Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:«ЭҢ АЛГАЧ АПАМА АРНАП ЫР ЖАЗГАМ»

«Максим Горькийдин «Эне» деген романында «бул жарыкчылыкта жакын адамдарым көп, досторум да көп, бирок жаным кыйналып ооруганда мен апамды эстейм» деген жери бар эмеспи» деп кебин баштады каарманым – кечээки акын, журналист, бүгүнкү Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев. Ал өз апасынын чексиз мээримдүүлүгүн, терең акылмандыгын айтып отуруп, энелер жөнүндө өзүнүн жыйынтыгын төмөнкүчө корутундулады: «Адамды жакшылыкка жетелегендер – күндүн мээрими, эненин сүтү, мугалимдин билими деп билем».

«АПАМДА ӨНӨРЛҮҮЛӨРДҮН КАНЫ БАР»
– Апам Расия Абыкеева азыр 76 жашта, 30 небере-чөбөрөнүн чоң эне, таенеси. Таятам Абыкей Аалы Токомбаев менен Ташкенттеги Орто Азиядагы Коммунисттер университетинде (САКУ) бирге окуган. Айылга келген акын, жазуучулар таятамдыкына барышчу экен. Апам кыргыздын каймактары үзүлбөгөн үйдөн тарбия алган, Кайыңдынын кызы.
Таенем болсо Касым Тыныстановдун жакын карындашы, чырпыктылык болот. Апам Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы Кыз-келиндер институтунда окуп жүрүп 3-курсунда турмушка чыгып, окуусун уланта албай калган. Кийин эле билип калдым, апам спортчу да болгон экен. Ал кыз-келиндер арасында чуркоо боюнча республикада биринчи орунду алып, Москвага барарда атам жибербей коюптур. Ошондо апам жаңы турмушка чыккан кези экен.

«АТАМДАН КОРКУП ТУРЧУ ЭЛЕК»
– Апам төрт эркек, үч кызды тарбиялап-өстүрдү. Атаңдын кадырын аны жоготкондо билет экенсиң. Атамды акыркы сапарга узатып, боз үйдүн жанында отуруп, биздин бактылуу балалыгыбыздан ошол күнгө чейинки күндөрдү тизмектеп көз алдымдан өткөрдүм. Атам өмүр бою мугалим болгон, тартипти сүйгөн киши эле. Ал келе жатса «Капаш агай келе жатат» деп көчөдө чүкө ойногон балдар таркап кетишчү. Апабыз бизди «атаңар урушат, ал укса эмне дейт?» деп тарбиялагандыктанбы, негедир атам дайыма мени урушчудай сезиле берчү. Эстеп көрсөм, бизге өмүрүндө бир да жолу колу тиймек турсун тилдеп да койбогон экен, раматылык.
Эненин акылмандыгы болсо керек, баарыбызды атамдын сүрү менен жакшы тарбиялап, атага татыктуу уул кылып өстүрдү. «Силер мугалимдин балдарысыңар, туулган күн белгилегенге, отуруш өткөргөнгө, кумар ойногонго болбойт» деп турчу. Бул анын терең саясаты го деп калам. Азыр атам жок болсо да, бир иш жасаарда «атам көрсө эмне демек, билсе кандай болот эле?» деп ойлонуп калам.

«3-КЛАССТА АПАМА ЫР ЖАЗГАМ»
– Мектепке кирип баратканда бир жагында политбюронун мүчөлөрүнүн сүрөттөрү, экинчи тарабында 18 космонавттын сүрөтү илинип турчу. Мен алардын баарынын аты-жөнүн жатка билчүмүн, анткени 3-класска чейин «космонавт болом» дечү элем. Анан ошол жылы 8-мартка карата ата-энелерге концерт коймой болдук. Даярдык башталганда эжейим мага «Каныбек, сен ырдайсың» деди. «Ырды укканды эле билбесем, дегеле ырдаган жан эмесмин, ырдай албайм» десем, эки койчудай түрү бар, үнүм жок болсо кантмек элем? Акыры «сенин атаң ыр жазат, агайдын ырларынан эмес, өзүң ыр жазып кел анда» деп тапшырманы алмаштырды. Андан баш тартсам болчудай эмес. Анан:

«Кымбаттуу апа, 8-мартта.
Кубанасыз сиз, куттуктайбыз биз.
Куттуу болсун 8-мартыңыз,

Көтөрүлсүн дагы-дагы баркыңыз» деген саптарды жаздым. Ал ырым мектепке жайылып, мен акын атыгып кетиптирмин. Тараган сөздөн улам ыр жазыш керек болуп, акындык өнөр ойгонду. Ушундан улам адабиятка, журналистикага ооп, космонавт болом деген балалык кыял ошол бойдон калып калды.

«ДЫҢ ЖЕРДЕН ТҮШҮМ АЛЧУ»
– Үйдө мен эң кичүүсүмүн, үч агам, үч эжем бар. Баарыбыз жогорку билимдүүбүз, айрымдарынын экиден диплому бар. Биздин окууга куштар болушубузга генетикалык жактан атабыздын таасири, мээнеткечтик жагынан апабыздын тарбиясы таасир этсе керек. Жогорку окуу жайга өткөрүүдө, кесип тандоодо апабыздын салымы көбүрөөк. Баарыбызды апам чуркап жүрүп окууга өткөргөн. Алардын бир учурда үчтөн студент окуткан күндөрү болду. Ошондо атам менен апам «балдарды багалы, ушулар элден кем болбосун» деп, эл бир жер тилкесине картошка айдаса, биз үч айдоо аянтчасына картошка тикчүбүз. Апамдын эмгекчилдигин ушундан бил, ошол эч ким пайдаланбаган аянттан түшүм алчу. Суу эле барса болду эле.

«АПАМДЫН ЭРКЕСИМИН»
– Эсимде, мен бала кезде апам май токоч бышырып жатып жолдон өтүп бараткан классташ баладан берип жибериптир. Ал да так сабак болуп жаткан учурда алып келип партама коюп кетти. Кыздардан уялганымды айтпа, «эмнеге берип жиберет?» деп апама, «танаписке чейин коё турбайт беле» деп классташыма ызалангам. Ал тургай азыр да «жылуу кийиндиңби, курсагың токпу?» деп сарсанаа боло берет. Төрт баланын атасы болсом да көкүрөк күчүгү болгондуктанбы, «күчүгүм» деп эркелетип турат.
Апам экөөбүздүн окшош жактарыбыз – балага жакындыгыбыз болсо керек. Апамды шаарга алып келип алганыбызга көп болду. Айылга барып калганыбызда коңшулардын балдары унутушпай «Дос апа келиптир» деп учурушканы келишет. Баласаак үчүн айылдагы бала аттуунун баарын эркелетип, баарына күйө берет.
Жумуштап чет өлкөгө барганда апама жоолук менен чай алып келем. Бул мен үчүн айныгыс эреже.

«АПАМ – МЕНИН ДАРЫГЕРИМ»
– Менден улуу агам Ооганстанга аскерге барып майып болуп келди. Жобого ылайык, бир үйдөн бирөө жарадар болуп келсе, кийинки баласы аскерге барбаса болот. Теңтуштарым мекенди коргогону кетип жатышса, мен кантип калмакмын? Мен да жөнөдүм, согушка бараткансып апам буркурап ыйлайт. Анан Орусияда кыш чыгарда 50 градус суук эле, катуу ооруп калдым. Тамагым ооруп, оозду жапсам муунуп калчудай, шилекей да жута албайм. Күзүндө апам жиберген койдун майы бар эле, ошол эске түштү. Аны «кемпир неме да, майды эмне кылмак элем?» деп бир-эки жолу ыргытайын деп, колум барбай катып койгом. Апамдын бизди жаш кезде дарылаган бир ыкмасы эске түшүп, сүткө майды кошуп ичтим. Бат эле айыгып, куландан соо боло түштүм. Апам, балким, энелик жүрөгү сезип «суукта жүрсө, ооруп калчу болсо пайдасы тиет» деп салган окшойт го. Кийин аны эки жыл бою сактап, кыргыз балдар ооруп калса мен аларды дарылап жүрдүм.
Президенттик администрацияда иштеп жүргөн жылдары колума экзема сыяктуу бир кычыткы чыкты. Не деген гана дарыгерлерге көрүнбөдүм. Эч кайсы мазь, дары таасир эткен жок. Бир күнү апам келди, колунда дары чөп. «Сени кыйналып жатат деп угуп, муну жайлоодон алдырдым. Бул күчтүү дары, бир жолу сууга чылап төгүп, экинчисине колуңду жуу. Ушул менен айыгат» деди. Чын эле үч кайталап жуугандан кийин түп-тамыры менен жоголуп кетти. Ошондо билдим, дарыгер билим менен дарыласа, эне жүрөгү менен дарылайт экен. Эне алыста болсо да, жүрөгү менен сезет турбайбы.

«ҮЙЛӨНӨМ ДЕГЕНИМДЕ АБДАН КУБАНДЫ»
– Аскерден келгенден эки жылдан кийин үйлөнөм десем абдан кубанды. Көз тийбесин, үй-бүлөлүк маселелерди мага билдирбей келинчегим экөө эле чечип коёт. Жубайым да кайненесинин тилин тапкан, анын көңүлүндөгү адам болду. Улуу кызым чоң энесине абдан окшош. Апамдын студент кезиндеги сүрөтүн койсоң экөөнүн эч айырмасы жок. Кызыгы, апам балдар, кыздарынын, неберелеринин туулган күндөрүн жатка билет. Туулган күн өткөрүүнү, майрамдардын баарын азыр апам уюштурат. Эч бирибиздикин унутпаганына таң калам.

«Апам менен келинчегимдин ынтымагына суктанам».

Гүлмайрам Сабырбекова
Адилет Бектуров
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Эң алгачкы ырымды апама арнагам" дейт Каныбек Иманалиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
jantonik
2014-04-07 10:23:43
Маанилуу, жакшы суйлоптур. Билимдуу саясатчы!!!
0
womanstar
2014-04-07 11:12:00
Жакшы маек болуптур.Биринчи аялыныз жонундо жылуу создорду угуп кубандым.Бирок эмнеге экинчи аялыныз жонундо эч нерсе айткан жоксуз.Филармонияда иштейт Таластык Каныкей Раймалиева жашы 37де бир баласы бар мурунку куйоосунон деп деле кошуп койсонуз болмок экен.Каап таарынып кала турган болду.
-2
abaychik
2014-04-07 14:58:55
womanstar, бироону чукулаганды жакшы корот окшойсун ээ)))
0
myshka406
2014-04-07 13:14:41
маеги аябай жакшы болуптур, аттин жасаган жумуштары, суйлогон создоруно дал келбейт......
+1
altunbek78
2014-04-09 13:05:29
жакшы маек экен, энелер баардыгы ушундай болсо кана. Супер инфодогу иштегендер жанагы даары чоптун атын кайсыл жерде оскондугун сурап берсениздер жакшы болот эле, экземага медицина алы жетпей жатат.
0
jantonik
2014-04-14 13:12:02
Супсулуу Шаткул аттуу жубайы бар, Каныкейди эмне кылмак эле... Балдары дагы тарбиалуу.
0
№ 596, 04-апрель-10-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан