Ушул апта бардык сыра сүйүүчүлөр үчүн маанилүү болду. Себеби Чүй облусунун Шопоков шаарында «BEAR BEER» сыра заводунун ачылыш аземи өттү.
ЖАКЫНДА ЖАЙ. СЫРАҢЫЗДЫ ТАНДАДЫҢЫЗБЫ?
Күн сайын жакындап келе жаткан мээ кайнаткан жай мезгилинин алдында сыра жана суусундуктарды чыгаруу боюнча жаңы заводдун ишке кириши мезгилдин талабына ылайык экени талашсыз. Заводдун салтанаттуу ачылышына көрүнүктүү саясий ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, райондук администрациянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар келип катышышты. Чогулгандардын баарын жаңы ишкананын имараты таң калтырды. Себеби буга чейин бул жерде «КыргызТоргмаш» ишканасынын эскирген имараты турган эле. Заводду кайрадан куруп чыгуу үчүн жалпысынан 22 миллион евродон ашуун акча сарпталган.
Заводду ишке киргизүү аземин ачуу үчүн сөз Салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиевге, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Канат Исаевге, Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаевге жана «BEAR BEER» ишканасынын президенти Айтмамат Назаровго берилди. Алар өз сөздөрүндө аталган долбоордун Шопоков шаары менен катар өлкө үчүн да маанилүү экенин белгилешти. Анткени шаардын 150дөй тургуну аталган ишканадан жаңы жумуш орду менен камсыз болду.
«Бүгүн бир гана сыра сүйүүчүлөрдүн эмес, бардык кыргызстандыктардын майрамы. Бул ишканадан биз эми жаңы жана сапаттуу сырага гана ээ болбостон, заводдун төлөгөн салыгынан мамлекеттик казына 100 миллион сомдон ашуун каражатка толукталат»,- деди башкы казыначы И.Масалиев. Атайын келген коноктор кызыл лентаны кесип, келгендердин баарын завод ичине экскурсияга чакырышты. Бардык эл аралык талаптарга жооп берген ишкананын өндүрүш залы киргендерге жагымдуу толкундоолорду тартуулаганын байкадык. «Келечекте биздин продуктыларды бир гана жергиликтүү рынокто эмес, коңшу Казакстан, Өзбекстан, Орусия өлкөлөрүнө да алып чыгууну пландап жатабыз. Мындан улам имараттын курулушу, сапаты, европалык нормаларга ылайык келиши башынан эле катуу көзөмөлгө алынган»,- дейт «BEAR BEER» ишканасынын президенти А.Назаров. Соңунда конокторго товардын сапатын сөз аркылуу эле угуп билбестен иш менен текшерип көрүү сунушталды. «Баарына бирден кружка сергиткен сыра» девизи алдында фуршет уюштурулуп, чакан концерт тартууланды. Меймандар «Topoz» соода маркасын куттуктап келген эстрада жылдыздарынын ырларынын коштоосунда жаңы сырадан даам татып көрүштү.
Шопоков шаарынын тургуну Айбек Жумагулов өз ою менен бөлүшүп, «Topоz» сырасынын даамы жергиликтүү маркадагы сыралардын даамына караганда мыкты экенин айтты. «Эгер баасы кымбат болбосо, анда кубануу менен мындан ары ушул сыраны ичип жүрүүгө өтөм» деди шаар тургуну.
САПАТТУУ СЫРА ҮЧҮН ӨЗГӨЧӨ КӨЗӨМӨЛ
Өндүрүүнүн дээрлик бардык процесси германиялык «Аркор» ишканасы тарабынан берилген жогорку технологиялык заманбап жабдуулардын жардамы менен автоматташтырылган. Заводдун өндүрүү кубаттуулугу жылына болжолдуу түрдө
22 миллион литрге жетет. Анын 70 пайызын алкоголсуз суусундуктар – кычкылтек менен байытылган суу, минералдык суулар, лимонад жана муздак чайлар түзсө, 30 пайызын табигый, сапаттуу сыранын бир нече түрү толуктайт. Ал эми ишкананын аймагында жеке лаборатория иш алып барып, бардык даярдалган азыктар европалык сапаттын стандартына ылайык текшерилет. «Даярдалган өндүрүш текшерүүдөн өткөндөн кийин гана андан аркы иштеп чыгууга жөнөтүлөт» дейт лабораториянын кызматкери.
Ошондой эле товардын сапаты үчүн Германиядан келген технологдор да көз салышат. «Topoz» сырасы немистердин кайнатуу ыкмасынын негизинде пайда болгондуктан, алар анын өндүрүлүп чыгуусуна өзгөчө көңүл бурушат. Ал эми чет элдик тажрыйбалуу техниктер тарабынан биздин жумушчуларга кеп-кеңештер айтылып, тажрыйба бөлүшүү болуп турары да планга киргизилген.
Ширин Турдакунова