Бул аптанын назар борбору Равшан Жээнбеков жана Камчыбек Ташиевдин төрагалыгында өтүүчү оппозициялык митингдин тегерегинде болду. Башында шаардык администрациянын демилгеси менен Ак үйдүн жанында митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салынса, кийинчерээк оппозициянын митинги өтүүчү Горький сквериндеги таштарды студенттерге чогулттуруп, жыйнап кетишти. 10-апрель күнү митингдин катышуучулары шаардын ар бурчунан Горький скверине жетпей эле милиция кызматкерлери тарабынан кармалып жатышты.
МИТИНГ БАШАТЫ АЛАЙДА
Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков менен экс-депутат Камчыбек Ташиев баштаган улуттук оппозициялык кыймыл 10-апрелде митинг өткөрө тургандыгын жарыялаган болчу. Өткөн саныбызда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту борбордук аянтта 31-марттан тартып 1-майга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салганын жазган элек. Бирок Башкы прокуратура бул чечимди жокко чыгаруу үчүн шаардык сотко кайрылып, жыйынтыгында бул инстанция прокуратуранын арызын канааттандырды.
Ал ортодо оппозиция митинг алдындагы даярдык иштери боюнча маалымат берип, Бишкек шаарына Жалал-Абад облусунан тарапташтардын келери айтылган болчу. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Ош-Бишкек жолу кар көчкү түшүү коркунучунда турат. Андыктан көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери жасалат» деп түндүк менен түштүктү бириктирген жолду убактылуу жаап салды. Оппозиция муну бийликтин 10-апрелде өтүүчү митингге тымызын тоскоолдук жаратуу аракети, барчуларды бардырбай коюу амалы деп баалады.
9-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун үй камагына чыгарылышын талап кылган тарапташтары Алай райондук администрациясын басып алууга аракет жасашты. Ошондой эле топтолгон митингчилер автоунаага өрт коюшту. Кийинчерээк машинанын ээси А.Келдибековдун жакын туугандары экендиги маалымдалды.
Р.Жээнбековдун Кыргызстандагы АКШнын элчилигине өзүнө жана үй-бүлөсүнө виза берүүнү эртелетүү менен кайрылгандыгы тууралуу маалымат тарады.
К.Ташиев:«МЫЙЗАМДУУЛУКТУ САКТАЙЛЫ»
10-апрель күнү улуттук оппозициялык кыймылдын митинги М.Горький атындагы скверде белгиленген убакыттан бир саатка кечигип башталды.
Буга кыймылдын мүчөлөрү, анын башында ички иштер министринин мурунку орун басары, экс-депутат Кубанычбек Кадыров, экс-депутаттар Мукар Чолпонбаев, Максат Кунакунов менен Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевдин милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандыгы да себеп болду көрүнөт. Ички иштер министрлиги кармалгандар алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бошотуларын билдирди. Кийинчерээк Бишкек ШИИБинин башчысы Мелис Турганбаев 16 кишиден сырткары кармалган митингчилердин баары бошотулганын айтты.
Бул аралыкта интернет булактарына укук коргоо органдары тарабынан кармалган митингдин катышуучулары аларга 1,5 миң сом төлөнгөнүн айтып берген видео чыгып кетти.
Митингге келген К.Ташиев чогулгандарды коомдук тартипти бузбай, мыйзамдуулукту сактоого чакырды. «Саясий куугунтук күчөп жатат. Азыр эки жолубуз бар. Унчукпай бийликтин кылганына көз жумуп жашоо же өлкөдө адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту орнотуу үчүн чогуу күрөшүү»,- деди К.Ташиев. Кыймылдын тең төрагасы Равшан Жээнбеков митингге көп элдин келүүсүн күткөнүн айтты. «Биздин башкы талабыбыз – «Манас» аэропорту сатылбасын»,- деди Р.Жээнбеков. Ал эми кыймылдын лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров митингдин башкы талабы – «Кумтөр» боюнча макулдашууну денонсациялоо экенин айтты.
Бийликке нааразычылык билдирүүгө жогорудагылардан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, коомдук ишмер Нурлан Мотуев жана башкалар келишти. Кыймылга кошулду деген экс-мэр Мелис Мырзакматов митингден көрүнгөн жок.
Митинг бир гана Бишкек шаарында эмес, Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларында да өттү. Оштун борбордук аянтына чогулгандар Мелис Мырзакматовду мэрлик кызматка кайтарууну жана Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгарууну талап кылышты.
Равшан Жээнбеков саат 15:00дөн өтүп митингдин белгиленген убакыттан эки саат эрте аяктаганын жарыялады. Жыйынтыгында бийликке бир канча талаптар коюлуп, анын башында президентти отставкага кетирүү менен парламентти таратуу айтылды. Оппозициянын бийлик менен боло турган сүйлөшүүсү боюнча: «Ак үйгө барсак эч ким жок экен. Депутаттар да тарап кетишиптир»,- деди Р.Жээнбеков. Депутаттын айтымында, митингди уюштурууга жана катышуучулардын тамак-ашына 500 миң сом жумшалды.
Эльвира Караева
politika@super.kg