган. Ошол күндөн тарта республикабызда уюлдук байланыштын доору башталган. Өлкөбүздө уюлдук байланыштын алгачкы оператору КАТЕЛ (Кыргыз–Америка телефону) болгон.

Капчыгы калыңдар үчүн

Учурда “люкс” классындагы телефондорду чыгаруучу "Нокиа" компаниясынын бир бутагы болгон “Верту” компаниясы бар. Верту телефондорунун корпусу алтын, ак алтын, титан, болот жана башка баалуу, жогорку сапаттагы металлдардан жасалып, кымбат баадагылар болуп саналат. Бул телефондор чыгарыла баштаган 10 жыл ичинде бардарлыктын символу болуп, байлыкты даңазалоочу буюмга айланган. Анын эң атактуу түрү болуп Boucheron Cobra (Боушерон Кобра)саналат. Баасы 320 миң евро. Ал эми Signature (Сигнатур) жана Ascent (Аскент) үлгүлөрүн даярдоого 940 түрдүү бөлүкчөлөр колдонулат. Верту телефондорунун башка телефондордон дагы бир өзгөчөлүгү бар. Ал – бир гана өлкөдө (Англия) жасалгандыгы.

Соңку жаңылыктар

  • Төмөнкү таң калтыруучу изилдөө­лөрдүн жыйынтыгына көз чаптырып отуруп, уюлдук телефон дүйнөнү багынтып алгандай сезилет.
  • Изилдөөлөр боюнча уюлдук телефонду колдонуучу эгер телефонун унутуп койсо, болжол менен ар бир 18 мүнөт сайын аны эстейт. Ал эми кредиттик картасын же айдоочулук күбөлүгүн унутуп койсо, бир күн бою эстебей жүрө алат.
  • Эстонияда шайлоо бюллетендеринин ордуна уюлдук телефондор колдонула баштады. Эми жактырган талапкерге СМС аркылуу добуш берүүгө болот. Ошентип, “уюлдук добуш берүү” эрасын эстондор баштап беришти.
  • Англия менен Германияда поезддин жүргүнчүлөрү жол акысын телефондун жардамы менен эле төлөп коё алышат. Билет акысын төлөнгөндүгүн тастыктаган телефондогу билдирүүнү кондукторго көрсөтүп түшүп кете алышат.
  • Түштүк Кореялык SK Telecom уюлдук оператору чиркейден тажаган абоненттер үчүн өзгөчө кызмат ойлоп тапкан. Тактап айтканда, телефонго кошумча функция кошулуп, өзгөчө үн чыгаруу жолу менен адамга чиркейди жолотпойт. Мындай кошумча кызматтына кошулуу акысы 2,5 доллар.
  • Америкалык Cricket (Крикет) уюлдук оператору “Гиннес” рекорддор китебинин рекордун жаңыламакчы. Тактап айтканда, алар дүйнөдөгү эң чоң уюлдук телефонду чыгаруунун үстүндө иштеп жатышат.

Кызыктуу фактылар

Дүйнө жүзү боюнча 3 миллиард 300 миллиондон ашуун уюлдук телефон бар. Демек, Жер планетасынын калкынын жарымы уюлдук телефонду колдонот.
Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 125 миллиондон ашуун телефон керектен чыгып, ыргытылат. Ал эми уюлдук телефонун эң тез алмаштырган улут болуп корейлер саналат.
Статистикага кайрылсак, 2009-жылдын 6 айында дүйнөдө 555 миллион телефон сатылган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 44 миллионго аз. Баарынан эң көп “Нокиа” компаниясынын аппараттары сатылган. Кийинки орундарда “Самсунг” жана “LG” компаниясынын продукциялары турат.

Дагы эмнеге жөндөмдүү?

Уюлдук байланыш бара-бара­ өнүгүп отуруп, адамдарга ыңгайлуулуктарды алып келүүчү дагы бир канча кызматтары пайда болмокчу. Учурда дүйнөлүк операторлор алардын үстүндө иштешүүдө.

Коргоочулук. Телефон кожоюнун капысынан кол салган тоноочудан бир нече жол менен сактап кала алат. Биринчиден, ток менен. Бул үчүн телефондо электрошокер болуп, ал тоноочудан ток менен сактай алат. Же болбосо телефонго көрүүнү начарлатуучу күчтүү нур орнотулуп, ал да кол салуулардан сактайт.

Дарыгерлик. Телефон адамдын үнү, кан басымы жана денесинин температурасын көзөмөлдөп турат. Керектүү учурда автоматтык түрдө “Тез жардам” чакыра алат.

Майыптар үчүн. Көрүүсү начарларга радио толкундардын жардамы менен алдында эмне тургандыгынан кабар бере алат. Ал эми сүйлөй албагандар үчүн атайын режимде маек уюштуруп бере алат.

Кыргыз тамгаларынын тагдырычы?..

"Жакында кыргызстандыктар үчүн ө, ң жана ү тамгалары камтылган телефондор чыга баштайт" деген маалымат тараган эле. Андыктан мунун дайынын билүү максатында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына кайрылдык. Аталган комиссияга котормо жана жарнама бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдокановдун айтымында, комиссиянын сунушу менен ата мекендик уюлдук операторлордун бири жогорудагы тамгалар киргизилген жаңы аппараттарды чыгарууга макул болгон. Азырынча маселенин техникалык жагы гана чечиле элек.


"Супердин" сурак бурчу

Чөнтөк телефонсуз жашооңузду элестете аласызбы?

Замир, 27 жашта, котормочу:

– Ишкер адамдарга абдан пайдалуу буюм. Бирок ден соолукка зыяны да чоң дешет. Айрыкча кулакка, көзгө терс таасирин тийгизип, ракка чейин жеткирет экен. "Өспүрүм балдарга да көп зыянын тийгизет" деп угам. Телефондорду чыгарганга жараша ден соолукка зыянсыз жасашса жакшы
болот эле.

Махабат, 21 жашта, студент:

– Мурун телефонсуз эле жүргөм. Азыр ансыз жашоомду элестете албайм. Мисалы, сабактарды группалаштардан суроо, жигитиңе жолугушууга барарда кармалып калсаң, телефон аркылуу кабарлап коюу... Уюлдук телефон жок кезде мындай учурлардан кантип чыкчу элек деп таң калам.

Рысбек, 34 жашта, жол оңдоочу:

– Чөнтөк телефонсуз өзүмдү чолок болгондой эле сезем. Көнүп алсаң жаман экен. Баарынан да Орусияда же дагы бир алыс жерде жүргөн туугандарың менен сүйлөшүп турганга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү жакшы болду. Илгери айда-жылда бир кат алышып, зарыл учурда байланышка чыга албай кыйналчу элек.

Гүлиза, 24 жашта, үй кожойкеси:

– Жашоомду телефонсуз деле элестете алам.
Бирок шашылыш учурларда керекке жараганы жакшы.
Ал эми телефонду
тимеле Кудай көрүп,
ансыз жашоо жок дегендерге кошулбайм. Азыркы күндө да уюлдук байланыш жете элек айылдар бар. Алар деле жашап жатышпайбы.

Тургун, 47 жашта, айдоочу:

– Мен ушул чөнтөк телефон деген немеге таптакыр кызыкпайм да, колдонбойм да. Анын пайдасынан зыяны көп экен. Бирдикке эле бир топ акча кетиришет. Азыркылар “чөнтөк телефонсуз иш бүтпөйт” деп калышат, кыжырды кайнатып. Илгери жетон менен сүйлөшүп жүрүп деле иштегенбиз, жашаганбыз.

Рыскүл, 38 жашта, инспектор:

– Менин жумуштарымдын көбү эле ушул телефон аркылуу бүтөт. Мисалы, сөзсүз эле кеңседе отура бербей, жумуш менен мага келгендерге кайсы жерде жүрбөгүн байланышып, ишти бүтүрүүгө болот.
Уюлдук телефондун зыяны тууралуу дагы угуп жүрөм. Бирок көп
маани бербейм.

Абакир, 57 жашта, бригадир:

– Азыркы жашоодо чөнтөк телефон керектүү буюмдардын бирине айланып баратат. Айрыкча жумуштун бүтүшүнө жакшы. Бирок ушул уюлдук телефонго көп акча кеткени жакпайт. Кайсы тарифке өтпө, баары бир ошол акчаны төлөйсүң.

Базарбек Абдураимов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kgjigit
2009-10-19 12:28:37
телефон колдонулуп келген жана колдонула берет!!!! илим бир орунда турбайт!!!!
0
№ 363, 16-22-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан