Миграция боюнча глобалдык программага Кыргызстандын кирүүсүнүн алкагында өткөн маалымат жыйында мигранттар жөнөткөн акча каражатынын өсүүсү боюнча Кыргызстан дүйнөдө экинчи орунга чыккандыгы айтылды. Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, ички дүң продукциясынын түзүмүндө мигранттар которгон акча каражатынын көлөмү боюнча Кыргызстан Тажикстандан бир кадамга гана артта турат. Бүгүнкү күнгө карата эмгек мигранттар жөнөткөн акча жылына 2 миллиард доллардан ашып, бул көрсөткүч чет жердик инвестициядан жана өнүктүрүү боюнча келип түшкөн кредиттерден да ашып түшөт.
Эльвира Караева
politika@super.kg