Футбол боюнча эң беделдүү делинген Европанын Чемпиондор Лигасында чейрек финалдын биринчи оюндары өтүп, футбол сүйүүчүлөрүнө кызыктуу таймаштарды тартуулашты.
1/4 финал. 1-оюндар. 1- апрель.
«Барселона» (Испания) – «Атлетико Мадрид» (Испания) – 1:1
«Манчестер Юнайтед» (Англия) – «Бавария» (Германия) – 1:1
2-апрель.
«Пари-Сен-Жермен» (Франция) – «Челси» (Англия) – 3:1
«Реал Мадрид» (Испания) – «Боруссия Д» (Германия) – 3:0
ТОП-ЛИГА. «АБДЫШ-АТА» КӨЧ БАШЫНДА
Футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу – ТОП-Лиганын 3-турунун жыйынтыгында канттык «Абдыш-Ата» клубу алдыңкы сапка чыкты. Кант шаарында «Абдыш-Ата» Кочкор-Атанын «Нефтичи» командасына 3 жоопсуз гол киргизип, жеңишти камсыздады. Бул жеңиши менен канттык клуб тизменин алдыңкы сабына чыкты. 2-орунда Бишкектин «Алга», ал эми 3-орунда куршабдык «Алдиер» командасы келе жатат.
ТОП-Лига. 3-тур.
«Алга» (Бишкек) – «Алдиер» (Куршаб) – 6:0
«Абдыш-Ата» (Кант) – «Нефтичи» (Кочкор-Ата) – 3:0
«Манас» (Бишкек) – «Дордой» (Бишкек) – 0:5
«БУЛАТ» – ЧЕМПИОН!
Кичи футбол аталган футзал боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун Супер Лигасы жыйынтыкталып, анда «Булат» командасы чемпион аталды. Кыргызстандын кичи футбол боюнча чемпиондугу 3 Лигага бөлүнүп, эң мыкты делген 7 команда Супер Лиганы түзгөн. Мында «Булат», «Дордой», «Жетиген», «Dordoi Security», «Беловодск», «Ленин району» жана «РСК-Налоговик» командалары катышкан.
Алар бири-бири менен 4 айлампада оюн өткөрүшүп, жыйынтыгында «Булат» командасы биринчи орунга эч кимди чыгарган жок.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg