«18 жаш», «Чагылган» аттуу ырларды укканда жаш, сулуу кыздын үкү топу, кыргыз көйнөк кийип алып ырдап жаткан элеси көз алдыңа тартылат. Так ошол 70-жылдары миңдеген жигиттердин жүрөгүнө чок салган каарманыбыз Зейнеп Шаакеева бүгүн бизге арзуусу тууралуу баяндамакчы.
«18 ЖАШТЫН БАРКЫН БИЛБЕПТИРМИН»
– «18 жашты» ырдап чыккан кезимде ал курактын баркын да билбептирмин, анткени өзүм 18ге толо элек кыз элем. Жигиттер менен сүйлөшкөнгө деле убакыт болгон жок. Кээде жаштык жылдарым өтүп кеткенине өкүнүп кетем. Бирок 18 жашымды неберелеримден көрөм. Жолдошум Белек мени 19 жашымда ала качып кетти. Экөөбүз айылдаш болгондуктан, сыртымдан жактырып жүргөн экен. Борбор калаадан Ысык-Ата районунун Сын-Таш колхозунун жаштары майрамдарда жолугушуп калчу элек. Айылдаш катары ал-жай сурашып, кат жазышып турчубуз. Анын андай арам ою бар экенин кайдан билиптирмин (күлүп). 1968-жылы 3-февраль болчу, Марат деген айылдашыбыздын туулган күнү экен, кыздар аны «куттуктап коёлу» дешип ресторанга чакырып калышты. Концерт бүткөн соң чакырган ресторанына бардым. Жатаканада жашачубуз, кетерде жигиттер «жеткирип коёбуз» дешип Волгага салып ала качып кетишкен.
Ал кезде жаш элем, күйөөгө тием деп такыр ойлобоптурмун. Апам «отурбай кетип калсаң атаң Шаакенин шагын сындырасың. Анын үстүнө ырчы болгон соң «артисттер тигиндей-мындай экен, анан кетирип салдык» деп сөз чыгарышат. Унчукпай отуруп кал!» деп Жолдош аттуу аталаш инимден кат жазып жибериптир. Бир колхоз болгон соң баары бири-бирин билет, сыйлашат да. Ошентип отуруп калдым. Эжемдин күйөөсү 10 жашка улуу болчу. Эмнегедир аны көрүп «өзүмдөн бир топ жаш улуу адамга турмушка чыгат болушум керек» деп ойлой берчүмүн. Белек менден 3 жаш эле улуу, бой десең бой, өң десең өң бар, акылдуу, билимдүү жигит эле да. Ошондуктан аны мурда эле жакшы көрчүмүн.
«ЖОЛДОШУМ РОМАНТИК ЭМЕС ЭЛЕ»
– Биздин сүйүүбүз үй-бүлөлүү болгондон кийин тутанды. Эки жылдан соң кыздуу болдук. Ошентип ынтымактуу 38 жыл түтүн булатып, 2 уул, 3 кызды тарбияладык. Жаш кезимде мага көп жигиттер ашык болуп, кат жазышчу. Филармонияга жумушка келсем, почтага каттар толуп калчу. Анын кээ бирин окуйм, кээ бири окулбай калат. Белек күйөрман жигиттерден кызганган жок. Балким, кызганса да билдирчү эмес беле, ким билет... Анан такыр романтик эмес эле. Бир дагы концертиме гүл көтөрүп келип же «сени сүйөм» деп айткан эмес. Кээде балдарына тамашалап «апаңар мага өзү ээрчип жүрүп тийген» деп калчу.
Кээде экөөбүздү музыка табыштырганбы деп ойлоп кетем. Себеби ал да жакшы ырдачу. Мени менен чогуу иштегендердин бардыгы менен сый мамиледе болду. Ал кезде гастролго айлап кетчүбүз да. Кээде балдарды жакындарыбызга таштап, кээде жаныбызга чогуу алып алабыз. Бир жолу гастролдон келсем, улуу кызым менен баламдын башы биттеп кетиптир. «Энеси артист, мына, балдары биттеп кетиптир» деген сөзгө калбайын деп балконго алып чыгып алып алардын чачтарын тазалаганым эч эсимден кетпейт. Балдар мени менен кеткенде жолдошум артыбыздан балдарын сагынып барып калчу.
Кесиби айдоочу эле, чоңдорду ташып иштеди. Бирок, эстеп көрсөм, мени такыр жумуштан алып кетчү эмес экен. Филармониянын машинасы үйүбүзгө чейин жеткирип койчу да. Бир жолу «Ош базары» тараптан жолдошумду бирөөлөр сабап, тоноп кетишиптир. Ошондо жамбашы сынып, операция жасалды. Жакшынакай эле жүргөн, адам таяк таянып калса жаман да, ошого өзүн таштап койду. Төшөктө 8 ай жатып, анан жаман оорудан (ред. рак) 2006-жылы 60ка чыгып, туулган күнүнүн эртеси бизди таштап кете берди. Жолдошум каза болгондон кийин деле ага болгон арзуум өчкөн жок. Анын кай бир окшош жактарын, кулк-мүнөзүн уул-кыздарымдан, неберелеримден көрүп, ага болгон сагынычым тарай түшөт. Жашоомдо бир гана жолдошума арзуумду арнадым.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg