10-апрель күнү президент Алмазбек Атамбаев «Газпром» ААКсынын башкаруусунун төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды. Жолугушууда газ тармагындагы кызматташуу боюнча конкреттүү пландар талкууланды. «Кыргызстанда 700 чакырымга чукул магистралдык куурлар тартылып, 2300 чакырымдын тегерегинде бөлүштүрүүчү тармактар ишке киргизилет. Өлкөдөгү жаратылыш газынын геологиялык чалгындоосу боюнча да пландар каралууда»,- деди А.Миллер. Ошондой эле ал «Газпром» жакынкы 5 жылдын ичинде «Кыргызгаз» ААКсынын 40 миллион долларга чукул карызын төлөөрүн да айтты.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев сатып алууга боло турган баада керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз газ менен камсыздоо керектигине өзгөчө көңүл бурду. Андан ары «Кыргызгаз» ишканасынын 100 пайыздык акциясын «Газпромго» сатуу тууралуу келишимге кол коюлду. Эске салсак, «Кыргызгаз» Орусияга символикалык түрдө 1 долларга сатылган.
Эльвира Караева
politika@super.kg